Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-августу №1
Исфана шаарынын мэринин 2019-жылдын 6 айында аткарылган иштери жөнүндө отчёту
Исфана шаарынын мэри А.Н. Хамраевдин 2019-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчетун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнө жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 17-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык КеңешининV чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын мэринин 2019-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2019-жылдын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Н. Хамраевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин фракция лидерлерине жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXV
сессиясынын 2019-жылдын 9-августундагы
№1 токтомуна тиркеме
Исфана шаарынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында
социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча
ОТЧЕТ
2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынын “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деп жарыяланган. Президенттин Жарлыгын турмушка ашыруу багытында Исфана шаар мэриясы жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
Жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №3-токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2019-жылга карата өнүгүү программасына киргизилген иш-чаралар боюнча төмөнкү жумуштар аткарылган:
Кыргыз Республикасынын 20 “өсүү түйүндөрү” шаарлардын өнүгүүсү жана Исфана шаар мэриясынын 2019-жылга карата бекитилген
социалдык -экономикалык өнүгүү программасы боюнча:
Өнүгүү программасында 8 бөлүмдөн турган 39 иш-чара камтылып, 6 айдын жыйынтыгы менен 21 иш-чаранын аткарылуусун үстүндө иш жүргүзүлүп 50,2 млн сомдук жумуш аткарылды, же 55,3% бүткөрүлдү. Жыл башында бекитилген өнүгүү программасына жана айылдардын иш-чараларынан кирбей калган долбоорлор жана тартылган инвестициялардын эсебинен бир топторун аткарууга жетишилди.
Ошондой эле 15 объекттин курулушу жүргүзүлүп жалпы суммасы 111,1 млн. сомдук инвестиция тартылган. Анын ичинен инвесторлор тарабынан 58,9 млн сомдук, жеке ишкерлер тарабынан 51,2 млн сомдук жумуштар аткарылган.
20 “өсүү түйүндөрү” шаарлардын өнүгүүсү боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча Исфана шаарында 16 өндүрүштүк, жалпы суммасы 228,6 млн сомдук долбоорлор иштелип чыгып, мамлекеттик колдоого алууга конкурстук комиссияга каржылоого сунушталган. Долбоорлор негизинен өнөр-жай продукцияларын чыгаруу ишканалары, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү, логистикалык борборлорду түзүүгө багытталган.
Өндүрүштүк ишканаларды курууга Исфана шаар мэриясы тарабынан 35,4 га жерди трансформациялоого тийиштүү документтер даярдалып жатат.
“Санариптештирүү” боюнча Исфана шаар мэриясынын веб-сайтын иштетүү эң алгылыктуу жумуш болуп эсептелет. Ошондуктан сайт үчүн isfanacity.kg домени жана хостинг кызматтары сатып алынды. Бүгүнкү күндө веб-сайт иштелүү алдын турат. Ошону менен бирге “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун “Толеранттуулук жана демократия элчилери” долбоорунун алкагында веб-сайт менен бирге “карта проблем” мобилдик программасы иштелет жана жакынкы аралыкта элдерге массалык түрдө колдонуу үчүн ишке берилет.
Мындан сырткары мэриянын имаратындагы интернет линиялары жаңыланып, Оптикалык байланыш линиялары орнотулду
Исфана шаарынын 2019-жылга карата түзүлгөн туруктуу өнүктүрүү программасына киргизилген ишчаралар боюнча төмөнкү иштер аткарылды:
1. Исфана шаарынын башкы планын түзүү жумуштары (Исфана шаары, Чимген, Тайлан айылдары) календардык планга ылайык жүргүзүлүп жатат. 2019-жылдын 6 айында 2 500 000 сомдук жумуштар аткарылып, жалпы жумуштардын 85% аткарылды. 2018-жылы 1 млн. 900 миң сомдук жумуштар аткарылган.
2. Асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүү максатында Авганистан республикасынан 100 баш “Ак Бет” пародасындагы койлор алынып келинди. Жалпы суммасы 1 300 000 сомду түзөт.
3. Кыргыз жайыт ассоциациясы тарабынан Жайыт комитетинин алдында Исфана-Элита үрөн чарбасы түзүлдү. Жалпы суммасы 889 500 сомду түзөт.
4. Жайыт коммититине АРИС тарабынан 1 даана трактор чөп таңгактоочу шайманы менен алынып келинди. Жалпы суммасы 2 232 500 сомду түзөт. АРИС тарабынан 1 265 500 сом, Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинен 967 000 сом жумшалды.
5. Исфана шаарына карштуу Голбо айылына 1000 метр, Тайлан айылына 350 метр, Ак-Булак айылына 150 метр, Бөзөгүл участкасына 1000 метр ички жолдорго шагал төшөө жумуштары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 700 000 сом жумшалып “Толман Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.
6. Строительная көчөсүнө тротуарларды куруу жана СССРдин 60 жылдыгы көчөсү менен бирге түнкү жарыктарды орнотуу жумуштарына жергиликтүү бюджеттен 200 000 сом акча каражаты которулуп берилген.
7. Голбо айылында “О” мобилдик оператору тарабынан сметалык баасы 1 000 000 сомдук мобилдик станция орнотулуп, ишке берилди.
8. Борбордук көчөлөрдү калыбына келтирүү (ямочный ремонт) жумуштары “Куба” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жалпы 320 м2 чуңкурлар жамалды. Жергиликтүү бюджеттен 338602 сом жумшалды.
9. Ишфана шаарынын Пулон көчөсүнө 250000 сомдук КТП Лейлек райондук электр тармактары ишканасы тарабынан орнотулуп берилди.
10. Көчөлөргө түнкү жарыктарды орнотуу боюнча 190000 сомдук жумуштар аткарылды. Жергиликтүү бюджеттен 40000 сом эл тарабынан 150000 сомдук жумуштар аткарылган.
11. Исфана шаарында ун чынаруучу кичи фабриканын имараты бүткөрүлүп керектүү жаблыктары орнотулду. Жалпы 4 000 000 сомдук жумуштар аткарылды.
12. Мурза-Патча айылында “Кызыл жарым ай” коому тарабынан жүн тытуучу цехтин курулуш иштери бүткөрүлдү. Жалпы сметалык баасы 790 000 сомду түзөт.
13. МерсиКо уюмунун азык-тулук долбоору боюнча мектеп жана балдар бакчаларынын ашканаларын ондоо жана жабдуулар менен камсыздоо жумуштарынын алкагында Ысык-Көл, Т.Жапаров жана Тайлан орто мектептеринин ашканаларын оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бюджеттен 870 500 сом сарпталды.
14. Билим берүү мекемелерин эмеректер менен камсыздоого 346 000 сом жана жаңы үлгүдөгү компютерлер менен камсыздоого 94000 сом жергиликтүү бюджеттен жумшалды.
