Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 42
Дара аймагындагы ата-энесинен айрылган (тоголок жана жарым жетим) балдарга жер аянтын алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүү жөнүндө
Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2019-жылдын 9-августундагы №01-16/622 сандуу каты жана Дара аймагындагы ата-энесинен айрылган (тоголок жана жарым жетим) балдарды жер аянтын алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүү боюнча даярдалган маалыматы угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара аймагындагы ата-энесинен айрылган (тоголок жана жарым жетим) балдар жер аянтын алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Дара аймагындагы ата-энесинен айрылган (тоголок жана жарым жетим) балдар жер аянтын алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүү жагы Дара айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2019-жылдын “16” 08 №42 токтомуна тиркеме
Дара аймагындагы кезексиз жер аянтын алуучулардын
Тизмеси
№ | Ф.А.А | Туулган жылы | Ата-энесинин каза болгон жылы | Кимдин карамагында | Дареги |
1 | Расулжан уулу Белекали | 2000-ж | Атасы -2004-ж | Ташбаев А | Чек айылы |
2 | Нурлан уулу Нурмира | 1998-ж | Ата-энеси 2011-ж | Байзаков С | Чек айылы |
3 | Авсатар кызы Сүйүмкан | 2000-ж | Ата-энеси 2016-ж | Исираев Б | Чек айылы |
4 | Абдикалил уулу Орозали | 2000-ж | Ата-энеси 2016-ж | Амирова М | Жаңы-Жер айылы |
5 | Машраб кызы Нуриза | 1998-ж | Ата-энеси 2009-ж | Эргешов С | Жаңы-Жер айылы |
Жер адиси: С.Дыйкаов