Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №4
Ноокат шаардык кеңешинин регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнөндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңештин Регламентине толуктоо киргизүү менен бекитилсин.
(Тиркелет).
2. Ноокат шаардык кеңештин Регламентин Ош шаары жана Ош облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон нормативдик укуктук акты катары кайра каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырам.
Төрага | А.Гафаров
|
| Ноокат шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-ноябрындагы кезектеги V чакырылыш XXVIII сессиясынын №4 токтомуна №1 тиркеме
|
Ноокат шаардык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ИШ-АРАКЕТТЕРИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Бул регламентте колдонулуучу терминдер
2-глава. Жалпы жоболор
3-глава. Шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы
4-глава. Шаардык кеңештин жетекчилиги
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы
II БӨЛҮК. ДЕПУТАТТЫК ФРАКЦИЯЛАР
6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
7-глава. Депутаттык фракциялардын иши
III БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
8-глава. Шаардык кеңештин сессиясын даярдоо жана өткөрүү тартиби
9-глава. Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби.
10-глава. Шаардык кеңештин жыйынында катышуучулардын тартиби жана этикасы
IV БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ, ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН КИРГИЗҮҮ, КАРОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ
11-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
12-глава. Шаардык кеңешке токтомдун долбоорлорун киргизүү
13-глава. Шаардык кеңештин токтомдорун кабыл алуу
14-глава. Кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштуруу тартиби
15-глава. Үстүбүздөгү жылга Ноокат шаарынын бюджетин кароо жана кабыл алуу, анын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу өзгөчөлүгү
16-глава. Токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү
17-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын жана башка органдарынын жыйналыштарынын протоколу
V БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ ТАРТИБИ
18-глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо
19-глава. Мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-глава. Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоонун, ага киришүүнүн жана андан бошотуунун тартиби
21-глава. Ноокат шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тартиби
22-глава. Шаардык кеңеш тарабынан контролдук ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби
VI БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АППАРАТЫК Т/З/М/.
23-глава. Шаардык кеңештин регламентин сактоого көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү" мыйзамдарынын, жергиликтүү кеңештердин иш-аракеттерин, иш-кагаздарды жүргүзүүнү уюштуруу, муниципалдык кызматта болууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан.
Ноокат шаардык кеңешинин дареги: Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, А.Лутфуллаев көчөсү №5 үй.
I БӨЛҮК
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШ-АРАКЕТИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава
Бул регламентте колдонулуучу терминдер
1. Бул Регламенттеги төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ:
шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын базасы - шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана катталган ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдордун жыйнагы;
компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы;
кызыкчылыктардын кагылышуусу - аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктарынын коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар менен каршы келген кырдаал;
ченемдик укуктук актынын долбоорунун лингвистикалык экспертизасы юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин заманбап кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайыктуулугун баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталыктарды жана терминдерди колдонуудагы каталыктарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;
ченемдик укуктук акт - шаардык кеңештин компетенциясынын чегинде укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ;
ченем жаратуу иш-аракети - токтомдорду даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
ченем жаратуу техникасы - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
ыйгарым укуктар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткарууга багытталган белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
жыйындын протоколу - жыйындын жүрүүсүндө жүргүзүлгөн жазуулардын, берилген баяндамалардын, чыгып сүйлөөлөрдүн, маалымкаттардын тезистерин, чечимдердин долбоорлорунун негизинде түзүлгөн документ;
протоколдук чечим, тапшырма – сессиянын алып баруусунун жүрүшүндө ал боюнча токтом кабыл алынбоочу шаардык кеңештин чечими, тапшырмасы;
фракция - депутаттык фракция - бир саясий партиядан тизме боюнча шайланган шаардык кеңештин депутаттарынын бирикмеси;
коалиция - ишин макулдашуунун негизинде жүзөгө ашыруучу фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси ;
Бул Регламентте колдонулуучу, бирок бул главада камтылбаган терминдер, алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.
2-глава
Жалпы жоболор
2. Ноокат шаардык кеңеш - мыйзам тарабынан белгиленген тартипте шаардык жамаат тарабынан түздөн-түз шайлануучу жана өз иш-аракетин коллегиалдуу негизде жүзөгө ашыруучу, шаардык өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органы.
Партиялык системасы боюнча 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу 21 депутаттан турат.
3. Шаардык кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, өзүнүн атынан сатып ала алат жана мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамына кирген анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, алардын аткарылышына контролду жүргүзөт.
4. Шаардык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды шаардык кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун анын ишин уюштурууну аныктайт.
5. Сессия - шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналат.
6.Шаардык кеңештин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу жергиликтүү кенештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
7.Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк, көп партиялуулук, обективдүүлүк, маселелерди эркин талдоо жана депутаттар тарабынан чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет.
Сессияга катышуу үчүн сессияга киргизилген маселелерди кароого кызыккан жактар чакырылат.
Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт.
8. Депутаттардын ыйгарым укуктары төмөнкү кызматтар менен айкалыштырууга болбойт:
а) мэр жана вице-мэр;
б) муниципалдык кызматкер;
в) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (мындан ары Жогорку Кеңеш);
г) Өкмөттүн мүчөсү же мамлекеттик кызматкер.
9. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердикке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.
10. Шаардык кеңештин депутаты менчиктин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин, уюмдун администрациясынын демилгеси боюнча (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурлардан тышкары) иштен бошотулбайт, ошондой эле шаардык кеңеш менен алдын-ала макулдашпастан, тартип жазасы катары төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулбайт.
3-глава
Шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы
11.Өткөн чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштагы биринчи сессиясы ачылган же шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурдан тартып токтотулат.
12.Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы өткөн чакырылыштагы кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кеч эмес чакырылат.
Шаардык кеңештин биринчи сессиясын жашы боюнча улуу депутат ачат жана шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.
13.Биринчи сессияны даярдоону шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт.
14.Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо, фракцияларды каттоо жана алардын лидерлерин аныктоо, туруктуу комиссиялардын тизмегин, алардын курамын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө жана башка кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.
15.Төрага шайлангандыгы жөнүндө токтомго сессияда төрагалык кылуучусу кол коет.
Мындан ары бардык кабыл алынган токтомго жана протоколго жаңы шайланган төрага кол коет.
4-глава
Шаардык кеңештин жетекчилиги
§1. Шаардык кеңештин төрагасы
16. Шаардык кеңештин төрагасы сессияда шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын депутаттарынын ичинен жашыруун добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.
17.Шаардык кеңештин төрагасы кызматына талапкер шаардык кеңештин депутаттарынын алдында өзүнүн программасы менен чыгып сүйлөйт жана алардын суроолоруна жооп берет.
Ага чыгып сүйлөөгө 5 минутага чейин, суроолорго жооп берүүгө 10 минутага чейин жана жыйынтыктап чыгып сүйлөөгө 3 минутага чейин убакыт берилет.
18.Шаардык кеңештин төрагалык кызмат ордуна талапкерди жактап же ага каршы чыгып сүйлөөгө 3 минутага чейин убакыт берилет.
19.Шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге анын талапкерлигин киргизгенге чейин баш тарта алат. Баш тартуу добуш берүүсүз кабыл алынат.
20.Талкуулоо токтогондон кийин эсептик комиссия шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкерлердин фамилиясын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
21.Эгерде талапкер депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш ала албаса, жаңы көрсөтүү жүргүзүлөт.