15. Жасмин балдар бакчасына кошумча корпус куруу жумуштары жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда 500 000 сомдук жумуштар аткарылды.
16. №1 Гимназия интернатына чарбалык имараттарды куруу жана мектептин аймагын абаттоо жумуштары боюнча жергиликтүү бюджеттен каралган 1 656 047 сом акча каражаты которулуп берилди.
17. Исфана шаарында Исфана жаштар борборун түзүү боюнча жалпы суммасы 356 900 сомдук керектелүү жабдыктар ПРООН жана Жапон элчилиги тарабынан берилди.
18. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча сайларга тосмо куруу, механикалык тазалоо жана Чимген айылындагы сайга тосмо куруу боюнча “Базыс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Чимген айылындагы сайга 724 метр бетон дамба жана 130 метр таш дамба курулду. Республикалык бюджеттен 25 000 000 сом жумшалган. Ушул эле “Базыс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Самат айылындагы сайга дамба куруу жумуштары жүргүзүлүүдө, азыркы учурда 4 500 000 сомдук жумуштар аткарылды.
Өнүгүү планынын алкагында тартылган ички жана тышкы инвестициялар:
2019-жылдын 6 ай ичинде Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагына тартылган ички жана сырткы инвестициянын жалпы көлөмү 6856600 сомду түздү.
1. "Кутчу Даана" айыл чарба кооперативи тарабынан минералдык сууларды чыгаруучу ишкана ишке берилди. Жалпы суммасы 5 200 000 сомду түзөт.
2. Жеке ишкер С.Шарипов тарабынан Исфана шаарынын Кошмуратов көчөсүндө азык-түлүктөрүн сатуучу соода борбор курулду. Жалпы суммасы 4 000 000 сомду түзөт.
3. Жеке ишкер Одилхожаев У. тарабынан Исфана шаарында ун чыгаруучу ишкана курулду. Жалпы суммасы 4 000 000 сомду түзөт.
4. Жеке ишкер Х. Нажимидинова тарабынан "Лейлек Бренд" соода борбору ишке берилди. Жалпы суммасы 7 000 000 сомду түзөт.
5. Голбо айылна О мобилдик оператору тарбынан мобильдик станция курлуду. Жалпы суммасы 1 000 000 сомду түзөт.
6. ПРООН тарабынан Исфана шаарында жаштар борборун ачуу боюнча керектелүүчү жабдыктар алынып келинди. Жалпы суммасы 356 900 сомду түзөт.
7. 150 орундуу "Виннипух" бала бакчасы ишке берилди. Жалпы суммасы 15 000 000 сомду түзөт.
8. "Илим-Заман" ЖЧКсы тарабынан 100 орундуу “Балажын” бала бакчасы ишке берилди. Жалпы суммасы 12 000 000 сомду түзөт.
9. Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Мурза Патча айылнда жүн тытуучу цех кулулду. Жалпы суммасы 790 000 сомду түзөт.
10. Кыргыз Жайыт асоссациясы тарабынан үрөөн фонду түзүлдү. Жалпы суммасы 889 500 сомду түзөт.
11. Жайыт комитетине АРИС тарабынан трактор жана чөп таңгактоочу шайман алынды. Жалпы суммасы 2 232 500 сомду түзөт.
12. Исфана аэропортунун имаратын оңдоо жана асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүп, жалпы 31 000 000 сомдук жумуштар аткарылды.
13. Лейлек райондук аймактык ооруканасынын аймагында төрөт бөлүмүнө 700 м2 жаңы имарат курулуп ишке берилди. Жалпы баасы 21 000 000 сомду түзөт.
Социалдык тармак боюнча:
Исфана шаарынын 2019-жылга карата өнүгүү программасында 14 иш-чара же б.а. 37 % социалдык багыттагы иш-чаралар камтылган.
Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча 2019-жылга төмөнкү обьекттер каржыланат:
1. Кара-Таш айылына ФАП куруу – 6,969,690 сом, подрядчы “Араван Ремстрой” ЖЧК, курулуш иштери башталган
2. Т.Жапаров атындагы орто мектепти капиталдык оңдоо – 4,476,283 сом, подрядчы “Ал-Амал” ЖЧК, азырынча ремонт башталган жок.
3. Ю.Гагарин атындагы орто мектепти капиталдык оңдоо – 3,248,100 сомдук бүткөрүлбөй калган жумуш аткарылуусу зарыл.
4. К.Казыев атындагы орто мектебинин жаңы имаратын куруу – архитектуралык документтер жана ДСД даярдалып “Араб өнүктүрүү фондуна” жиберилген.
Эл аралык уюмдар менен иштөө жана инвестиция тартуу боюнча шаарга караштуу 3 мектеп Мерсико эл аралык уюмдарынын азык-түлүк долбооруна сунушталып, Мектеп ашканаларын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлор жактырылган.
Ысык-Көл орто мектебинин ашканасын ремонттоо жана азык-түлүк үчүн кампа курууга 380920 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү, “Мерсико” тарабынан 307381 сомдук ашкана жабдуулары берилет.
Тайлан орто мектебинин ашканасын ремонттоо жана мини скважина курууга 399975 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү, “Мерсико” тарабынан 198073 сомдук ашкана жабдуулары берилет.
Т.Жапаров атындагы орто мектебине долбоордун “Колдордуу жуу” компоненти боюнча кол жуугучтарды жана башка жабдууларды орнотуу жана суу менен камсыздоого 99552 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, бүткөрүлдү.
Жогорудагы 3 мектепке жаңы окуу жылына “Мерсико” тарабынан азык-түлүк берилет.
Билим берүү мекемелериндеги ремонт, курулуш жана материалдык базаны түптөө иштери боюнча:
Беш-Бала башталгыч мектебине жана А.Навои атындагы орто мектебине кошумча тротуар куруу жана Амир Темур атындагы орто мектептин автобекет жана көчө тарабына тосуу боюнча материалдарына тендер өткөрүлдү. Жалпы суммасы 64140 сом.
“Жасмин” балдар бакчасына кошумча корпус куруу боюнча 1100,301 сом бөлүнүп, курулуш иштери жүрүүдө. Имараттын ички, тышкы жасалга (отделка) иштери, секиче жана мебелдери ата-энелердин фондунун эсебинен бүткөрүлөт.
Тайлан орто мектебинин теннис ойноочу канасынын курулушуна жана полуна жалпы 21600 сомдук курулуш материалдары алынып берилди.
Тайлан орто мектебине 19485 сомго компьютер, Токтогул атындагы орто мектебине 27485 сомго компьютер жана принтер, “Алтын-таажы” балдар бакчасына 47155 сомго компьютер, принтер жана телевизор алынып берилди.
“Барчын” балдар бакчасына 126600 сомдук, “Наристе” балдар бакчасына 135500 сомдук жана №4 Гимназия интернатына 84000 сомдук эмеректер алынып берилди.
“Ынтымак” балдар бакчасына 62200 сомго жогорку кубаттуулуктагы 4 камфоркалуу плита, “Келечек” балдар бакчасына 45000 сомго 12 кг.дык кир жуучу машине алынып берилди.
Т.Жапаров атындагы орто мектебине 50 даана люмен лампалар 6500 сомго, Беш-Бала башталгыч мектебине 10850 сомго ашканага идиштер жана холодилниги оңдоттуруп берилди. Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектепке 19900 сомго видеобайкоо орнотууга тендер өткөрүлүп, орнотуу алдында турат.
Бардык мектептер жана балдар бакчаларынын электр жабдууларын электро техникалык лабораториядан өткөрүү үчүн 81913 сом бөлүнүп берилди.
Кышка карата даярдыктарды көрүү боюнча:
Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелерин, шаар мэриясынын калкын 2019-2020- жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча 2019-жылдын 4-апрелинде Исфана шаар мэриясынын №75 буйругу кабыл алынган. Ушул буйрук менен күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды уюштуруу боюнча шаар мэриясынын штабынын курамы жана иш-чаралары бекитилген. Жогоруда аталган буйруктун негизинде күз-кыш мезгилине даярдык боюнча керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнө билим берүү мекемелеринин директорлорунан заявкалар топтолуп, ар бир социалдык мекемелер боюнча көмүрдүн эсеби такталды. Билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо үчүн сатып алууларга конкурс өткөрүү боюнча шаар мэриясынын буйругун негизинде комиссия курамы түзүлгөн. Конкурс мамлекеттик сатып алуулар интернет-порталына жарыяланып, 2019-жылдын 3-июлунда конкурска жарыя берилген. Жалпы суммасы 4,946,134 сом. Анын ичинде балдар бакчаларына 1222,704 сомдук 160,92 тонна БК жана 50 тонна БР маркасындагы көмүр, ал эми мектептерге 3723,430 сомдук 141,5 тонна БК, 472,1 тонна БР жана 257,1 тонна БСШ маркасындагы көмүр сатып алынат.
Тайлан, Ак-Булак орто мектептеринде жылытуу системасын куруу, Беш-Бала мектебинде оңдоо жана №4 Гимназия мектебинин котёл мешин алмаштыруу боюнча кемчилик акттары жана сметалары даярдалууда.
Жол чыгымдарын төлөп берүү:
-Окуучулар арасындагы республикалык олимпиаданын катышуучусу Токтогул атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусуна 3000 сом, ал эми грем-рик күрөшү боюнча республикалык спартакиаданын катышуучусу Т.Жапаров атындагы орто мектебинин окуучусуна 3000 сом, илим-техника жана ойлоп табуу кароо-сынагына барган №4 Гимназия мектебинин 2 окуучусуна 6000 сом акча каражаты төлөнүп берилди.
-Облустук олимпиадага катышуучу Ю.Гагарин, К.Казыев, Токтогул атындагы жана №1 Гимназия, №4 Гимназия окуучуларына, жалпы 11 окуучуга 7700 сом акча төлөнүп берилди.
-Облустук спартакиадага катышкан Исфана шаарына караштуу Исфана, А.Навои, К.Казыев, Ысык-Көл, Ю.Гагарин, №4 Гимназия интернаты, Т.Жапаров атындагы орто мектептеринин окуучуларына жалпы 43 окуучуга 30750 сомдук жол акысы төлөнүп берилди.
-Т.Жапаров атындагы орто мектебинин окуучуларын “Жол коопсуздугунун жаш инспектору” аттуу облустук конкурска барып келүүсү үчүн 6000 сом төлөнүп берилди.
-Өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн эл аралык мелдешке катышкан Т.Жапаров атындагы орто мектеби жана Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектебинин 3 окуучуларына 6600 (алты миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
-Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн “Ден-Соолук” спартакиадасына шаар мэриясынын атынан барган командага 15000 сом акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Маданият тармагында өткөрүлгөн иш-чаралар төмөнкүлөр:
23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Эр жигит” кароо сынагы өткөрүлүп, 3000 сом каражат жумшалды.
8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер арасында шаар боюнча 1-жолу «Исфана периси – 2019» кароо-сынагы өткөрүлүп, 18000 сом акча каражаты жумшалды.
21-март Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара борбордук стадиондо кең көлөмдө өткөрүлдү. Шаар боюнча бардык 14 АӨӨБК катышып, кол өнөрчүлөрдүн жана тамак-аш көргөзмөсү мелдештери өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 60000 сом акча каражаты сарпталды. Орун алган командаларга шаар мэриясы тарабынан 32900 сом акчалай сыйлыктары берилди.
2018-жылдын 17-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Курбаналы Сабыровдун туулган күнүнө арналган “Лейлек поэзия күнүнө” карата өткөрүлүүчү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн Исфана шаарынын мэринин резервдик фондунун эсебинен 15000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
- Газета-журналдарга жазылуу колго алынып, шаар мэриясынын кызматкерлеринин жана мэрияга караштуу субъекттердин кызматкерлеринин газета-журналдарга жазылуусу уюштурулду. Исфана шаар мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан газеталарга жазылуунун жалпы суммасы 2019-жылдын 2-жарым жылдыгына карата 30168 сомду түздү.
Жаштар менен иштөө боюнча
Исфана жаштар борбору үчүн атайын жер тилкеси бөлүнүп берүү алдында турат. Ал жерге жакынкы аралыкта Жапон элчилигинин колдоосу менен ПРООНдун долбоорун алкагында жаштар борборунун имараты курулат. Азыркы күндө ПРООНдун колдоосу астында жаштар борборуна жалпы баасы 5091,56$ болгон компьютердик жабдуулар, 3в1 принтер, проектор, экран, камера алынып келинди. Ошону менен бирге ПРООНдун долбоорунун алкагында “Жаштарды өнүктүрүү институту” тарабынан жаштар борборунда иштөөчү 4 жаш лидерлер жана 2 муниципалдык кызматкерлер окуу курсунан өтүп, сертификатка ээ болушту. Жаштар борборун расмий юридикалык каттоодон өткөрүү үчүн шаардык кеңештин сессиясында каралып, жаштар борборунун жобосу бекитилди.
Социалдык жактан коргоо боюнча:
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы 235 үй бүлөөгө 6 айда 628155сом пособия төлөндү.
15-февраль Ооган согушунун ардагерлеринин 30 жылдыгына карата Исфана шаарынын аймагында жашаган 16 интернационалист-ардагер жоокерлерине 30020сом Лейлек райондук бөлүмүндөгү атайынэсептик счетуна которулуп берилди.
26-апрель ЧАЭСнын эскерүү күнүнө карата 10000сом которулуп берилди.
Улуу Ата Мекендик согуштун Женишинин 74жылдыгына карата согуштун ардегерлери 1(катышуучусуна)15000сом, 34 тылда эмгектенгендердин ар бирине 1500сомдон 51000 сом жалпы 69300 сом Кыргыз Почтасынын Лейлек райондук филиалына которулуп берилди.
Энелер күнүнө белек берүү үчүн 121000сом тендер аркылуу акча каражат которулуп берилди.
1-июнь балдарды коргоо күнүн өткөрүү үчүн 9 тоголок жетим балдарга 5000сомдон жалпы 45000сом акча ар бир баланын счетуна которулуп берилди. “Исфана – балалыктын шаары” аттуу майрамдык кече уюштуруу үчүн 63630сом каражат тендер аркылуу бөлүнүп жумшалды.
Жакыр уй бүлөлөргө материалдык жардам жалпы суммасы 265055сом, Онкология менен ооругандарга 110193 сом акча каражат жардам берилди.
Исфана шаар мэриясы тарабынан 2019-жылдын 6 ай ичинде 2721 статясынан 714,198 сом акча каражат жумшалды.
Айыл чарба тармагы боюнча:
2019-жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин атуулдарга ижарага берген жерлердин жарым жылдык ижара акысы 238 000 сомду түзөт, 2019- жылдын жарым жылдыгына,жалпысынан ижара акы 294 000 сом өндүрүлүп алынды.
-Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164 га, кайрак айдоо жер аянты- 917 га, чоп чабынды жер аянты – 232 га, бак-дарактар - 85 га, жалпысынан 297,0 га экономикалык жактан пайдасыздыгы боюнча, алыстыгы, таштактуулугу боюнча берилген жок.
-Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү ушул күнгө – 4270- га дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 910 га сугат, 3360 га кайракты түзөт.Мындан 1575 га буудай, 1910 га арпа. Дандык жүгөрү-185 га,картошка- 155 га, жашылча (капуста,бадыраң,помидор,сабиз,чеснок,башка жашылчалар)- 140 га, дан буурчак -35 га,май өсүмдүктөр -25 га,Эски көп жылдык чөп (беде,эспарцет)- 1336 га, жаңы эгилген беде -242,0 га,аңызга калган жер 354,0 га,питомник-25 га. Бардык пайдаланган жер 6561 га,пайдаланбаган жер 383 га.Бардык айдоо жер – 7029 га.Исфана шаар мэриясынын тарбынан 2019–жылдын түшумү үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдоо, гектарына 1800-2000 сом, дан сепкич менен себүү –800-1000 сом белгиленген. Комбайн менен оруп жыйноо-2000-2200сом,чөп оруу-500-700сом,чөп жыйнагыч-800-1000сом, чөп таңгактоо-11-12сом.
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 64даана айыл чарба техникалары бар.
Анын ичинен: комбайндар 14 даана, 8 комбайн жаны типтеги, 6 комбайн эски типтеги, дан сепкич (сеялка)-8 даана.
-Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүүдө жер кыртышын агротехникалык эрежелер менен айдоо, сапаттуу үрөн эгүү жумасына эки жолу көзөмөлгө алынып турулду.
-Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара мөөнөтү бүткөн жерлер такталып чыгылып. 2019- жылдын 10-мартында мөөнөтү бүткөн жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлдү. 1,82 га сугат айдоо, 40,4 га кайрак айдоо,12,5 чөп чабынды, 13,6га көрктөндүрүү боюнчаконкурска коюлган жерлер.
Бирок үлүш жер боюнча чечилбеген маселелер көп.
-Исфана шаар мэриясынын айыл чарба болумуно атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген арыз каттардын саны – 172 даана.,оозеки түшкөн арыздар 62 ни түзөт.Ар бир арыз жана катка өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп чечилип берилүүдө
Исфана жайыт комитети боюнча:
Исфана шаар мэриясына караштуу жайыт комитетинин 2019-жылдын алты айлыгы боюнча кабыл алган бюджетинин көрсөткүчтөрү. Кабыл алынган бюджети 250 000 сом болуп, аткарылганы 347000 сомду түздү. Анын ичинен 290,0 миң сом жайыт жыйымдары. Башка булактардан 57,0 миң сом болуп бюджеттин аткарылганы 138%.
Жайыт комитетинин эсебинен Тайлан Зыгылык жайыт участкасында мал жолдору техниканын жардамы менен кенейтилип сел алып кетткен өтмөк жолдор толтурулуп мал өтүүчү жолдор жакшы абалга келтирилди..Зыгылык жайыт участкасындагы булакттардын көздөрү жайыт пайдалануучулардын жардамы менен тазаланып 1700 метр аралыка жайыт жолу грейдирленип ондолду. Сметалык суммалары 6,1 миң сом. Таш-Кыя-Серпая жайыт участкасындагы сел алып кетткен мал өтүүчү өтмөк жолдор техниканын жардамы менен толтурулуп, жолдор кеңейтилип 12,0 км аралыгы тегизделди. Сметалык суммасы 16,0 миң сом. Ак-Булак жайытына баруучу жолдор техниканынын жардамы менен тегизделип, сел алып кетткен жерлер калыбына келтирилди. Сметалык суммасы 11,6 миң сом.
Исфана шаарынын жана шаар аймагына караштуу эл жашоочу айылдардын ички жолдору автогрейдер менен тегизделип 350,0 сомдук иш чаралары аткарылды,. 2019-жыл ичине АРИС тарабынан 200.0 миң сомдук грант тартылып проект сметалары даярдалып иш план киргизилди.
Төө-Жайлоо СПАсы боюнча аткарылган иштер:
Төө-Жалоо Спасынын 2019-жылка карата бюджети 655 112 миң сомду түзгөн. Лейлек райондук суу чарба башкармалыгы менен 2 516 000 м3 сугат суу үчүн келишим түзүлгөн. Исфана шаар мэриясы тарабынан арыктарды тазалоого, 70 000 сом которулган.
2019-жылга карата алынган суу 594,0 миң м3, болсо элге жеткирилген 552,420 м3 түзүп, 93 % аткарылган. 41580м3 суу, 7% гана жоготууга учураган.
Элге жеткирилген сугат суунун акысы 143629 сом болуп. Канал, лотоктордун оңдоого 37 миң сом, Лейлек райондук суу чарба башкармалыгына 8000 сом, кредиттин төлөмүнө 10000 сом, эмгек акыга 38000 сом, салык тармагына 8000 сом, ал эми башка чыгымдар үчүн 42629 сом сарпталган.
Мындан сырткары СПА тарабынан Тайлан-Чагатай-Узунсай-Корук сугат арыктарынын башына 6 даана 8 метрдик чоң лотоктор орнотулуп берилди.
