Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-августу №5
Исфана жайыт комитетине грантка алынган ДО 904 тракторунун жана чөп таңгактоочу шайманын акылуу кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Исфана жайыт комитетине грантка алынган ДО 904 тракторунун жана чөп таңгактоочу шайманын акылуу кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетине грантка алынган ДО 904 тракторунун жана чөп таңгактоочу шайманын акылуу кызмат көрсөтүүнүн тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин. (тариф тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы |
Б.И.Тагаев
|
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXV
сессиясынын 2019-жылдын 9-августундагы
№ 5 токтомуна тиркеме
Кубаттулугу 90 ат күчү.)болгон Трактордун айдоо, оруу, чөп тангактоо боюнча ТАРИФТИК БИРДИГИ | |||||||
Берене | Ченем бирдиги. | Күйүүчү майдын ж/б чыгым көлөмү | Күйүүчү майдын ж/б наркы сом менен | Жалпы наркы литр/сом | Кызмат көрсөтүү наркы |
Жалпы наркы сом/менен
|
|
Кубаттулугу 90 ат күчүнө барабар болгон дөнгөлөктүү трактордун кызмат көрсөөтүүдөгү өздүк наркы |
| ||||||
Жер айдоо | Сом/л | 25 | 45 | 1125 | 875 | 2000 |
|
2.Чөп тангактоо | даана | 1 | 13 | 13 сом ар бир даанасы | 13
|
| |
3.Чөп тоюттарын оруу | га | 1 | 1200 | 1200 |
| ||
Исфана жайыт комитетининтөрагасы Х.Мамыров
Исфана жайыт комитетининЭсепчи инспектору С.Бердияров