Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 4
Масы айылынын үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу тарифи жөнүндө
Масы айылынын үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча 2017-жылы бекитилген тарифи эскилиги жеткендигине байланыштуу жана кайра каралбаган ошондуктан азыркы учурда күйүүчү, майлоочу, жана отун энергетика жана башка майлардын наркы көтөрүлүп кеткендлигин эске алып.
Үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруудагы тариф өздүк наркы туура келүүдөгү айылдын санитардык абалын жана ушул тармакта кызмат кылуулар ишмердүүлүгүндө «Масы –Тазалык» муниципалдык ишканасынын туруктуу финансылык абалын жакшыртуу максатында маалыматы угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январынан Масы айылынын тургундарына төмөндөгү тарифи бекитилсин.
- Үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бир айга бир адамдан 58 сом 00 тыйын.
- Үй тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн бир айга бир адамдан 5 сом 00 тыйын.
2. 2019-жылдын 1-январынан Масы айылынын жеңилдиги бар тургундарына төмөндөгү тарифи бекитилсин.
Пенсионерлерге
- Үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бир айга бир адамдан __ сом ___ тыйын.
- Үй тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн бир айга бир адамдан ___ сом ___ тыйын.
2.2. УАМСтын ветерандары, оорукта кызмат кылгандар ооган согушунун катышуучулары, ЧАЭС жана 1-тайпадагы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге
- Үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бир айга бир адамдан ____ сом ___ тыйын.
- Үй тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн бир айга бир адамдан ___ сом ___ тыйын.
3. 2019-жылдын 1-январынан үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу Масы айылынындагы чарба субьектери үчүн №1-тиркеменин негизинде тарифи бекитилсин. (1 баракта тиркеме тиркелет)
4. Масы айылынын тургундарынан жана чарба субъектеринен үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштырууга топтоо жана акча каражатын «Бирдиктүү терезе» принцибинде жана накталайсыз эсептешүү механизмин 2019-жылдын 01-январына чейин иштеп чыгуу Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын 2017-жылдын 04-майындагы кезектеги V сессиясынын №2 токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго жана Масы айылдык кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |
Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын
2018-жылдын 20-ноябрындагы кезектеги
XIX сессиясынын № 4 – токомунун №1- тиркемеси
Масы айылынын үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча чарба субъектеринин менчигинин түрүнө карабастан сатуудан алынуучу салыгысыз кызмат көрсөтүүлөр тарифи.
Аталышы | Кызматтын түрүү | Өлчөм бирдиги | Суммасы |
Чарба субъектери | Үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу | 1 м3 | 366 |
Үй тиричилик калдыктарын жайгаштыруу | 1 м3 | 34 |
Төрага | А. Нарматов |