Салык тармагы боюнча:
Исфана шаар мэриясында 2019-жылдын 1-жарымындагы жалпы салыктык жыйноо 23 млн. 684 миң сом пландаштырылып, иш жүзүндө 25 млн. 681,7 миң сом жыйнап, планды 108,4% аткарган. Өсүү темпи 118,6% түздү, ал эми жергиликтүү салыктардын көлөмү 116% аткарылды.
Киреше салыгы боюнча 2019-жылдын 6 айына карата 11539,7 мин сом план белгиленип бул көрсөткүч 11991,0 мин сомду түздү пайыз менен алганда 103,9 % ды түздү. Ал эми киреше салыгын 2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу 451,3 мин сомго ашыкча жыйналды.
Атайын салыктар боюнча 2019-жылдын өткөн 6 айында 4763,4 мин сом салык жыйналды, бул салыктын түрү боюнча план 3784,8 мин сомду түзүп, ал эми аткарылганы пайыз менен алганда 125,8 % ды түздү . 2018-жылдын 6 айлыгына салыштырмалуу 978,6 сомго ашыкча аткарылган.
Ыктыярдуу патент боюнча 2019- жылдын жарым жылдыгына карата 3616,2 мин сом план белгиленип аткарылганы 4515,8 мин сомду түздү 2018-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 899,6 мин сомго ашык, пайыз менен алганда 124,9 %ды түздү.
Ал эми милдеттүү патент боюнча жарым жылдык үчүн 297,2 мин сом план белгиленип аткарылганы 421,9 мин сомду түздү бул көрсөткүч 2018-жылдын жарым жылдыгына карата 124,7 мин сомго ашыкчаны түздү, пайыз менен алганда 142 %ды түзгөн.
Авто ууна салыгы боюнча 2019-жылдын 6-айлыгына 1221,5 мин сом план белгиленип аткарылганы 1137,0 мин сомго аткарылды. Пайыз менен алганда 93,1 %ды түздү. 2018-жылдын 6 айлыгына салыштырмалуу авто ууна салыгы 32,6 мин сомго ашыкча жыйналган.
2019-жылдын 1-2- кварталы ичинде салык төлөбөгөн атуулдарга эскертүү берилип салыктар жыйналып Исфана шаар мэриясынын бюджетин толтурууга арекеттер жасалды. Лейлек райондук салык кызматы менен биргеликтее рейдтер уюуштурулду жана алар менен биргеликте иш алып барылып жакшы көрсөткүчтөр болду. Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча АӨӨБКнин төрагалары менен тыгыз иш алып барылып элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү мындан сыркары Милдеттүү жана Ыктыярдуу патенттерди жыйноо боюнча график түзүлүп салык кызматкерлери ар бири өзүнө караштуу участкаларга чыгып патенттерди жыйноо боюнча бир топ иштер аткарылды.
Негизинен бардыгы болуп 2019-жылдын жарым жылдыгына жергиликтүү салыктар боюнча 4667,2 мин сом жыйналып пайыз менен алганда 116,3% ды түздү.
Аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык боюнча:
Исфана шаар мэриясынын аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык боюнча иштери 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү» Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41 беренелерине ылайык шаар мэриясынын эсебиндеги калк жана аймагында жайгашкан мекеме-ишкана, окуу жайлары менен 2019-жылга бекитилген иш планы боюнча алып барылды.
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2003-жылы төрөлгөн уландарды аскердик эсепке алгачкы каттоо жөнүндөгү токтомун аткаруу боюнча аскердик эсепке алгачкы каттоого алуу үчүн мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин жана окуу жайларынын директорлору, аскердик башталгыч тарбия жетекчилери менен бирдикте 2003-жылы төрөлгөн уландардын тизмелери такталды. Уландардын өздүк иш-кагаздары, делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2019-жылдын 28-февралына чейин 2003-жылы туулган 160 улан жана ар түрдүү себептер менен каттоодон өтпөй калган 2002-жылы туулган 2 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке каттоого келбей калган атуулдарды аныктоо иштери АӨӨБК төрагалары жана ИИБнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлдү.
Аскерге чакырылуучулардын арасында “КР жарандарынын жалпыга тиешелүү аскерге милдеттүүлүгү ж-дө, аскердик ж-а альтернативдик кызматтар ж-дө” Мыйзамын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуучулардын чакыруу мед. комиссияларына келиши жана алардын аскердик жана альтернативдик кызматтарга жөнөтүлүшү боюнча иш-чараларга көмөк көрсөтүлдү.
Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке катталбай калган атуулдарды аныктоо иштери АӨӨБК төрагалары жана ИИБнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлдү.
Жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш пландарынын алкагында Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата жоокер-интернационалисттерди урматтап сыйлоо иш-чаралары түзүлүп, мектеп окуучулары, окуу жайларынын студенттери менен Ооган согушунун жана башка согуштук аракеттердин ардагерлеринин жолугушуулары өткөрүлдү.
2019-жылдын март-май айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу учун 494 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 21 чакырылуучу аскердик кызматка, 37 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 16 улан, альтернативдик кызматка 34 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд толук аткарылды.
Аскердик каттоодон чыкпай туруп республиканын башка шаарларына жана Россия, Казахстан, Өзбекистан, Тажикстандын шаарларына кетип калган чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматчылардын даректерин тактоо боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 2 чакырылуучунун дареги такталып, чечим чыгаруу учун аскер комиссариатына өткөрүлүп берилди.
04-06 июнь күндөрү мэриянын кабарлоо участогунун өздүк курамы КМ Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын башчысынын планы боюнча өткөрүлгөн тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Резервдик түзүлмөлөрдү практикалык жыйноо боюнча берилген көрсөтмө так аткарылып, аскерге милдеттүүлөр өз убагында кабарланды.
2019-жылдын 01-январынан 30-июнуна чейин мэриянын аймагындагы альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдөн республикалык бюджеттин эсебине төлөмдөрдү өткөрүү 107%га камсыз кылынып, көрсөтүлгөн тапшырма толук аткарылды. Коомдук пайдалуу жумуш аткарууга ыктыярдуулугун билдирип, альтернативдик кызматка чакырылган альтернативдик кызматтын кызматчылары тарабынан АӨӨБКнин төрагалары, Лейлек-Тазалык, ММДнин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө шаардын, айылдардын көчөлөрүн, борбордук стадион, ж.б.коомдук жайларды тазалоо, оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар тармагы боюнча:
Исфана шаар мэриясынын иш-планынын негизинде иш-план тузулуп, шаардын мэри бекитет ошонун негизинде иш алып барат. 2019-жылдын алты ай ичинде Исфана шаарына караштуу айыл. кыштактардын кооптуу 12 (он эки) участкаларына карта схемалары, чиймелери чийилип, фото суреттору алынып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, ӨК Министрлигине катгар жопотулду. КР ӨКМ, Областык, райондук жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалардан келген ар кандай билдируу, катгарды оз убагында тийиштуу адистерге, айыл башчылырга жеткирилип, маалыматтар берилип турду.
