Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-майы №62
Шаар аймагындагы той-мааракелерде ашыкча ысырапгерчиликке жол бербөө максатында иштелип чыккан Жобону бекитүү жөнүндө
Айдаркен шаардык мэриясынын 2019-жылдын 2019-жыл 24.04. №46-кайрылуу каты менен таанышып, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен протоколдун негизинде шаардык Кенештин III чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТО К Т О М К Ы Л А Т:
1. Шаар аймагындагы той-мааракелерде ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө максатында иштелип чыккан Жобо бекитилсин жана шаар ичиндеги көчө комитеттерин маалымат менен камсыз кылып аткарууга алынсын. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышы шаардык мэриянын вице-мэри А.Т.Саитовко милдеттендирилсин.
3. Токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү учун Баткен областтык Юстиция башкармалыгынан суралсын жана расмий сайтка жарыяга берилсин.
Шаардык кеӊешинин төрагасы |
Р.Х.Хамбаров
|
Айдаркен шаардык кенешинин
2019-ж. «03» _05___ № 62
токтому менен бекитилген
жобонун тиркемеси
Жобо
Сүннөт той өткөрүү
Сүннөт той өткөрүүдө белектер, кийим кече сүннөт тою болуп жаткан балага, ата энелерине бир катар кийим берилсин. Бир туугандарына сарпай берүү, себет тартуу, коно берүү, бир туугандар эмеректерди алып келүүсүн токтотуу.
Бир гана кудааларга, (той ээсинин классташтарына) коно берүүсү, кононун саны 5 (беш)тен ашырбоо.
Тойлордо аялдар арасында дасторкон көтөрүүнү токтотуу.
Той өткөргөн үй ээлерине калпак кийгизүү, жоолук салмай үрп адаттар токтотулуп,көңүлдөн чыгарган акчасын берүү.
Кудааларга себет тартуу 4төн ашырбоо.
Адияларга союлган согум эти, 6 нанга чейин чачаласы менен тартуу.
Журттарды чакыруу ыктыяр өзүндө. Даста деп аталган нан тартуу токтотулсун (коно берилбейт).
Сүннөт той өткөрүлгөн баланын классташтарына конок берүүнү токтотуу.
Тойду ичимдиксиз өткөрүү.
1.10. Той ээси досторун, бирге иштегендерин коно бербей, өзү сыйласын.
1.11. Тойлордо аш, шорпо тартууда гигиеналык эрежелерди сактоо.(Артып калган ашты казанга кайра салбоо, ашты керектүү өлчөмдө гана салып берүү, аш, шорпо берүүдө идиштерди жууп туру).
1.12. Аксакалдарды тойдон бир күн мурда катмыда нан эти берилип (70-жаштан жогору аксакалдарга гана), эртеси той күнү аксакалдарга нан эт тартуу токтотулсун.
2. Үйлөнүү той, кыз берүү.
2.1 Үйлөнүү тойдо ЗАГС ка чыгуучу машинаны саны 1 жеңил машина,2 спринтер менен 1 кызматтык унаа (видео-сүрөчүлөргө) чыгуусу (спирт ичимдиксиз өткөрүү).
2.2 Кызга калың берүү, эки куданын макулдашуусу менен.(800 00ден ашырбоо)
2.3 Кыз тарапка 100 кг пахта берүү
2.4. 800 же 1000 даана нан берүү.
2.5 Мал жандык берүү 4төн ашырбоо.
2.6 Куда тарапка берилүүчү кант 6 коробкадан ашырбоо.
2.7 Күйөө балдар кыз тарапка барганда күйөө баланы түшүрүп алууну токтотуу.
2.8 Үйлөнүү тойдо коно берилбөө.
2.9 Кудаларга себет тартуу 4төн ашырбоо.
2.10 Кыздын ата-энесине үй тиричилигине керектүү гана буюмдарды, керектеле турган жууркан-төшөктөрдү кылуу.
2.11 Үйлөнүү кечесине кыз тараптан эркектерден, атасы жана жакын бир туугандары гана баруусу.
2.12 Кыздын көчүрүп келгенде кызды түшүрүүгө акча бермей, жүккө акча алуу, бут кийим жашыруу ж.б. көрүнүштөрдү жокко чыгаруу.
2.13 Куда тарап бири-бирин сыйлоодо адам саны 20дан ашпасын.
2.14 Той күнү 70-жаштан жогору аксакалдарга нан берилиши сунушталат.
3. Күйөө чакырык, кыз көрүү.
3.1 Баруучулардын санын 10 дон ашырбоо.
3.2 Тамактын түрүн 3 төн ашырбоо.
4. Бешик той
4.1 Бешик берүүдө жаңы төрөлгөн балага ата-энелери гана барышсын, туугандары менен барып бешик той деп өткөрүү токтотулсун. Барган адамдардын саны 7ден ашпасын (Элдин сунушу менен бешик той деген болбосун)
5. Ажы той
5.1 Ажы менен учурашып, ажыга берүүчү чепкен, калпак, чарчы берүү жана нан тартуу, ажыдан келген тасви, жайнамаз ж.б. белектерди тартуу токтотулсун.
6. Аш берүү
6.1 Ашка келип даам татып кетүү, нан алуу токтотулсун.
6.2 Ашта коно бермейди жок кылуу.
7. Ар түрдүү салттар
7.1 Студенттерге шерине, окуучулардын туулган күн, сүмөлөк ж.б. отуруштарды өткөрүүгө тыюу салу.
8. Суук маареке боюнча
8.1. Ар бир диндин өзүнүн үрп ататдарына, салттарына тийиштүү тартипте жана дин кызматкерлери менен (мечиттин имамы, чиркөөнүн кызматчылары, ж.б.) макулдашып өткөрүүсүн сунушталат.
9. Айттик өткөрүү.
9.1. Айтта мал союп бармай токтотулсун, малдын ордуна акчалай алып баруусу сунушталсын.
10. Ооз ачарда.
10.1. Нан бермей токтотулсун.
11. Жобону ишке ашыруу
11.1 Жобону аткаруу боюнча шаар мэриясы жана маалаларда комиссия түзүлсүн.
11.2 Комиссиянын аткарган иштери боюнча жылына 2 жолудан кем эмес жыйын өткөрүлүп турсун. Жободо тыюу салынган мааракерлердин, майрамдардын ж.б. бузуулардын каттоо журналы мэрия тарабынан жүргүзүлсүн.
Жобонун максаты: Айдаркен шаарында той-мааракелериндеги жана суук мааракелериндеги ашыкча ысрапкорчулукту азайтуу болуп саналат.