22.Бюллетенге добуш берүү үчүн киргизилген жана депутаттардын жалпы санынан добуштун тийиштүү көпчүлүгүн ала албаган депутаттар,бул сессиядагы шайлоого талапкерлигин кайта көрсөтүүгө жол берилбейт.
23.Шаардык кеңештин төрагасынын шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
24.Шаардык кеңештин төрагасы туруктуу негизде саясий муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишмердиктен тышкары, башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укугу жок.
25.Шаардык кеңештин төрагасы:
- шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат;
- шаардык кеңештин сессиясын даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелердин даярдыгын контролдойт;
- шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын аткарылышына контролду ишке ашырат;
-шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- шаардык кеңештин аппаратынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
-шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагалары тарабынан алардын кызматтык милдеттеринин аткарылышын контролдойт;
- фракцияларга (депутаттарга) өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, жарандарды кабыл алууда, шайлоочулар алдында отчет берүүдө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарынын жана милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди карайт;
- шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө ачык айкындуулукту камсыз кылат;
- шаардык кеңешти мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз ара башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мамиледе көрсөтөт;
- шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүсүн уюштурат;
- шаардык кеңештин депутаттарынын жана аппарат кызматкерлеринин иш сапарлары тууралуу, сессиянын кароосуна материалдарды даярдоо үчүн жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү маселелери боюнча жана ошондой эле өз компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык, шаардык кеңештин жооптуу катчысынын көрсөтүүсү боюнча шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
- шаардык кеңештин жана анын органдарынын, депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин аброюн жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;
- шаардык кеңештин карамагында турган жайларды, курулмаларды, жабдууларды, транспортту жана ошондой эле аймактарды пайдаланууну контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылат.
§2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
26. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен ачык добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.
Шаардык кеңештин фракциялары шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кызматына талапкерди көрсөтүү укугуна ээ.
27.Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкер депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосун ала албаса, анда жаңы талкуулоо жана добуш берүү жүргүзүлө турган жаңы талапкерди көрсөтүү жүргүзүлөт.
28.Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
29.Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:
- Төрага жок болгон учурда анын функцияларын аткарат;
- фракциялар, туруктуу комиссиялар менен өз ара аракеттенишүүнү жүзөгө ашырат;
- шаардык кеңештин эл аралык уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенишүүсүн жүзөгө ашырат;
- төраганын тапшырмасы боюнча шаардык кеңештин сессиясын алып барат;
- шаардык кеңештин төрагасынын башка тапшырмаларын аткарат.
30.Шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын суранычы боюнча, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогон жагдайларга байланыштуу, шаардык кеңеш тарабынан шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынат.
31.Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, шаардык кеңештин төрагасы же шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары тарабынан белгиленген мөөнөттө өз ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
32.Шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары жашыруун добуш берүү менен өз кызматтарынан чакырылып алынышы мүмкүн. Аларды чакырып алуу жөнүндө маселени депутаттардын үчтөн биринин же фракциянын демилгеси менен киргизилиши мүмкүн.
33.Шаардык кеңештин төрагасын чакырып алуу жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берсе кабыл алынды болуп эсептелинет. Шаардык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын чакырып алуу боюнча жашыруун добуш берүү бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
34.Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын чакырып алуу жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе кабыл алынды болуп эсептелинет.
5-глава
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы
35. Шаардык кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт. Шаардык кеңештин депутаттарынын комиссиялардын ишине катышуусу бул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык фракциялардын тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырылат.
36. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү болуп эсептелинет жана шаардык кеңештин токтому менен кезектеги чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктар мөөнөтүнө түзүлөт.
37. Комиссиялардын тизмегин, иш багытын, сандык курамын, түзүлүш тартибин жана ишин шаардык кеңештин сессиясы аныктайт.
Комиссиялардын сандык курамы: ар бир комиссияда ар бир фракциядан депутат катышуусу керек.
Бюджет жана финансы боюнча комиссиядан тышкары, ар бир фракциядан комиссиядагы депутаттардын саны ар бир фракциядан мандаттардын санына пропорционалдуу болуусу тийиш.
Бюджет жана финансы боюнча комиссиянын курамына азчылык фракциясынын, же азчылык коалициясынан, же азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча 50 пайызы кирет.
Туруктуу комиссиялардын курамы боюнча шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
38. Чакырылыштын ыйгарым укуктар мөөнөтүнүн ичинде, зарыл болгон учурда шаардык кеңеш жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзүүгө жана мурда түзүлгөн комиссияларды жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
39. Шаардык кеңештин депутаты бир эле туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.
Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире албайт.
40.Убактылуу жана жумушчу комиссияларды түзүүдө, анын курамына фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин каалаган депутаты кире алат.
41.Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өз курамынын ичинен комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлашат.
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынан жана төрагасынын орун басарынан башка, туруктуу комиссиялардын төрагасы жана төрагасынын орун басары туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп азчылык фракциядан, же азчылык фракциялар коалициясынан, же талкуулоосуз азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча өкүл шайланат. Төраганын орун басары болуп көпчүлүк коалициядан өкүл шайланат.
Туруктуу комиссиялардын төрагалары жана төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
42.Шаардык кеңеш тарабынан комиссиянын мүчөсү тарабынан шайлаган комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары бекитилбеген учурда, комиссиянын мүчөлөрү анын талапкерлигин дагы бир жолу кайталап бекитүүгө же шайлоого жана комиссиянын төрагасынын жана төраганын орун басарынын жаңы талапкерлигин бекитүүгө киргизүүгө укуктуу.
43.Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары өз милдеттерин аткарбаган учурда, комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча кайра шайланышы мүмкүн.
44.Комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, обөективдүүлүк, маселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди эркин кабыл алуу принциптерине негизделет.
Комиссиялар, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди жана корутундуларды кабыл алышат.
45.Комиссиялар шаардык кеңештин сессиясынын алдында жооптуу жана төрагага отчет беришет.
Шаардык кеңеш төрагасы каалаган убакта комиссиянын күндөлүк иши жөнүндө отчет суроого укуктуу.
Кезектеги жыл аяктаганда комиссия шаардык кеңешке өз иши жөнүндө жазуу түрүндөгү отчет берет.
46.Шаардык кеңештин комиссиялары өз компетенциясынын чектеринде:
- шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү менен байланышкан маселелерди даярдоону жана алдын-ала кароону жүзөгө ашырат, тийиштүү корутундусу менен аларды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- шаардын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча сунуштарды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- шаардын аймагынын экономикалык өнүктүрүү планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын-ала карашат, алар боюнча өздөрүнүн сунуштарын даярдашат, шаардык бюджеттин долбоорунун тийиштүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жана сунуштарды берет;
- өз ишин уюштуруу маселелерин чечет;
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- шаардык кеңештин төрагасына каралып жаткан маселени талкуулоо үчүн башка комиссияга берүү тууралуу сунушту киргизет;
- башка комиссия тарабынан каралып жаткан маселе боюнча өз сунушун берет.
47.Шаардык кеңештин комиссиялары аларга тийиштүү болгон маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдардын, жергиликтүү администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
48.Комиссиялар карап жаткан маселелерди даярдоо үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле адистерден, эксперттерден жана илимпоздордон жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуш киргизе алышат.
Комиссиялар алардын кароосунда болгон маселелер боюнча шаардык кеңештин башка комиссияларынын пикирин сурай алышат.
49.Комиссиялардын жыйындары зарылчылыкка, бирок айына бир жолудан кем эмес жараша чакырылат.
Комиссиянын жыйындарын өткөрүү жөнүндө комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүн жана шаардык кеңештин башка депутаттарын, ошондой эле чакырылган жактарды үч суткадан кеч эмес шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери аркылуу билдирет. Комиссия жашыруун жана көчмө жыйындары өткөрүүсү мүмкүн.
50.Комиссиянын жыйыны, ага комиссиянын курамынын жарымынын көбү катышканда укук ченемдүү. Комиссиянын чечими комиссиянын курамынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
51.Комиссиянын жыйындарына бул комиссиянын мүчөсү болбогон депутаттар кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу. Алар талкууланып жаткан маселе боюнча өз пикирлерин айта алышат.
52.Комиссиялардын жыйындарынын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда комиссиялардын төрагасынын орун басары кол коет. Өзгөчө учурларда, комиссиянын төрагасы жана анын орун басары жок болгон учурда жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
53.Бир канча комиссияларга тийиштүү болгон маселелерди талдоо жана кароо биргелешкен жыйындарда жүргүзүлөт.
54.Биргелешкен жыйындар эгерде ага ар бир комиссиянын курамынан жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү. Комиссиялардын биргелешкен жыйынын бул комиссиялардын төрагалары ич ара макулдашуу боюнча алып барышат.
Биргелешкен жыйында каралуучу маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана бул комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Эгерде төрагалардын бирөөсү комиссиялардын чечимине кол коюудан баш тарткан учурда, ал төрага болуп эсептелген комиссиянын мүчөлөрү кол коюу укугун төраганын орун басарына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
55.Комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө маалымдайт;
- комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын отурумунун иш-планын жана күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссиянын жыйынын чакырат жана керектүү документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
- комиссиянын чечими боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет;
- комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын иши менен байланышкан материалдар жана документтер менен тааныштырат;
- комиссиянын мүчөлөрүнө убактылуу жана топтордун ишине катышууну сунуштайт;
- комиссияны тейлеген шаардык кеңештин аппаратынын кызматкери аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду комиссиянын отурумдарына катышуу үчүн чакырат;
- комиссиянын жыйынында төрагалык кылат;
- шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен дайыма байланышта болот, аларды комиссиянын жыйынында каралган маселелер, ошондой эле, комиссиянын чечимдерин жана сунуштарын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымдайт;
- комиссиянын чечимдеринин аткарылышы боюнча ишти уюштурат, комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын аткарылган чечимдери жана анын сунуштарынын каралышы жөнүндө маалымдайт;
- жыл сайын шаардык кеңештин сессиясында комиссиянын иши жөнүндө отчет берет.
56.Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрү менен алдын-ала макулдашуусуз маселелер боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссиянын атынан чыгып сүйлөөгө укуксуз.
57.Ар бир депутат төмөнкүлөргө укуктуу:
а)туруктуу комиссиялардын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
б)маселелерди даярдоого жана талкуулоого катышууга;
в)шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин текшерүү жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Бул маселелер боюнча отчеттор жана маалыматтар комиссиялардын жыйындарында угулат.
58.Комиссиялардын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүүгө:
а) комиссиянын жыйындарынын күн тартиби, талкууланып жаткан маселелердин кароо тартиби жана мааниси боюнча;
б) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызмат жактарынын маалыматын угуу жөнүндө;
в) комиссиянын чечимдеринин долбооруна:
- өз сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымкаттарды берүүгө;
- комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
59.Комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинде активдүү катышууга, анын кабыл алган чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
60.Комиссиянын мүчөсүнө комиссиянын иши маселеси боюнча туруктуу тапшырмалар берилиши мүмкүн.
Комиссия тарабынан каралуучу бардык маселелерди чечүүдө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарттар камсыз кылынат жана керектүү материалдар берилет.
61.Комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын тапшырмасы боюнча комиссияга тийиштүү маселелерди жеринде талдап чыгат, комиссияга өз жыйынтыктарын жана сунуштарын билдирет.
Комиссиянын мүчөсү комиссиянын колдоосуна ээ болбогон сунушту шаардык кеңештин сессиясына бул маселени талкуулоодо аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизе алат.
62.Жаңы комиссияларды түзүү, мурда түзүлгөндөрдү жоюу же кайра түзүү жөнүндө шаардык кеңештин тийиштүү токтому кабыл алынат.
Комиссияны жоюу жөнүндө шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу менен бир эле убакта бул комиссиянын төрагасынын, анын орун басарынын тийиштүү ыйгарым укуктары токтотулат. Бул учурда шаардык кеңештин комиссиясынын төрагасын кайра чакырып алуу жөнүндө өзүнчө токтом кабыл алынбайт.
Шаардык кеңештин жаңы комиссияларын түзүү же мурда түзүлгөндөрдү кайра түзүү же жоюу маселелери боюнча чечим шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат
II БӨЛҮК
ДЕПУТАТТЫК ФРАКЦИЯЛАР
6-глава
Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
63.Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
64.Депутаттык фракциялар (мындан ары - фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана Ноокат шаардык кеңеш тарабынан катталууга тийиш.
65.Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмелик курамы, лидеринин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка партиядан өткөн депутаттарды өз курамына киргизе албайт.
Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
Депутаттын ал шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
66. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык кеңеш өзүн-өзү таркатканда.
Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
67. Фракцияны алар тарабынан шайлаган лидер жетектейт.
Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:
- шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;
- фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
- фракциянын чечимдерине кол коет;
- фракциянын ичинде тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;
-фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органдарына талапкерлерди сунуштайт;
-фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
-фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланып жаткан маселелер боюнча, ошондой эле фракциянын коалицияга кирүүсү жөнүндө анын саясий көз карашын жарыялайт;
- шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү менен жана жергиликтүү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылат;
-катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат-шаардык кеңештин сессиясынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциялардын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат.
Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын кызмат орундарын ээлей албайт.
7-глава
Депутаттык фракциялардын иши
68. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
-шаардык кеңеш тарабынан каралуучу маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө;
-башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
-шаардык кеңештин төрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-фракциянын өкүлүн фракциянын атынан арыздар, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирүүлөр жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө өкүлдөөгө;
-фракциялардын жыйынына кызыккан адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
-шаардык кеңештин ар жылдык иш-планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
-шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
-делегациялардын курамына фракциялардын мүчөлөрүн киргизүү (чакыртып алуу) боюнча сунуш киргизүүгө;
-шаардык кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон кызмат адамдарын дайындоого макулдук берүү боюнча сунуш киргизүүгө;
-Ноокат шаарынын мэри кызматына талапкерлик жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-кээ бир маселелерди иликтөө боюнча жумушчу комиссияларды түзүү боюнча сунуш киргизүүгө;
-тигил же бул маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган негиздер боюнча фракция мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
-шаардык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизүү үчүн айрым талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
- фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле шаардык кеңештин сайтына жайгаштырууга;
-фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында тийиштүү чараларды көрүүгө.
69.Фракциялардын коалициясы (мындан ары - коалиция) ишин коалициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашыруучу фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциялардын лидерлери же коалициялык макулдашууда бул аныкталган болсо, коалициянын жетекчиси көрсөтөт.
70.Фракциялар фракциялардын коалициясына биригүүсү мүмкүн. Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына же шаардык кеңештин азчылык коалициясына биригүү үчүн ниеттенген фракциялар бул жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, ошондон кийин расмий статус алат.
71.Коалициялык макулдашууда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- коалицияны түзүүнүн негизи болуп калган, макулдашылган саясий позициялар;
- коалициянын саясий багытталышы;
- коалициянын иш принциптери;
- коалиция тарабынан чечимдерди кабыл алуу тартиби;
- коалициянын ишин токтотуу шарттары;
- коалиция лидеринин аты-жөнү.
Коалициялык макулдашууга фракциялардын коалицияга кирүү жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алынган жыйындардын протоколдору тиркелет.
72.Коалиция өз ишин төмөнкүлөрдү жарыялаган учурдан тартып токтотот:
-шаардык кеңештин көпчүлүк статусу жоюлгандын натыйжасында фракция же фракциялар андан өзүнүн чыккандыгы жөнүндө;
-коалициянын таркатылышы жөнүндө
III БӨЛҮК
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
8-глава
Шаардык кеңештин сессиясын
даярдоо жана өткөрүү тартиби
73.Сессия-бул маселелерди жамааттык талкуулоону жана аларды чечүү боюнча токтомдорду кабыл алууну камсыз кылуучу, шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат.
Жергиликтүү кенештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү кенештин регламенти менен аныкталат.
74. Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кварталына бир жолудан кем эмес чакырылат.
75. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык кеңештин сессияларынан тышкары кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
76. Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт.
-жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болот. Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш бекиткен регламентке ылайык сессияларга катышканга укуктуу.
-жергиликтүү кенештин сессиянын болоор күнү, анын күн тартиби тууралуу жарандарга алдын ала маалымдоо, алардын сессияга катшуусуна шарт түзүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарды жергиликтүү коомчулукка жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
-жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакырууну уюштурууну жетектейт.
-аталган жактарды чакырууну түздөн түз уюштуруу менен жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу менен жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары, тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары жана депутаттары алектенет.
-жергиликтүү кенештин төрагасы өткөрүлүп жаткан сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.
-өткөрүлө турган сессия тууралуу маалымат сессия өткөрүү күнүнө 10 күн калганга чейин эл көп чогулган жайларга илинет, жергиликтүү кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (мүмкүнчүлүк болсо) жарыяланат.
-ошондой эле тиешелүү жактар үчүн атайын чакыруулар жөнөтүлүшү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн атайын баракчалар таркатылышы мүмкүн.
-жергиликтүү кеңеш өткөрүлө турган сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.
-конок катары ачык сессияга катышып жаткандар үчүн атайын жай аныкталат жана даярдалат, алардын катышуусу үчүн тиешелүү шарт түзүлөт.
-катышуучулар үчүн даярдалган орундан көп адам келген учурда, төрага катышуучулар бата турган башка жайды уюштурат же катышуучулардын сессиянын өтүшү менен таанышуусуна шарт түзөт. Орунду ырастоодо жергиликтүү кеңешке анын аткаруу органы жана анын бөлүмдөрү жардам берет.
-конок катары катышып жаткандарды жооптуу катчы каттайт.
-сессияны ачар алдында кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) катышуучуларды жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуунун жалпы эрежелери менен тааныштырат.
-жергиликтүү кеңештин сессиясынын учурунда катышуучулардын сессиянын жүрүшүнө кийлигишүүгө же тоскоолдук кылууга укугу жок.
-тоскоолдук кылган учурда кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) мындай катышуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.
-өткөрүлгөн сессия, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жергиликтүү кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (мүмкүнчүлүк болсо) жарыяланат.
-жергиликтүү кеңеш бул маалыматты жергиликтүү коомчулук үчүн эл көп чогулган жарлерге жайгаштыра алат.
-ошондой эле жергиликтүү кеңеш сессиянын жыйынтыктарын өзүнчө басылма түрүндө чыгара алат.
-Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалыматтын айрым депутаттардын, коалициялардын, фракциялардын жана кеңештин отчеттору аркылуу калкка жеткирилишине көмөк көрсөтөт.
-жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.
-жергиликтүү кеңеш өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.
-депутаттар өткөрүлгөн сессиялардын чечимдерин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда калкка жеткире алат.
-кызыкдар тараптар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалымат алууга укуктуу.
-жергиликтүү кеңештердин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү, ошондой эле маалымат таркатуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
77.Шаардык кеңештин сессиясын ачуу жана жабуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткаруу менен коштолот.
78.Сессияда чыгып сүйлөгөндөр мамлекеттик же расмий тилде сүйлөйт.
79.Сессияда шаардык кеңешке таандык болгон ар кандай маселелер бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте каралат.
80.Сессиянын ишине Ноокат шаарынын мэри, райондун прокурору, УКМКнын өкүлү,
Ноокат районундагы мекеме-уюмдардын жетекчилери Ноокат шаарынын вице-мэри, каралуучу маселелер боюнча Ноокат шаарынын мэриясынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууга укуктуу.
Сессияга бул же тигил маселени кароодо кызыкдар болгон башка жактар чакырылышы мүмкүн.
81.Бул регламентке ылайык, сессиянын кароосуна маселелерди төрага, фракция, Ноокат шаарынын мэри жазуу түрүндө киргизет.
82.Шаардык кеңештин сессиясы төмөнкү маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
- Ноокат шаарынын жергиликтүү коомчулугунун уставын бекитүү;
- шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;
- шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келген шаардык кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу, алардын иши жөнүндө маалыматты угуу;
- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү жана жоюу;
- туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- комиссиялардын төрагаларын кызматтан бошотуу;
- шаардык кеңештин түзүмүн бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- мыйзам тарабынан белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- шаардын мэрин шайлоо;
- мэрдин иши жөнүндө отчетту угуу;
- шаардын мэрине ишеним көрсөтпөө;
- вице-мэрдин, мэриянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин ишин канааттандыраарлык эмес деп табуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетун угуу;
- шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, административдик бирдиктерди атоо жана алардын башкаруу органдарын күтүү;
- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
- шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда алар боюнча чендерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген шаардык жерлерге салыктын базалык чендеринин чектеринде шаардык жерлерге салыктын дифференциалдуу ченин белгилөө;
- жергиликтүү бюджеттик валюталык жана бюджеттен тышкаркы валюталык максаттуу фонддорду түзүү жана пайдалануу тартибин аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обөектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролду жүзөгө ашыруу;
- шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнама жана маалымат жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
- шаардын аймагында үй жаныбарларын күтүү жана мал жаюу эрежелерин бекитүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ата-мекендик жана чет элдик органдары менен кызматташуусу жөнүндө;
- саламаттык сактоонун, мектеп жана мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбия жана спорттун, социалдык коргоонун муниципалдык системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;
- Ноокат шаарынын жергиликтүү жамаатынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;
- шаардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана санитардык тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо;
- социалдык-маданий, турак-жай жана тиричилик муниципалдык обөекттерди куруу;
- муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык катуу тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жоготуу үчүн тарифтерди бекитүү;
- ирригациялык тармактарды, үй жана үй алдындагы участокторду күтүү тартибин белгилөө;
- жылуулук жабдууну уюштуруу;
- калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө тарифтик жана жеңилдик саясатын аныктоо;
- Ноокат шаарына чет жактан транспорттун кирүүсүн уюштуруу жана жеңил машинелердин такси, жүк ташуучу жана атайын транспорттун ишин жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык коммуналдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү тартибин белгилөө;
- өз чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
- Ноокат шаарынын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка маселелерди чечүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралбаган маселелерди, жергиликтүү маанидеги жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген маселе катары чечүү.
83.Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, шаардык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
84.Шаардык кеңештин жабык сессиялары бул регламент жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.
85.Шаардык кеңештин сессиясына кошумча материалдар шаардык кеңештин төрагасынын кол коюусу болгон учурда таркатылат.
86.Шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясына катышкандардын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
Депутаттардын каттоосу ар бир сессиянын алдында башталат жана каттоо убакытын көрсөтүү менен анын аягына чейин жүргүзүлөт.
Депутаттардын каттоосунун барактары шаардык кеңештин жооптуу катчысынында сакталат.
87.Эгерде шаардык кеңештин сессиясында катталбаган депутат чыгып сүйлөсө же атын атап добуш берүүдө катышса, ал каттоодо бул жөнүндө белгиси менен катталган болуп саналат.
Депутат өзүнүн каттоосун жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу.
88.Сессияда катталган депутаттардын тизмеси сессияда төрагалык кылуучуга берилет.
89.Шаардык кеңештин сессиясында депутаттын жок болуусунун жүйөөлүү себептери болуп - документ менен тастыкталган ооруу, ишсапар, өргүү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамына ылайык жүйөөлүү себеп болуп саналган башка себептер эсептелинет.
Депутат төраганын атына сессияга катыша албай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды жөнөтөт.
90.Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча бир жылдын ичинде торттон ашык сессияга жүйөөсүз себептер менен келбеген депутаттардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат, же алардан депутаттык ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
91.Шаардык кеңештин сессиясы жумушчу органдарды (катчылык, эсептик комиссия, зарыл болгондо башка комиссияларды) түзүү жөнүндө протоколдук чечим кабыл алат.
Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча сессиянын иштөөсүнүн башка убакыты белгилениши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессиясынын протоколдук чечими менен анын иштөө убакыты узартылышы мүмкүн.
92.Сөз сүйлөөлөрдүн узактыгы:
- баяндамалар жана тең баяндамалар менен - 15 мүнөткө чейин;
- жарыш сөздөргө - 5 мүнөткө чейин;
- күн тартибиндеги "Ар кандай маселелер" пунктунда - 3 мүнөткө чейин;
- калган маселелер боюнча - 1 мүнөткө чейин;
- бир эле маселе боюнча чыгып сүйлөө 2 жолудан көп эмес берилет 1 мүнөткө чейин.
Чыгып сүйлөөчүнүн өтүнүчү боюнча чыгып сүйлөө убактысы (протоколдук чечим менен же каршы болгон депутаттар жок болгондо добуш берүүсүз) көбөйтүлүшү мүмкүн.
- эгерде өзгөчө маанидеги маселелер болуп калса жогорудагы белгиленген убакыттын мөөнөтүн өзгөртүүгө болот.
93.Тартипсиздик пайда болгондо жана аны токтотуу мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу танапис жарыялайт жана өз ордун калтырат.
Сессия бул учурда 30 мүнөткө токтотулду болуп саналат.
Эгерде сессиянын иши кайра жандангандан кийин тартипсиздик уланса, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого укуктуу.
94.Шаардык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Шаардык кеңештин төрагасы сессияда төрагалык кылуучу болуп саналат. Сессияда ал жок болгондо анын орун басары төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылуучу ал баяндамачы болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
Шаардык кеңештин төрагасы (төраганын орун басары) шаардык кеңештин төрагасын (төраганын орун басарын) кызматка шайлоо же кызматтан бошотуу жөнүндө маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
95.Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- чыгып сүйлөөчү эгерде ал бул регламентти бузганда, күн тартиби боюнча сүйлөбөгөндө, кемсинтүү сөздөрүн пайдаланганда сөз сүйлөө укугунан ажыратууга;
- протоколдук чечимдерди кабыл алууда көпчүлүк анык болгон учурда добуштарды саноого барбоого;
- депутаттарга жана кызматтык жактарга маалымкаттар үчүн кайрылууга;
- пландалбаган жарыш сөздөрдү токтотууга;
- бул регламенттин жоболоруна ылайык депутаттарды тартипке чакырууга, депутатка сөгүш берүүгө;
- залда өзгөчө кырдаал, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузган учур пайда болгондо, сессияны токтотууга.
96.Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бул регламентти сактоого жана жыйындын бардык катышуучулары тарабынан анын сакталышын камсыз кылууга;
- сессиянын күн тартибин сактоого;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылууга:
а) сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышын;
б) сессиянын жыйындар залында тартиптин сакталышын;
в) сөз сүйлөө убакытты сактоосун, белгиленген убакыттын аяктагандыгы жөнүндө сөз сүйлөөчүгө өз убагында эскертүүнү;
- кезек тартиби боюнча сөз берүүгө;
- бардык түшкөн сунуштарды белгилөөгө жана аларды түшкөн тартибинде добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
- сессиянын катышуучуларына сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жеке эскертүүлөрдү жана баяндамаларга баа берүүдөн, чечмелөөдөн өзүн-өзү токтотууга;
- сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жобосу боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
- атын атып добуш берүүгө киргизилген маселелердин редакциясын сунуштоого жана атын атап добуш берүү бланктардын туура толтурулушун көзөмөлдөөгө.
97.Сессияда шаардык кеңештин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу:
- шаардык кеңештин сессиясынын органдарына шайлоого жана шайланууга, талапкерлерге баш тартууну билдирүүгө;
- шаардык кеңеш тарабынан түзүлүүчү же түзүлгөн органдардын жеке курамы жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык шаардык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызматтык жактардын талапкерлигине пикирин айтууга;
- жарыш сөздөргө катышууга, баяндамачыга (тең баяндамачыга) суроо берүүгө, добуш берүү жүйөөсү боюнча (добуш берүүгө чейин) чыгып сүйлөөгө;
- төмөнкүлөр боюнча сунуш киргизүүгө:
а) сессиянын күн тартибинин маселелери, сессияны алып баруу тартиби боюнча;
б) шаардык кеңештин сессиясында ар кандай органдын же шаардык кеңештин контролунда турган кызматтык жактын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент тарабынан каралган учурларда жана тартипте депутаттык комиссияларды түзүү жана текшерүүлөрдү өткөрүү жөнүндө;
г) шаардык кеңештин колдонуудагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- төмөнкүлөрдү талап кылууга:
а) өзүнүн сунушу боюнча добуш берүүнү;
- токтомдордун долбоорлоруна түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
- коомдук мааниси бар кайрылууларды жарыялоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент тарабынан ага берилген башка укуктарды пайдаланууга.
98.Сессияда шаардык кеңештин депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
- Регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияда төрагалык кылуучунун жөндүү талаптарын сактоого;
- кол көтөрүү жолу менен сөз сүйлөөгө суранууга;
- сессияда төрагалык кылуучунун уруксааты менен гана чыгып сүйлөөгө;
- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
- маселе боюнча чыгып сүйлөөдө жана маселени формулировкалоодо баяндамачыдан жана сессияда төрагалык кылуучудан башка залдагы катышуучуларга өзүнчө кайрылууга жол бербөөгө;
- сөзүндө катышуучулардын абийирин, намысын жана кадыр-баркына шек келтирүүчү одоно, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көз көрүнөө калп маалыматты пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына жана алардын айткан сөздөрүнө баа бербөөгө, бирөөлөрдүн дарегине негизсиз күнөөлөөгө жол бербөөгө;
Өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн депутаттар бул регламенттин жоболоруна ылайык жоопкерчилик тартат.
99.(Шаардык кеңештин депутаты өз кызыкчылыгын, тактап айтканда, ал жана анын туугандары үчүн материалдык пайда көздөгөн маселе боюнча добуш бербөөсү керек.)
100.Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн төрага өзүнүн демилгеси же фракциялардын, Ноокат шаарынын мэринин сунушу боюнча шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырат.
Шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш кезексиз сессияны чакырууну сунуштап жаткан маселени жазуу жүзүндө көрсөтүү жана аны чакыруу зарылчылыгынын кыска негиздемеси менен берилет.
Кезексиз сессиялар сунуш түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттөн кеч эмес чакырылат.
Ченемдик укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кезексиз сессиялар чакырылбайт.
101.Кезектеги сессияны которуу же кезексиз сессияны белгилөө жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарын маалымдоо чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде жүргүзүлөт.
102.Өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда шаардык кеңештин төрагасы депутаттарды кабарлоо мөөнөттөрүн жана тартибин милдеттүү түрдө сактоосуз кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
103.Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартиби маселелердин аталышын жана аларды кароо тартибин, баяндамачынын жана тең баяндамачынын аты-жөнүн камтыйт.
104.Сессиянын маселелери боюнча фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарынын башталышына чейин эки күндөн кеч эмес шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору жана материалдары депутаттарга таркатылат же электрондук почта боюнча аларга жиберилет.
105.Чакырылган жактарга шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоору анын башталышынын алдында таркатылат.
106.Шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, фракциялары, туруктуу комиссиялары жана Ноокат шаарынын мэри шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине сунуштарды жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.
Күн тартибинен маселени алып салууга аны кароо башталганга чейин гана жол берилет.
107.Депутаттарга күн тартиби жана кезексиз сессиянын маселелерин кароо үчүн керектүү материалдар табелдик каттоо өткөрүлүп жатканда таркатылат.
108.Шаардык кеңештин арыздары жана кайрылуулары күн тартибинин "Ар кандай маселелер" пунктунун алкагында каралат.
Шаардык кеңештин сессиясынын же отурумда төрагалык кылуучунун чечими боюнча, арыздар, билдирүүлөр, кайрылуулар жана протоколдук чечимдер үчүн күн тартибинин "Ар кандай маселелер" пунктуна убакыт (30 мүнөткө чейин) бөлүнүшү мүмкүн.
109.Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган өткөн маселелердин бирөөнө кайрылуу, ошондой эле маселелерди кароо кезегин өзгөртүүнү шаардык кеңештин протоколдук чечимине ылайык сессияда төрагалык кылуучу добуш берүүсүз жүзөгө ашырат.
110.Эгерде бул регламентте башка тартип каралбаса, процедуралык маселелер боюнча чечим сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Процедуралык маселелер төмөнкүлөр:
- жыйында танапис жарыялоо, жыйынды которуу же жабуу жөнүндө;
- сөз сүйлөө үчүн кошумча убакыт берүү жөнүндө;
- жыйынга чакырылган жактарга сөз берүү жөнүндө;
- талкууланып жаткан маселени которуу же жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө;
- маселени тийиштүү туруктуу комиссиянын кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө;
- талкуулоосуз добуш берүү жөнүндө;
- жабык жыйындарды өткөрүү жөнүндө;
- сөз сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
- кошумча каттоо өткөрүү жөнүндө;
- эсептик комиссияны жана катчылыкты шайлоо жөнүндө.
111.Добуштарды кайра эсептөө же кайталап добуш берүү маселелери боюнча чечим сессияда катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
112.Токтомдун долбоору башында аны негизинен кабыл алуу үчүн добушка коюлат. Негизинен кабыл алынбаган токтомдун долбоору сессиянын күн тартибинен алынып салынат.
Төрага токтомдун долбооруна сунуштарды же түзөтүүлөрдү жарыялайт жана алардын демилгечисин көрсөтүү менен аны добушка коет.
Токтомдун долбоору сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жалпысынан кабыл алынат.
9-глава
Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби.
§1. Добуш берүү жол-жобосу боюнча жалпы жоболор
113.Бул регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн пайдаланылуучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны - 21;
- жыйында катышып жаткандардын саны - каттоодон өткөн шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
114.Шаардык кеңеш сессияларда ачык, жашыруун жана атын атап добуш берүү жолу менен чечим кабыл алынат.
Добуш берүү сессиянын эсептик комиссиясы тарабынан добуштарды саноо жолу менен жүргүзүлөт.
Кворум жок болгон учурда, сессияда төрагалык кылуучу кворум камсыз болгонго чейин добуш берүүнү которот.
Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин жыйынынын протоколуна киргизилет.
114.Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн добуш берүү укугун өзү жүзөгө ашырат.
116.Шаардык кеңештин депутаты бир маселе боюнча чечим кабыл алуу үчүн добуш берүүдө ага "макул" же "каршы" добуш берүү менен же чечим кабыл алуудан калыс болуу менен бир добушка ээ.
117.Добуш берүү убагында жок болгон шаардык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өз добушун берүүгө укугу жок.
Жыйындар залында ал катышып отурган учурда добуш берүүдө депутаттын катышпагандыгы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра кароо үчүн негиз боло албайт.
118.Добуш берүү башталгандыгы жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
§2. Ачык добуш берүү
119.Ачык добуш берүү - бул жооптун варианттарынын ("макул", "каршы", "калыс") бири боюнча ар бир депутаттын эркин билдирүүсү катталган добуш берүүнүн ыкмасы.
120.Ачык добуш берүүдө добуштарды эсептөөнү сессиянын эсептик комиссиясы жүргүзөт.
121.Добуштар эсептелип бүткөндөн кийин сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
122.Добуш берүүнүн процедуралык каталары табылганда, шаардык кеңештин депутаттары кайталап добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
§3. Жашыруун добуш берүү
123.Жашыруун добуш берүү - бул катышуучулардын добуш берүүсү жашыруун жүзөгө ашырылган жана жооптун ("макул", "каршы", "калыс") варианттарынын бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсү үчүн көзөмөл болбогон учурда добуш берүүнүн түрү.
124.Жашыруун добуш берүү маселелери боюнча милдеттүү же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмесинин талабы боюнча жүргүзүлөт.
125.Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңештин сессиясы ачык добуш берүү менен эсептик комиссияны шайлайт. Эсептик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болуусу керек.
Эсептик комиссия өз курамынан төраганы жана катчыны шайлашат. Эсептик комиссия өз чечимдерин анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат жана протокол менен жол-жоболоштурат.
126.Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер ал сунуштаган жана сессиянын чечими менен бекитилген форма боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын санына туура келген санда даярдалат.
Добуш берүү үчүн бюллетенде жооптун "макул", "каршы", "калыс" варианттары каралган.
Эсептик комиссиянын мүчөлөрү ар бир бюллетендин арт жагына кол коюшат.
127.Эсептик комиссия атайын жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны коюу менен депутаттардын жашыруун эрк-ниетин билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
128.Добуш берүүнүн алдында эсептик комиссия шаардык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда атайын ящикти чаптайт.
129.Депутат жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин депутатынын күбөлүгүн көрсөтүп, анын негизинде бир бюллетень алат, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетень алуу ведомостундагы өзүнүн аты-жөнүнүн тушуна кол коет жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага өтөт.
Депутат добуш берүүдөн кийин добуш берүү үчүн атайын ящикке бюллетенди таштайт.
130.Добуш берүү аяктагандан кийин эсептик комиссияда калган бюллетендер депутаттардын катышуусунда эсептик комиссиянын төрагасы тарабынан кайра саналат жана оң жаккы ылдыйкы бурчун кесүү жолу менен жок кылынат.
131.Депутаттардын добуш берүүсүн саноодо жараксыз болуп белгисиз формадагы, ошондой эле депутаттардын эрк-ниетин аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер эсептелинет. Добуштарды эсептөөдө бюллетенге киргизилген толуктоолор эске алынбайт.
132.Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептик комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлуучу протокол түзүлөт.
Эсептик комиссиянын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
133.Жүргүзүлгөн добуш берүүнүн процедурасында жана техникасында каталар табылган учурда, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин чечими боюнча кайталап добуш берүү жүргүзүлөт.
§4. Атын атап добуш берүү
134.Атын атап добуш берүү - бул шаардык кеңештин ар бир депутатынын эрк-ниетин билдирүүсү катталган ачык добуш берүүнүн түрү.
135.Атын атап добуш берүү сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Атын атап добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин протоколунда чагылдырылат.
10-глава
Шаардык кеңештин жыйынында катышуучулардын
тартиби жана этикасы
136.Шаардык кеңештин жыйынында чыгып сүйлөп жаткандар жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, өз сөздөрүндө орой сөздөрдү, кемсинтүү сөздөрдү пайдаланууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, бирөөнүн дарегине негизсиз күнөөлөрдү коюуга укуксуз.
Бул жоболорду бузган учурда, алар эскертүүсүз сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн, талкууланып жаткан маселе боюнча аларга кайталап сүйлөө үчүн сөз берилбейт.
Талкуулоо темасынан четтеп кеткенде сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүнү эскертет. Кайталап эскертүүдөн кийин чыгып сүйлөөчү сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн.
137.Шаардык кеңештин сессиясынын убагында депутаттар сөз сүйлөөчүлөргө жана катышуучуларга сөз сүйлөөдө оюн айтууга жана түшүндүрүүгө тоскоолдук кылуучу аракеттер менен (кыйкырык, кол чабуулар, тура калуулар ж.б.) жолтоо кылбоосу керек.
Шаардык кеңештин сессиясынын убагында залдагы бардык катышуучулар, депутаттар дагы уюлдук байланыш аппараттарын өчүрүшү керек.
138.Эгерде депутат бул регламенттин талаптарын бузса, сессияда төрагалык кылуучу аны жекече эскертет жана тартипке чакыртат.
139.Шаардык кеңештин сессиясынын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарында жүйөөлүү себептерсиз эки же андан көп жок болгон, шаардык кеңештин иш-чараларына катышпаган депутаттар жөнүндө маалымат шаардык кеңештин сессиясында жарыяланат.
140.Депутат төмөнкүлөрдү жасабашы керек:
- саясий коньюктура максатында жана өз пайдасына конфиденциалдуу маалыматты пайдаланбоосу;
-шаардык кеңештин сессиясынын, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жабык жыйындарында ага белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле аны жайып жибербеген шарттарда депутатка ишенгендиктен, шайлоочунун же башка жактын жеке жашоосуна тийиштүү маалыматтарды жарыялабоосу;
- өз сөзүндө кылмыш жана жарандык иштерден фактылар, мыйзам күчүнө кире элек чечимдер жөнүндө сүйлөөгө;
- жеке жана юридикалык жактардан депутаттык милдеттерин аткаруу менен байланышкан аракет жана аракетсиздик үчүн белек, акча каражат жана кызматтар түрүндө сыйлык алууга.
141.Депутат шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерин өзүнүн депутаттык абалынан пайдаланбастан, депутаттык милдеттерин камсыздоо боюнча иштерди аткаруу үчүн гана ишке тарта алат.
IV БӨЛҮК
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН КИРГИЗҮҮ, КАРОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ
11-глава
Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
§1. Ченем жаратуу ишинин жалпы принциптери
142. Шаардык кеңештин ченем жаратуу иши төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы;
мыйзамдуулук;
негиздүүлүк;
максаттуулук;
адилеттүүлүк;
ачыктык.
143.Ноокат шаардык кеңеш өз компетенциясынын чектеринде токтомдорду кабыл алат.
Төрага өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат.
144.Шаардык кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын буйруктары өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
145. Ноокат шаардык кеңештин токтомдору Ноокат шаарынын мэриясы, анын түзүмдүк бөлүктөрү, шаардын аймагында жайгашкан менчиктин түрүнө карабастан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызматтык жактар жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
§2. Токтомдун текстине жана жол-жоболоштурулушуна карата жалпы талаптар
146.Токтомдун тексти жана анын тиркемелери адабий тилдин жана юридикалык терминдердин ченемдерин сактоо менен жазылат. Эскирген жана көп маанилүү сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү, эпитеттерди, метафораларды, кыскартылган сөздөрдү колдонууга жол берилбейт. Пункттун тексти башка пункттарда кайталанып жазылбайт.
147.Токтомдор ичинде макулдашылган, туура түзүлгөн жана ченем жаратуу техникасына ылайык болуу керек.
Токтомдун текстин жазууда биринчи жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор жайгаштырылат. Укук ченемдерин жазууда өтө эле жалпыланган же өтө деталдаштырылган кыска жана так жазуудан алыс болуу керек.
148.Токтомдун аталышы, бөлүктөрү, бөлүмдөрү, кичи бөлүктөрү, главалары жана пункттары кыска, так түзүлүшү жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек.
Токтомдун текстинде пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болуусу керек. Укуктук ченемдик актыларда пайдаланылуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарылчылыгы пайда болгондо, анда алардын маанисин түшүндүрүүчү пункт жазылат.
149.Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор шаардык кеңештин негизги токтомуна гана киргизилет.
150.Шаардык кеңештин токтомунун күчүнө кирүү тартиби корутунду жобо түрүндө жазылат.
151.Шаардык кеңештин токтомунун төмөнкү реквизиттери болуусу тийиш:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;
актынын түрүн көрсөтүү;
бул ченемдик укуктук актыны жөнгө салууну көрсөтүүчү аталыш;
кабыл алынган орду жана күнү;
каттоо номуру;
токтомго кол коюуга өкүлдөгөн жактын колу;
гербдүү мөөр.
§3. Токтомдун түзүмдүк элементтери
152.Токтомдун түзүмдүк элементтери болуп бөлүктөр, главалар, параграфтар, пункттар, кичи пункттар жана абзацтар саналат.
153.Көлөмү боюнча чоң токтомдор главаларынын мазмуну жакын болуп бириктирилген бөлүктөргө бөлүнөт.
Бөлүктөр рим цифралары менен белгиленет жана беттин ортосунда баш тамгалар менен жазылган аталышы болуусу керек.