Исфана шаар мэриясы атайын кырсыктын алдын алуу максатында Исфана шаарынын Ак-Булак, Голбо, Тайлан, Чимген, Беш-Бала жана Исфана шаарынын кооптуу участкаларында сайларды суруп, тазалан сайлардын жээктерине тал-теректерди отургузуп, бекемдоо иштерип жургузду, шаарга караштуу баардык айыл, кыштактардын ички-тышкы кочолорупо грейдер жургузулун, жолдордун чстинс кувейттер ачылды. Исфана шаарынын Исфана - 1 аймагынын Исфана сайынын Пост ГАИ участкасынын кун батыш тарабы 400 метр аралыктагы сай механикалык тазалоо инггери жургузулду, Ак-Булак айылында 40 метр аралыктагы жерге габион торчолору орнотула турган тосмо жасалып, 65 даана габион торчолор берилди, Чимген айылынын Катар-0рук участкасына Исфана шааар мэриясы тарабыиан 50 метр жерге дамба жасалып, 60 даана габион торчо берилди, Кара-Таш айылынын Беш-Бала участкасына 150 метр жерге дамба жасалды, Исфана шаарынын Исфана - 3 аймагынын Ноо дапек участкасына 60 метр жерге дамба жасалып, 75 даана габион торчолору Кыргыз Республикасынын ©згечо кырдаалдар министрлиги тарабыиан берилди.
2019-жылдын апрель, май айларында бол гон табыгый кырсыкгаи (селден) жабыр тарткан ички-тышкы көчөлор, арыктардын баштары шаар мэриясы тарабыиан калыбына келтирилди.
Кыргыз Республикасынын озгочо кырдаалдар министрлиги тарабыиан Чимген айылынын Шор Булак сайына 728 метр жерге бетон менен ал эми 131 метр жерге таш менен тосмо жасап бсришти, апрель айында пайдаланууга берилген. Жалпы суммасы 27 млн сом.
Самат айылынын Исфана сайынын сол жак жээгинин 176 метр аралыктагы сайдын нугун кесип туздоо жана он жак жээгине 150 метр аралыктагы бетон тосмо “Басыз” ЖЧК ишканасы тарабынан курулууда.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти боюнча:
Муниципалдык менчик департаментинде штат боюнча жалпы - 10 кызматкер эмгектенет: 1 департаменттин башчысы, 1 башкы бухгалтер, 2 башкы адис, 1 жетектөөчү адис, 1 адис, 1 оператор-катчы, 1 завхоз, 1 кароолчу, 1 техникалык кызматкер.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2019-жылдын 6-ай ичинде жогорку органдардан жана мекеме уюмдардан 54 кат, жарандар тарабынан 501 арыздар түшкөн. Алардан 142 арыз турак жай куруу учун жер участогун берүү жөнүндө 359 арыз ар түрдүү жер тилкелерин ижарага алуу жана башка ар түрдүү маселелер жөнүндө. Арыз жана каттарга өз убагында жазуу түрүндө жооп берилген.
Департаменттин негизги аткаруучу функциясы-муниципалдык менчикти эксплуатациялоо, башкаруу, сактоо, көбөйтүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу болуп саналат.
2019-жылдын жыл ичинде жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.
Муниципалдык менчик департаменти тарабынан жарандардан түшкөн арыздарды жеринен көрүп комиссия курамы менен чечилип берилди. Шаардын ички көчөлөрүнүн асфальттары бузулуп кеткен жерлерине оңдоо жана шагыл таштоо иштери жүргүзүлдү. Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан даярдалган иш кагаздары (токтом, тийиштүү республикалык, областтык, райондук мекеме- ишканалардын корутундулары, схемалары, карталары ж.б.) жана аткарылышы көзөмөлгө алынган объектилер.
-Архитектурага АПУ,АПЗ,карта жана корутундуларды даярдап берүү үчүн 154402 сом,
-Госрегистрге Гос АКТ, каттоо жана карталарды даярдап берүү үчүн 124310 сом,
-ОСОО Круг Компанияга Балыкчы шаарынан Исфана шаарына БМПны алып келүү үчүн 98000 сом,
-ОСОО Билал Кара Сууга Эстелик БМП орнотуу үчүн 146736 сом,
-ОАО "Ош электро" Голбо айылындагы мектепке тех шарттамага 2 852 сом,
-ОсОО "Изат Плюс Компани" Кабель алюминий, АВВГ2 10мм, рефлекторный лампага 35 360 сом,
-Ч/П Джалилова.Г Мырза-Патча АӨӨБК комитетинин конторасына эмеректерди алуу үчүн 63 900 сом,
-"Ата Журт" редакциясына “Кулунчак” борборунун ижара акысына 25 000 сом,
-Жалилов А. технадзорго 73 000 сом,
-Круг Компани Аскердик имаратты кечуруп бергендиги учун 142 300 сом,
-ОсОО "БЕК" Стимгрантка 1405 181 сом,
-ОсОО Строительная ф.Сириус кошумча каналарды куруу боюча Жасмин балдар бакчасына 400 ООО сом,
-Ямочный ремонт асфальт ОСОО Куба 338 602 сом,
-Шагыл төшөө боюнча Толман Курулуш 700 000 сом,
Исфана шаарындагы курулуш иштери бүткөрүлгөн объектилерди баланска алуу иштери жүргүзүлдү.
Исфана шаарынын Госспецхоз участкасынын күн чыгыш тарабынан 10га Бозогүл участкасынын 24га жер тилкелерин өндүрүштүк багытка которуу үчүн шаардык Кеңештин макулдугу алынды.
Исфана шаарына караштуу Голбо айылынан турак жай салуу үчүн 120 жаранга жер тилкелери өлчөнүп берилди.
Исфана шаар мэриясына талаш-тартыш жерлер боюнча катталган арыздардын негизинде тийиштүү комиссия курамы түзүлүп, жайында барып чечүү боюнча иш аракеттер өз учурунда аткарылууда.
Муниципалдык менчик департаментинде муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн 6 айга 143 948 сом түшкөн, 6 айлык план 103 800 сом болчу, ал эми 6 айлык план 138,7% аткарылды.
