Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 4
Кызыл-Токой айылынын көчөлөрүнө наам ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Токой айылынын айыл аксакалдарынын жана жалпы тургундарынын Кызыл-Токой айылынын аты жок көчөлөрүнө наам ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Географиялык аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кызыл-Токой айылындагы аты жок көчөлөргө наам ыйгаруу үчүн Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек –Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын аты жок көчөлөрүнө
төмөнкү наамдар ыйгарылсын жана
Агартуу көчөсү
Ак-Бата көчөсү
Ынтымак көчөсү
Кут-Билим көчөсү
Алтын-Казык көчөсү
Жаны-Кыштак көчөсү
Ыйман Нуру көчөсү
Ак-Булак көчөсү
Аалам көчөсү
Жетиген көчөсү
Беш-Булак көчөсү
Туйгун-Терек көчөсү
Булак-Башы көчөсү
Биримдик көчөсү
Жаштык көчөсүдеп аталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.Турдалиевге жана жооптуу катчысы Б.Анарбаевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, этика боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |