Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры №197
2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө
2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык жана Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №19 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына: (Т.Сарыбашов)
-отчетто көрсөтүлгөн жылдык көрсөткүчтөрдүн статистикалык тактыгын көзөмөлгө алуу;
-«Газпром Кыргызстан» жопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын аймагын толук көлөмдө газдаштырууда инвестиция көлөмүн көбөйтүү боюнча кайрылуу;
-Ош шаарында мыйзамсыз сатылып кеткен балдар бакчаларын муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча мыйзамдуу иш-аракеттерди жүргүзүү;
-Ош шаарындагы мектептердин жана балдар бакчалардын жетекчилеринин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугун карап чыгуу милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчету бекитилсин (№1,№2 тиркемелер тиркелет).
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26 - сентябрындагы кезектеги XXII сессиясынын № 197 токтомуна №2 тиркеме | |||||
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2018- жылдын | |||||
аткарылгандыгы боюнча маалымат | |||||
| (миң сом) | ||||
Тармактардын аталышы | 2018-жылга бекитилген план | 2018-жылдын такталган план | Аткарылганы | Айырма (+,-) | % аткарылышы |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 155 280,8 | 184 959,9 | 172 685,4 | -12 274,5 | 93,4 |
анын ичинде атайын каражаттар | 485,7 | 485,7 | 221,0 | -264,7 | 45,5 |
|
|
|
|
|
|
Коргонуу | 7 284,8 | 7 284,8 | 4 181,2 | -3 103,6 | 57,4 |
|
|
|
|
|
|
Экономикалык маселелер | 80 920,8 | 140 673,1 | 140 199,1 | -474,0 | 99,7 |
анын ичинде атайын каражаттар | 200,0 | 712,3 | 622,9 | -89,4 | 87,4 |
|
|
|
|
|
|
Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 256 587,9 | 522 293,0 | 516 757,3 | -5 535,7 | 98,9 |
анын ичинде атайын каражаттар | 3 197,9 | 3 211,1 | 1 487,9 | -1 723,2 | 46,3 |
|
|
|
|
|
|
Саламаттык сактоо | 0,0 | 6 123,3 | 6 123,3 | 0,0 | 0,0 |
анын ичинде атайын каражаттар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Маданият жана спорт | 74 711,6 | 76 346,7 | 75 831,4 | -515,3 | 99,3 |
анын ичинде атайын каражаттар | 500,0 | 500,0 | 360,7 | -139,3 | 72,1 |
|
|
|
|
|
|
Билим берүү | 339 816,5 | 343 078,3 | 332 127,4 | -10 950,9 | 96,8 |
анын ичинде атайын каражаттар | 75 509,4 | 76 241,4 | 71 382,4 | -4 859,0 | 93,6 |
|
|
|
|
|
|
Социалдык коргоо | 25 583,6 | 23 300,8 | 22 346,8 | -954,0 | 95,9 |
анын ичинде атайын каражаттар | 350,0 | 350,0 | 24,5 | -325,5 | 7,0 |
|
|
|
|
|
|
Баары: | 940 186,0 | 1 304 059,9 | 1 270 251,9 | -33 808,0 | 97,4 |
анын ичинде атайын каражаттар | 80 243,0 | 81 500,5 | 74 099,4 | -7 401,1 | 90,9 |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | К.Камчиев | ||||