Исфана шаар мэриясынын иш кагаздары жана жергиликтүү жарандарды керектүү болгон документтер менен камсыз кылуу:
Исфана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине тиешелүү болгон иш кагаздары жыл ичинде номенклатуранын негизинде жүргүзүлдү, шаар мэриясынын календардык иш планынын долбоору иштелип чыгылды жана бекиттирилди, аткарылышы көзөмөлгө алынды
Нормативдик укуктук документацияларынын сакталышы системалаштырылды жана тиешелүү кагаздар менен өз убагында камсыздоо иштери такай алынып барылды
Исфана шаар мэриясынын дээрлик бардык иш чаралары аппарат жетекчисинин көзөмөлүнөн өткөрүлдү. Тиешелүү комиссиялардын иштери уюштурулду, а.и. 2 жолу конкурстук комиссиянын отуруму өткөрүлүп, Исфана шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчи К.Дж.Кожошов, “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы А.А.Каримов бош кызмат орундарына кызмат тиешелүү жетекчиликке сунушталып, алар бүгүнкү күндө иштеп жатышат.
Структурага ылайык кызматкерлерди баалоо иштери жүргүзүлдү.
Исфана шаар мэриясы тарабынан 2019-жылдын 6 ай ичинде ичинде 92 токтом, кабыл алынды, ал эми ушул эле мезгил ичинде 163 буйрук чыгарылды.
Шаар мэриясы тарабынан жарандардын үй бүлөсүнүн курамы жана жашагандыгы тууралуу 6553 жаранга, ал эми көзү өткөн 98 жаранга форма 50 маалымдамасы берилди. 61 чет өлкөлүк жана башка облустун жарандары убактылуу каттоого алынды. 1018 жарандын ички паспорту катталды, 16 жаран каттоодон чыгарылган. Ушундай иш кагаздары менен жалпысынан 7746 жаран камсылдалды.
Алты ай ичинде Исфана шаарынын мэринин кабыл алуусунда 135 адам катталды, ошону менен бирге жеке маселелери менен келген 58 жаранга карточка толтурулуп, аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Исфана шаар мэриясында 24 негизги штаттык бирдиктер, 1 статист-экономист, 2 аскердик эсеп кызматкери, 14 айыл башчы, 7 маданият тармагын тейлөөчү кызматкерлер эмгектенишет.
2019-жылдын 6 ай ичинде аралыгында аткарылган жумуштар боюнча 2018-жылдын 6 айына карата салыштырмалуу маалымат: (Таблица 1)
Аткарылуучу иштердин аталышы | 2018-ж 6 ай | 2019-ж 6 ай | айырмасы, толуктоолор |
Кабыл алынган токтомдор | 88 | 92 | +4 |
Чыгарылган буйруктар | 187 | 163 | -24 |
Жарандарга берилген маалымдамалар | 7272 | 6553 | -719 |
Көзү өткөн жарандарга берилген справка ф-50 | 65 | 98 | -22 |
Убактылуу каттоого алынган жарандар | 82 | 61 | -21 |
Катталган жарандардын ички паспорттору | 847 | 1018 | +171 |
Каттоодон чыгарылган жарандар | 33 | 16 | -17 |
Өткөрүлгөн конкурстар | 4 жолу | 2 жолу | 2 кызматкер жумушка алынды |
Жогорку органдардан келген иш кагаздары | 907 | 881 | -26 |
Катталган жарандардын арыз-даттануулары | 1198 | 1008 | -190 |
Чыгыш каттар | 716 | 680 | -36 |
Оозеки арыздар менен кабылдамада болгондор | 111 | 135 | -24 |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча:
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасында бугунку кундо 38 кызматкер анын ичинен 8 жооптуу кызматкер 6 айдоочу 7жуктөөчү жумушчу 4 багбан 6 дворник 2 электрик
1 комендант 1кузотчу 2 техничка эмгектенет.
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы негизинен Исфана шаарынын санитардык абалын кароо шаардын корктондуруу жагын тунку жарыктарды жана келишим тузгон мекеме ишканаларды жеке кожолуктарды тейлеп тазалыкты камсыздайт . Бугунку кундо 9 даана техникасы бар анын ичинен 6 жарактуу 3 жараксыз абалда , жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, ички жолдоруна шагал төшөө, сайларды тазалоо сел бузган арыктарды ондоо шаардын кочолоруно суу себуу жана гулдөрду арчаларды суугаруу жумуштарын аткакрат . 2019-жылы 1483 жеке кожолуктар менен келишим тузулгон мындан сырткары 93 мекеме уюмдар менен келишим тузуп, белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып кунунө 4 рейс таштанды алып чугууда. Ошондой эле 6 ай ичинде тушкон кирешеси 275083,18сом.
2019-жылдын 6 ай ичинде айлык маянага 1394241 сом анын ичинен соц фонд 240506 сом, подоход налог 87629 сом. Андан сырткары байланыш туйунуго 9220 сом, куючу майлоочу майларга 589063 авто унааларга 285850 сом, тамак ашга 60000, керектуу буюмдарга 76710 сом, таза сууга 20740 сом, коктондурууго 349150 сом жана элетр энергияга 178532 сом.
2019-жылдын 6 ай ичинде аткарган жумуштары «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы томонку жумуштарды аткарды :
Кыш мезгилинде Исфана шаарынын ички жолдоруна кар коп жаап тайгак болгон убактарда жол копсуздугун сактоо максатында оз убагында шлак жана туз материалдарын себип турулду.
Январь февраль айларында 29,500 тонна шлак 6,300 тонна туз томонку кочолорго себилди: Кошмуратова, Манас-Ата, И.Раззаков, Салам-Бава, Торокулбай Ата, А.Азизов, Равакана авто унаа жолуна, Курулуш, СССРдин 60 жылдык, Восточная, К.Кундузов, Тоголок-Молдо жана Э.Эгембердиев кочолоруно. Себилген материалдын туз менен шлактын суммасы 54000 каражаты жумшалган.
Март айынан пайдалануудагы жерлерди көрктондуруу жана жашылдандыруу максатындагы бак-дарактарды актоо жумуштарына тендир жолу менен 400 кг ак таш алынып айыл башчыларга мектептерге таркатылып берилген. Ошондой эле шаардын көктөндуруу жана жашылдандыруу максатында Додосьян , Кошмуратов, И.Раззаков, Манас-Ата, көчөлөруно ал эми Голбо, Мурза-Патча, Самат, Кара-Таш, айылдарына, Исфана-Кара-Булак-Исфана - Голбо авто жолдоруна жана Исфана шаарынын мэриясына караштуу “Самат” атындагы эс алуу паркына томонку көчөттөр отургузулду.
