Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 50
Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген наамы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атуулдардын Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон жеке салымдарын, калк арасындагы биримдикти, ынтымактуулукту чындоодо, айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда, мамлекеттик, коомдук жана чарбалык кызматтардагы, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дене-тарбия жана спорт тармактарындагы кайрымдуулук иштериндеги өзгөчө сиңирген эмгектерин баалоо максатында, Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген наам ыйгаруу киргизилсин жана айыл аймагындагы жогорку наам экендиги белгиленсин.
2. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобо бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Эл депуттарынын айылдык кенештеринин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл башчыларына бекитилген жобону жашоочуларга тааныштыруу жана Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулуна” татыктуу адамдарды жобонун негизинде сунуш кылуу тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |
БЕКИТЕМ
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин
төрагасы ____________________М.Султанов
Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” жогорку наамын ыйгаруу
ЖОБОСУ
1.Жалпы жоболор
1. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жобосу Айыл аймагынын өсүп өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон адамдардын өзгөчө эмгегин баалоо максатында Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамынын ыйгаруу тартибин аныктайт.
2. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы айыл аймагынын тургундарын сыйлоонун жогорку формасы жана алардын айыл аймагынын экономикасын демократиялык коомдун , элдердин биримдигин коргоого жана чындоого интелектуалдык жана рухий потенциалын арттырууга кошкон зор салымын, ошондой эле айыл аймагындагы, элге коомдук, гуманитардык кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
3. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон, мамлекеттик, коомдук жана чарбалык иштерде, илим, билим берүү , маданият ,саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарында өзгөчө сиңирген эмгеги, эл арасында ынтымактуулукту чындоого активдүү катышкандыгы учун айыл аймагында 25-жыл жашаган, колхоз убагында мамлекеттик сыйлыктары бар, айылдык райондук кеңештерге депутат болгон айыл тургундарына, персоналдык пенсионерлерге ыйгарылат. Ошондой эле бул наамга айыл аймагында жасаган өзгөчө эмгеги үчүн чет өлкөлөрдүн жарандары, айыл аймагында жашабаган Кыргыз Республикасынын атуулдары татыктуу боло алышат.
4. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы айылдык жыйындардын, коомдук уюмдардын, ишканалардын, мекеме-уюмдардын жалпы чогулуштарында каралып, комиссияга берилет. Өзгөчө сиңирген эмгек учун Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген наамы депутаттардын үчтөн биринин же сунушу менен комиссияда каралат.
Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлгөн протоколдорго төмөндөгүлөр кошо тиркелүүгө тийиш.
-өмүр баяны;
-Справка-көрсөткүч: (обьективка);
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан берилген протоколго ылайык атайын комиссиянын чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн токтому менен ыйгарылат.
6. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын айыл өкмөтүнүн башчысы , Эл депутаттарынын айылдык кенешинин төрагасы тапшырат.
7. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы салтанаттуу кырдаалда наам ыйгарылган адамдын өзүнө тапшырылат. Наам менен бирге сыйланган адамга Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүк, төш белги берилет, атуулдун ысымы айыл аймагынын “Ардак китебине” жазылат.
8. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир гана жолу ыйгарылат жана кайталап берүү жүргүзүлбөйт.
9. Аттулдардын юбилейлерине байланыштуу аларга “Ардактуу атуул” наамы берилбейт.
10. Айыл аймагында бир жылда 7 атуулга гана “Ардактуу атуул” наамы берилет.
11. “Ардактуу атуул” наамынын ээси айыл аймагында төмөндөгүлөргө укуктуу:
айыл аймагынын тургундарынын жашоо денгеелин жогорулатуу боюнча айылдык кенешке жана айыл өкмөтүнө сунуш менен кайрылууга:
-айыл аймагындагы ишканалардын, мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын кабыл алуусунда эч тоскоолдуксуз кабыл алынууга жана тиешелүү маселелер боюнча алардан жооп алууга.
12. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына негизсиз көрсөтүүгө жол берген адамдар Кыргыз Республкасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
13. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзам актыларын бузган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандардан Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алып салуу боюнча атайын түзүлгөн комиссия айылдык Кенештин сессиясында бекитип берүү боюнча сунуш берет.
14. Дара айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын күбөлөндүргөн Күбөлүктү мыйзамсыз жасап алуу, сатуу, алмашуу колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
Жооптуу катчы: А.Мисиралиев