Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры №204
Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №21 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылышынын жана 2019-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме 3 баракта).
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрилигинин Ош башкармалыгына (К.Абдыкадыров) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылышынын жана 2019-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамда каралган тартипте максаттуу багыттар боюнча толук көлөмдө каржылоо милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов), Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылышынын жана 2019-жылдын 1-январына карата калдыгынын эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамда каралган тартипте бөлүнүүсүн көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
4. Ош шаарынын мэриясына Ош шаардык кеңешинин жыйындар өтүүчү залынын чатырын оңдоого керектелүүчү 500,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын таап, каржылоо жагы тапшырылсын.
5Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк аймактык облустар аралык башкармалыгын Анар кичи районундагы №18 көп кабаттуу үйүнүн жер төлөсүн пайдалануудагы муниципалдык ижара акысынан 2019-жылдын сентябрь айынан Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен 2019-жылдын 28-июнунда түзүлгөн №87/19 сандуу келишимдин мөөнөтүнүн аягына чейин бошотууга макулдук берилсин.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Баймурат уулу Б.) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2019-жылдын 26-сентябрындагы кезектеги XXII сессиясынын
№204 токтомуна тиркеме
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №21 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен:
-16 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясы аркылуу кредиттерди жоюу үчүн, анын ичинен “Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу” долбоору боюнча алынган кредитти төлөөдөгү пайда болгон айып түрүндөгү 1 792,0 миң сом акча каражатын төлөөгө макулдук берилбесин;
-10 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында шаардын көчөлөрүнө видеобайкоо жана видеофиксация системасынын аппараттык-программалык комплекстерин орнотуу үчүн көчөлөрдүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдүн астындагы асфальтты алмаштыруу жана жол белгилерин орнотуу үчүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына:
-674,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебине окуучулар ойноочу аянтча куруу үчүн;
-200,0 миң сом акча каражаты №41 Х.Абдуллаев атындагы мектебине тосмо орнотуу үчүн;
-350,0 миң сом акча каражаты №33 С.Алымкулов атындагы орто мектебине футбол аянтчасын куруу үчүн;
-100,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы №11 В.Терешкова атындагы жатак мектебинин алдынан өткөн арыктын үстүн жабууга;
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына:
-536,0 миң сом акча каражаты Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатындагы тарбияланып жаткан балдардын эс алуусуна шарт түзүү үчүн эс алуучу жайды кеңейтип оңдоо үчүн;
-350,0 миң сом акча каражаты Мамажан көчөсүнө таза суу жана канализация түтүгүн тартуу үчүн;
-250,0 миң сом акча каражаты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылына балдар ойноочу аянтчасын куруу үчүн;
Ош шаардык жолдор башкармалыгына:
-1080,0 миң сом акча каражаты Озгур айылынын А. Сатарова көчөсүн асфальтоо үчүн;
Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына:
-60,0 миң сом акча каражаты Исанов көчөсүнүн №45 көп кабаттуу үйүнүн үч подьездине код менен ачылуучу темир эшик койдуруу үчүн;
«Ошсвет» муниципалдык ишканасына:
-70,0 миң сом акча каражаты Озгур айылынын Коңур-Жаз көчөсүн түнкү жарыктандырууга электр мамычаларын орнотуу үчүн;
-150,0 миң сом акча каражаты Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айылдарынын көчөлөрүн түнкү жарыктандыруу үчүн;
-271,0 миң сом акча каражаты Набережная көчөсүнөн Араван-Ак-Буура каналындагы Южный кичи шаарчасына өтүүчү көпүрөсүнөн тегирменге чейинки жолун түнкү жарыктандыруу үчүн;
Ош шаарынын мэриясына:
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Коңур-Жаз айылынын №7 үйүнүн тургуну А.Айткуловдун небереси Б.Адыловдун дарылануусуна;
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Набережная көчөсүнүн №16 үйүнүн тургуну К.Сагынбаевага дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Набережная көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну Ю.Тешаевага дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Анар кичи районунун №18 көп кабаттуу үйүнүн №36 батиринин тургуну II топтогу майып Ж.Маматовдун көзүнө операция жасатуу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Арек айылынын тургуну М.Умурзакованын баласы А.Тажибай уулунун дарылануусуна;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Р.Моминов көчөсүнүн №207-2 үйүнүн тургуну Ш.Ибрагимовдун үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Р.Моминов көчөсүнүн №209 үйүнүн тургуну Г.Касымованын үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары;
-20,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Р.Моминов көчөсүнүн №211 үйүнүн тургуну Х.Касымовдун үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Ж.Мамытов көчөсүнүн №126 үйүнүн тургуну Н.Бакировага материалдык жардам катары;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Алыкулов көчөсүнүн №16 үйүнүн I топтогу майып У. Кадыр-Ахуновго материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Абжалов көчөсүнүн №34 үйүнүн тургуну М.Аматовага дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Алыкулов көчөсүнүн №34 үйүнүн тургуну З. Мирзаабдуллаевге материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Ч.Базаров көчөсүнүн №8 үйүнүн тургуну I топтогу майып, Б.Сулаймановго материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районунун №44 көчөсүнүн №1 үйүнүн жашоочусу I топтогу майып Х.Эргашевага материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районун №61 көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну, I топтогу майып Р.Шариповго материалдык жардам катары;
-25,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Алиев атындагы көчөсүнүн №64 үйүнүн тургуну М.Бахрамовага материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Алымбеков көчөсүнүн №5-8 үйүнүн тургуну II топтогу майып, Т.Назаровго материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Молдониязов көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну З.Мамаризаевага материалдык жардам иретинде;
-25,0 миң сом акча каражаты Алиев көчөсүнүн №91-2 үйүнүн тургуну, I топтогу майып У.Моминовго материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Мичурин көчөсүнүн №43 «А» үйүнүн тургуну С.Абдухаликовго материалдык жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражаты Алымбеков көчөсүнүн №27 үйүнүн тургуну С.Салаховго материалдык жардам иретинде;
-25,0 миң сом акча каражаты Алиев көчөсүнүн №31 үйүнүн тургуну, II топтогу майып, Т.Ажиевге дарылануу үчүн материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты А.Жунусов көчөсүнүн №28 үйүнүн тургуну М.Сайдахмедовага материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаты Алиев көчөсүнүн №113 үйүнүн №36 батиринин тургуну С.Хабибулинага материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районунун №94 көчөсүнүн №8 үйүнүн тургуну, II топтогу майып Алижан кызы Наргизага материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районунун №62 көчөсүнүн №19 үйүнүн тургуну, I топтогу майып Б.Мирзаджановго материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражаты Достук кичи районунун №62 көчөсүнүн №8 үйүнүн тургуну, II топтогу майып Ф.Кадыровго материалдык жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №18 үйүнүн №56 батиринин тургуну, II топтогу майып Р.Арапованын көзүн дарылоо үчүн.
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Мехнат көчөсүнүн №18 үйүнүн тургуну Г.Ниязовага дарылануу үчүн.
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | К.Камчиев
|