КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ №607 Жарлыгынын редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 10-августундагы ПЖ № 309 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу структурасын анадан өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Ички иштер органдарында башкаруу ишинин натыйжалуулугун жогорулатуумаксатында токтом кылам: 1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергилик-түү өзалдынча башкаруу органдарынын башкаруу стурктурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына менен бекитилген "Кыргыз Республика-сынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияла-рынын жана шаарлардарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги" деген № 3 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пунктун үчүнчү абзацында: "төртө деген сөз өүчө деген сөз менен алмаштырылсын; "жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкармасынын начальниги - министрдин орунбасары" деген сөздөр алып салынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайыккелтирсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев