Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-августу №3
“С- Мана- Ж” коомдук бирикмесинин Уставын бекитүү жөнүндө
“С- Мана- Ж” коомдук бирикмесинин Уставын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык rеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“С- Мана- Ж” коомдук бирикмесинин Уставы бекитилсин. (Устав тиркелет).
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2019-жылдын
9-августундагы № 3 токтомуна тиркеме
“С-Мана-Ж” коомдук бирикмесинин
УСТАВЫ:
Исфана шаары Лейлек району 2019-жыл
ЖАЛПЫ ЖОБО
«С–Мана жамааттары» коомдук бирикмеси мындан ары «С-Мана-Ж», коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет.
Мыйзамдуу орус тилинде аталышы: Общественное обьединение « С-Мана-Ж»
Кыргыз тилинде аталышы: «С-Мана -Жамааттары» коомдук бирикмеси
Бирикменин дареги: Исфана шаары, Исфана мэриясы.
Кыргыз Республикасынын «Жамааттар жана алардын бирикмелери» жөнүндөгү жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Бирикме пайда табуу кызыкчылыгын көздөбөйт
Жамааттын ишмердиги Исфана шаар аймагын камтыйт.
Жергиликтүү- статуста.
2. Жамааттын укуктук статусу
1. Жамааттын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө
салуучу мыйзамдын ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка
ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле жамааттын уставдарынын негизинде
жүзөгө ашырылат.
2. Жамаат - коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
3. Жамаат өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, жалпы чогулушунун протоколу-
нун жана уставынын негизинде аны юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттаган учурдан тартып юридикалык
жактын статусун алат.
4. Жамаат ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
карама-каршы келбеген, жамааттын уставына ылайык ага таандык болгон
финансы каражаттарына, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылат,
пайдаланат жана тескейт.
5. Жамаат мүлктү сатып алууга, жамааттын менчигинде болгон мүлктү
ижарага берүүгө, пайдаланууга, кайра берүүгө, күрөөлүккө коюуга, сатып
өткөрүүгө, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө, жа-
мааттын иштери менен байланышкан окуу семинарларын жана практикалык са-
бактарды уюштурууга жана өткөрүүтө, ошондой эле өзүнүн максаттарын жана
милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка ыйга-
рым укуктарды жүзөгө ашырат.
Жамаатты түзүү, мүчөлүк жана анын иштеши
3. Жамааттын уюмдаштыруучулары
1. 10дон кем эмес үй чарбачылыгынын өкүлдөрү жамааттын уюмдаштыруу
учулары болуп саналат, алар ыктыярдуу негизде биригишет.
2. Жамааттын уюмдаштыруучулары жалпы чогулушта:
-жамааттын иштерин жөнгө салуучу уставды кабыл алат;
-жамааттын төрагасын шайлайт,
4. Жамааттын уставы
1. Устав жамааттын негизги укуктук документи болуп саналат.
2. Жамааттын уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
-жамааттын толук жана кыскартылган аталышын;
-жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттери жөнүндөгү жобо-
ну;
-жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана андан чыгуу (чыгаруу) шарт-
тарын жана тартибин;
-жамаатка кирүүнүн жана мүчөлүк акынын белгиленген эң аз өлчөмүн
жана аларды төгүүнүн тартибин жана шарттарын;
-жамааттын төрагасынын ыйгарым укуктары жана иш-милдеттери
жөнүндө жобону;
-жамааттын башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун
тартибин;
-жамааттын иштеринин регламентин;
-жамааттын төрагасын шайлоонун жана бошотуунун тартибин;
-жамааттын каражаттарын түзүү жана аларды пайдалануу тартибин;
-жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тартибин;
-жамааттын ишинин эсебинин, аудитинин тартибин;
-жаматтын ишин токтотуунун (кайра уюштуруунун жана жоюунун) шарт-
тарын:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жамат-
тын иштеринин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболорду.
3. Жамааттын жетекчилиги жамааттын ар бир мүчөсүнө жамааттын уставы-
на киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө алар кабыл
алынганга чейин бир ай мурда билдирүүгө милдеттүү.
4. Жамааттын уставы жалпы чогулушта жыйналышка катышкан уюмдаштыруу-
чулардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5. Жамааттын аталышы
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жамаат өзүнүн уставын-
да жана башка уюмдаштыруу документтеринде көрсөтүлгөн аталышты гана
пайдалана алат.
2. Тиешелүү аймактагы мурда түзүлгөн жамааттын аталышы менен алар-
дын жайгаштырылышы жагынан бирдей же окшош белгилердин аталышы катары
пайдаланууга жол берилбейт.
6. Жамааттын мүчөлөрү жана алардын укуктары
1. Жамааттын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү
аймагында туруктуу жашаган, мүчөлүк акыларды төлөгөн, жамаат менен өз
ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын бил-
дирүүчү адам жамааттын мүчөсү болушу мүмкүн.
2. Жамааттын уставына ылайык, жамаатка мүчө болуу жана андан чыгуу
ыктыярдуу болуп саналат.
3. Жамааттын мүчөлөрү жамааттык менчикти бирдей пайдалана алышат.
4. Жамааттын мүчөсү уставдын жоболорун жана ченемдерин сактабаганды-
гы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн чыгарылышы мүмкүн.
5. Жамааттын мүчөсүн андан чыгаруу ага алдын-ала 30 күн мурда кабар-
лангандан жана жамааттын жалпы чогулушунда чыгып сүйлөө укугу берил-
генден кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Жамааттын мүчөсү аны чыгаруу жөнүндөгү жалпы чогулуштун чечимине
макул болбогондо, чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-
ген тартипте даттанылышы мүмкүн.
7. Жамааттын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынышы
1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры:
-жамаатты түзүүгө жана өнүктүрүүгө зарыл болгон укуктук, уюштуруу
шарттарын түзүүгө;
-жамаатты түзүү жана өнүктүрүү, анын өз алдынча башкаруу укуктарын
жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды, гранттарды жана микрокредиттерди
тартууга көмөк көрсөтүшөт.
2. Жамааттын таламдарын козгоочу маселелер боюнча чечимдерди даяр-
доодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жамааттык уюмдар менен консультацияларды өткөрөт.
3. Жамааттын алардын таламдарын козгоочу маселелер боюнча мамлекет-
тик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилүү-
чү расмий кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
8. Жамааттардын иш-милдеттери
Жамааттар:
-мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарында өз
мүчөлөрүнүн таламдарын билдиришет;
-жамааттардын иштерине тиешелүү маселелер талкууланганда жергилик-
түү кеңештердин иштерине кеңеш берүү укугу менен катышат;
-жергиликтүү кеңештердин, алардын аткаруучу органдарынын
жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жамааттардын иштеринин
маселелери боюнча чечимдерин аткарууга көмөктөшөт;
-айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештердин аймактарды пландаштыр-
уу, абат кылуу, социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык объекти-
лерди куруу маселелери боюнча ишине катышат.
-жамааттардын уставынын максаттарына жана милдеттерине ылайык да-
гы башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
9. Жамааттын укуктары жана жоопкерчилиги
1. Жамаат төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
-финансы-кредит мекемелеринде эсептерди ачууга;
-тиешелүү жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруучу органдары,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар,
мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъект-
тер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
-өз аймактарын абат кылуу боюнча иштерди аткарууга, турак жай
фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объект-
терди курууга жана ремонттоого каралган өздөрүнүн финансы ресурстарын
жана башка булактарды пайдалануу менен курууга тапшыруу катары чыгуу-
га;
-жамааттын менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, турак
жайлык эмес жайларды ижарага берүүгө;
-жамааттын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл ара-
лык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.
2. Жамаат өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкер-
чилик тартат.
10. Жамааттын жалпы чогулушу
1. Жамааттын жогорку органы анын жалпы чогулушу болуп саналат.
Жалпы чогулушту өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жаматтын уставын-
да аныкталат.
2. Жаңыдан уюшулган жамааттын биринчи жалпы чогулушун жамаат түзүү
боюнча демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн бири ачат.
3. Жамааттын биринчи чогулушунун күн тартибине төраганы шайлоо,
жамааттын уставын иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана жамааттын ишин жөнгө
салуучу дагы башка маселелер киргизилет.
4. Жалпы чогулушта чечим чогулушка жамааттын мүчөлөрүнүн кеминде
үчтөн экиси катышканда жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
11. Жамааттын жалпы чогулушунун компетенциялары
Жалпы чогулуштун компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
-жамааттын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
-жамааттын иштеринин артыкчылыктуу багыттарын, анын мүлкүн пайда-
лануу тартибин аныктоо;
-жамааттын мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу (эгерде уставда баш-
кача белгиленбесе);
-жамааттын төрагасын шайлоо жана аны ээлеген кызматынан четтетүү;
- жамааттын иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бе-
китүү;
- жамааттын башка юридикалык жактардын иштерине катышуу маселеле-
ри;
-жамаатты өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
-зайым жана кредит алуу;
- жамааттын уставында каралган дагы башка маселелер.
12. Жамааттын төрагасы
1. Жамааттын төрагасы анын биринчи жалпы чогулушунда жамааттын
мүчөлөрүнүн арасынан жалпы чогулушка катышуучу мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн
чечими боюнча ачык же жабык добуш берүү менен шайланат.
2. Жамааттын төрагасы жамааттын документтерин жол-жоболоштурат , алар
жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
3. Жамааттын төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жамааттын уставын-
да аныкталат.
13. Жамааттын менчиги
1. Жамааттын менчигине төмөндөгүлөр кирет:
-кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
-өз каражаттары.
2. Жамааттын менчигин түзүү, пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө
тартиби жаматтын уставында аныкталат.
14. Жамааттын финансы-экономикалык негизи жана менчиги
1. Жамааттын финансылык негизин кирүү жана мүчөлүк акылар, жамаат-
тын менчигин пайдалануудан түшкөн каражаттар, демөөрчүлүк төгүмдөр,
Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке
жактарынын ыктыярдуу салымдары, гранттар, ошондой эле зайым, кредит жана
дагы башка финансы ресурстары түзөт.
Кирүү жана мүчөлүк акылардын өлчөмү жамааттардын мүчөлөрүнүн жалпы
чогулушунун чечими менен аныкталат.
2. Жамааттын экономикалык негизи жана менчиги ал тарабынан курул-
ган же сатып алынган объекттер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар
тарабынан ага өткөрүп берилген объекттер болуп саналат.
Жамааттын каражаттары ошол аймакта жашап жаткан калктын социал-
дык-экономикалык абалын жакшыртуу жана абат кылуу максаттары үчүн жамаат-
тын мүчөлөрү тарабынан пайдаланылат.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпо-
гондо, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын жамааттардын финансы-экономикалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берил-
бейт.
15. Жамааттарды өзгөртүп түзүүнүн жана жоюуунун тартиби жана шарттары:
Жамааттын иши ал жоюлган же өзгөртүп түзүлгөн учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерде токтотулат.
Жамааттарды өзгөртүп түзүү (биригүү,кошуу, бөлүнүп чыгуу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Жамаатты өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим жамааттын жалпы чогулушунда кабыл алынат, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык. Өзгөртүп түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү аныкталат.
Жамаат төмөнкү учурда жоюлушу мүмкүн:
а) жамааттын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча:
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча.
5. Жоюлуп жаткан жамааттын кредиторлорунун талаптарын канааттардыруу Кыргыз республикасынын мыйзамдарында аныкталган кезекте жүргүзүлөт.
Жамаат ыктыярдуу жоюлган учурда жоюуу комиссиясы жамааттын жалпы мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда, ал эми соттун чечими боюнча жоюлган учурда Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган тартипте дайындалат.
Жамааттын иши тоткотулганын каттоо датасы болуп, каттоочу органдын тийешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
“С-Мана-Ж” коомдук
Бирикмесинин төрагасы: М.Жумашев