№ | Буюмдун аталышы | саны | баасы | суммасы |
1 | Можевельник | 80 | 430 | 34400 |
2 | Сосна | 300 | 270 | 81000 |
3 | Индийский Сирен | 387 | 265-387 | 102555 |
4 | Тогетес гулу | 2000 | 22 | 44000 |
5 | Маргаретко гулу | 2000 | 22 | 44000 |
6 | Роза гулу | 600 | 22 | 13200 |
7 | Петунья гулу | 3000 | 10 | 30000 |
8 | Жалпысы: |
|
| 349155 |
Ушул отургузулган көчөт гулдөрду өз убагында чөбун жулуп суугарып жер семирткичтерин салынып тийиштуу адистер тарабынан каралып турулууда.Ошондой эле жарыяланган корктондуруунун 3 айлыгында Исфана шаарынын мэриясы жана Исфана шаардык Кенешинин демилгеси менен “Самат” эс алуу паркында ишембиликтер , кочоттор отургузулду. Исфана шаарынын борбордук кочолору таштандынан тазаланды.
Исфана шаарынын кочолорун тазалыгын сактоо максатында апрель айынын аягы май, июнь айларында борбордук кочолорго суу себуу иштерине 154 рейс суу ташылып ар бир машинасы 6000 литрден 924 тона суу себилген ал эми сугаруу учун отургузулган арча кочоторуно пайдаланылган сууга 23748сом акча каражаты сарпталган .
Исфана шаарынын көчөлорун тунку жарыктар менен камсыздап 2019-жылдын июнь чейин Э.Эгембердиев- 10 даана, 60лет СССР -13даана ,Тоголок-Молдо -8даана, Пилол(мал базар)-5даана , Ишанкулова -5 даана, Жаны-Абат -26 даана, Кошмуратов -8даана, Салам-Баба – 16 даана, И.Раззаков -6 даана, Чимген айлына- 3 даана, Беш-Бала айлына -8даана, Кара Таш балдар бакчасына- 4даана, Тайлан айлына -10 даана ломпочкалар берилген жалпысы болуп 120 даана лампочка алмаштырылган анын 80 даанасы тендир аркылуу алынган 40 даанасы кошумча жаны алынган ломпочкалар жалпысы болуп 21600сом акча каражаты жумшалган. Исфана шаарынын СССРдин 60 жылдык көчөсунө 550 метр Исфана-Кара-Булак авто жолуна 300 метр ток зымы койулган 451метр зым 25сомдон алынып суммасы 11275сом. Ал эми 399 метр 10 сомдон алынып 3990 сом тузгон жалпысы болуп, 15265сом каражаты жумшалган. Ошондой эле Исфана-Кара Булак жана Додосьян кочолорунун фидерлери башка болуп, Технический пасаорттору жасалды. Андан сырткары демоорчулор тарабынан да тунку жарыктар шаардын кочолоруно коюлду. Атап айтсак:
1. Исфана шаарынын 2-кичи районундагы К.Кундузов кочосуно аталарын аттарын койгондугу себеп, жогоруда аталган кочону жарыктандыруу учун 1,500 км зым , 22 даана заманбап прожектор алынып, жалпы суммасы 57000 сомду тузгон жумуштар аткарылды.
2. Исфана шаарынын Кирпичная кочосунун жаштарынын демилгеси менен аталган кочого 600 метр зым тартылып, 11 даана прожектор алынып , жалпысы 32 000 сомдук жумуш аткарылды.
3. Исфана шаарынын Восточная кочосундо 5 даана прожектор 250 м зым тартылган жалпысы 13000 сомдук жумуш аткарылган.
4. Курулуш жана ДСУ кочолоруно 16 даана прожектор, 850 м зым алынып, аталган кочонун жашоочулары тарабынан коюлду.жалпы суммасы 57200 сомду тузгон. Ал эми Исфана шаарынын Додосьян, Курулуш, борбордук аянттан жана Исфана шаарынын мэриясына караштуу айылдарынан чыгарылган мурдагы тунку жарыктарды томонку айыл башчыларга накладной аркылуу болунуп берилген: И.Хошимовго 25 даана, К.Наврузовго 29 даана, Ф.Абдуллаевге 23 даана К.Джемуратовго 10 даана жана Н.Дадабаевге 16 даана.
2019-жылдын 6 ай ичинде чыгарылган таштандылар январь ичи 97 рейс февраль 66 рейс, март 85 рейс, апрель 117 рейс май 74 рейс, июнь ичи 132 рейс жалпысы болуп 6-ай ичинде 571рейс таштанды чыгарылган жана мектептерден балдар бакчасынан каттуу жана суюук таштандылар ТБО -76 рейс, ЖБО-68 рейс. ал эми унааларга кеткен куйучуу майлар Дт (салярка)-7261тонна, Аи-92(бензин) -5135 тонна жалпы кеткен жогоруда айтылган акча каражаты 589063 сом 6 айга сарпталган . Унаа тетиктерин ондоп тузөө учун портал менен тендердин негизинде алынып келинген буюмдарга 285850 сом акча каражаты сарпталган. Ошондой эле жумушчуларга керектуу аспаптар жана буюмдарга кеткен акча каражаты 76710 сом сарпталган. (Мисалы: кол кап, челек, курок, кырма, сварка аппараты, болгарка,кап, дрелл ж.б).
Ошондой эле жумушчулар учун атайын тушку тамактану уюштурулган ар ай сайын азык тулуктор сатып алынат 6 айга 60000 сом акча каражаты сарпталган .
Исфана шаарынын мэриясына караштуу “Исфана-таза суу” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери боюнча:
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө төмөнкү кызматкер 5 жооптуу кызматкер, 5 кассир контролер, 2 ремонттоо бригадасы, 2 суу буруучу, 1 лаборант, 1 электрик, 5 күзөтчү, 1 тракторист, 1 завхоз жана 1 техничка жалпысынан 25 кызматкерлер эмгектенишет. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Исфана шаарынын мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Исфана шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
2019-жылда 6 ай ичинде Исфана шаарынын тургундарынан келип түшкөн жазуу түрүндөгү арыздардын саны 20 арыз катталган.
2019-жылга Минфинден бекитилип берилген бир жылдык бюджетиз 3 350 100 сом, андан 6 ай ичинде элден түшкөн төлөнүүчү төлөмдөр 1 056 632 сом, коммерциялык точкалардан 87 584 сом, Бюджет мекеме, ишканалардан 742 772 сом жана суу түтүгүн кошуу, ондоп түздөө иштеринен 97 500 сом, Жалпы суммасы – 1 984 488 сомду тузду. Планыбыз 59%ке аткарылды. Эмгек акысына, соцфондго, салыктарга,коммуналдык иштерге, транспорттук пайдаланууга административдик иштерге, ондоп түздөө иштерине жалпысынан – 1 896 434 сом чыгымдалган.
Алты айдын ичинде, фин.полиция, салык, соц.фонд, антимонополия, экотех инспекция жана губернатордун буйругу менен УКМК нан текшеруучулор келип текшерип кетишти.
Бугунку кундо “Исфана таза суу” МИнын жумушчуларынын эмгек акысынан – 430 250сом, куйуучу майдан – 163 227 сом карызы бар.
Мэр А.Н.Хамраев