Эгерде токтомдо главалар жок болсо, "бөлүк" түзүмдүк элементин киргизүүгө жол берилбейт.
154.Токтомдордун көлөмү боюнча бир кыйла чоң, мазмуну боюнча жакын пункттар главаларга бириктирилиши мүмкүн.
Главалар араб цифралары менен белгиленет жана беттин ортосунда баш тамгалар менен жазылган аталышы болуусу керек.
Чоң көлөмдөгү токтомдун главалары параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграфтар "§" белгиси менен белгиленет, араб сандары менен белгиленүүчү катар номуру болот.
155.Пункттар - бул ченемдик буйрутманы камтуучу, токтомдун түзүмдүк негизги элементтери.
Пункттардын аталыштары жок, чекиттүү араб цифралары менен белгиленет кичи пункттардан жана (же) абзацтардан, кичи пункттар - абзацтардан турушу мүмкүн.
Кичи пункттар тегерек каша менен жабылган араб цифралары же алфавит тамгалары менен белгиленет.
156.Абзац - бул мааниси боюнча бир, биринчи сапта бир аз бош жер калтыруу менен бөлүнүүчү жана чоң тамга менен башталган пункттун бөлүгүнүн биринчи абзацынан тышкары, кичине тамга менен башталуучу статьянын, пункттун же кичи пункттун бөлүгү. Абзацтар үтүр чекит менен (акыркы абзацтан башкасы) аяктайт.
Эгерде пункттун өткөн абзацы точка менен аяктаса жана маанилик жагы абзацтын улануусун талап кылса, анда мындай абзац чоң тамга менен башталат.
Абзац цифра же тамга менен белгиленбейт.
157.Токтомдордун бөлүктөрүн, главаларын, пункттарын номурлоо өтмө болуусу керек.
Өтмө эмес, өз алдынча номурлоо - бул ар бир пункттагы кичи пункттарды, ар бир главадагы параграфтарды жана ар бир бөлүктөгү кичи бөлүктөрдү номурлоо болуп саналат.
158.Ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизгенде жана ченемдик укуктук актынын түзүмдүк элементтерин күчүн жоготту деп табууда токтомдун бөлүктөрүнүн, главаларынын, пункттарынын номурлары алмаштырылбайт.
Эгерде токтомдун аягына кошумча киргизилип жатса, бөлүктөрдүн, главалардын, статьялардын, пункттардын болгон номурлары улантылышы керек.
Эгерде токтом жаңы түзүмдүк элементтер менен толукталса, жаңы түзүмдүк элементтер негизги цифра же тамга белгилеринин үстүнөн батырылыштырылуучу кошумча цифралар менен белгиленет.
Тийиштүү болгон түзүмдүк элементтин текстине эскертүүлөр тикеден-тике киргизилет.
159.Токтомдордун жоболор, тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, чиймелердин ж.б. үлгүлөрү жайгаштырылуучу тиркемелери болушу мүмкүн.
Эгерде бир канча тиркемелер болсо, анда аларга "N" белгисин коюусуз араб цифралары менен номур коюлат. Тиркемелерге таянган учурда, токтомдун текстинде "N" белгиси ошондой эле көрсөтүлбөйт.
158.Токтомдун жана анын тиркемелеринин юридикалык күчү бирдей.
Тиркемелердин жазылышы токтомдун текстинен кийин барактын оң жагынын жогорку четинде жайгашат.
Тиркемелердин аталышы барактын ортосунда жайгашат жана жарым карартылган шрифттер менен жазылат.
160.Кыскартылган, жалпыланган түшүнүктөрдү пайдалануу, шилтемелерди колдонуу тартиби мыйзам тарабынан аныкталат.
§4.Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана анын күчүн жоготту деп табуу тартиби
161.Эгерде өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун азыркы редакциясына киргизилүүлөрдүн саны токтомдун текстинин (анын түзүмдүк элементинин) жарымынан көбүн түзсө же кээ бир өзгөрүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү баяндоо же кабыл алуу үчүн техникалык татаал болсо, токтомго киргизилүүчү өзгөрүүлөр жана (же) толуктоолор токтомдун (анын түзүмдүк элементинин) жаңы редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат.
Жаңы редакциядагы токтомдун текстин баяндоодо токтомдун аталышында "жаңы редакция" деген сөздөр пайдаланылбайт. Жаңы редакциядагы токтомду кабыл алууда колдонуудагы токтом күчүн жоготту деп табылат.
Башка учурларда токтомдун текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор кээ бир сөздөрдү, сунуштарды, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолдору менен киргизилет.
162.Токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү токтом кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
163.Токтомдор, анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп табылууга; сөздөр, цифралар жана сунуштар алып салынууга жатат.
164.Түзүмдүк элементтерди күчүн жоготту деп табууда кийинки түзүмдүк элементтерди кайра эсептөө жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон түзүмдүк элемент бул түзүмдүк элементке өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду кийинки киргизүүдө саноодо катышат.
165.Токтом күчүн жоготту деп табылганда бир убакта бардык ченемдик укуктук актылар же бул актыга киргизилген өзгөртүүлөрү жана (же) толуктоолору киргизилген алардын түзүмдүк элементтери да күчүн жоготту болуп саналат.
166.Эгерде ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп табылса, башка ченемдик укуктук акт же акыркы мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп табылгандыгы каралган анын түзүмдүк элементи өз аракетин кайта баштабайт.
167.Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган токтомдордун долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген усулга ылайык тез таасир этүүчү анализден өтүүгө тийиш.
168.Тез таасир этүүчү анализ токтомдун иштеп чыгуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат жана камсыздалат.
169.Токтомдун долбоору иштеп чыгуучулар тарабынан тез таасир этүүнү анализдин негизинде даярдалган негиздеме берилбегенде четке кагылууга тийиш.
170.Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин камсыздоо; коомдук бирикмелердин укуктук статусу, массалык-маалымат каражаттары; мамлекеттик бюджеттин, салык тутуму; экологиялык коопсуздук; укук бузуучулар менен күрөшүү; ишкерликти жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча токтомдун долбоорлору укуктук, укуктук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык жана башка илимий экспертизадан (ченемдик укуктук актынын долбоору жөнөтүлгөн жөнгө салуу укук мамилелерине жараша) өтүүгө тийиш.
12-глава
Шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү
171.Шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү документтердин топтому төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
Ноокат шаарынын мэринин колу коюлган коштомо кат;
Ноокат шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
Ноокат шаарынын тейлеген вице-мэринин колу коюлган маалымкат-негиздемеси;
салыштырма таблица (азыркы токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же жаңы редакцияда кабыл алуу учурунда);
токтомдун долбоорун макулдашуу жөнүндө маалыматты камтыган документтер (зарыл болгон учурда);
172.Ноокат шаардык кеңешке токтомдун долбоору бир убакта мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрүндө киргизилет.
173.Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын жана бул регламентти бузуу менен кароого киргизилген токтомдун долбоору кароосуз кайтарылууга тийиш.
Тартип бузуулар четтетилгенден кийин долбоор белгиленген тартипте киргизилет.
174.Шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү токтомдун долбоорунун текстинде төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- беттин оң жаккы жогорку бурчунда "Долбоор" деген сөз жазылат;
- "Долбоор" деген сөздүн алдында документ киргизүүнүн демилгечиси, долбоорду киргизүү күнү көрсөтүлөт;
- ылдый, беттин ортосунда документтин аталышы "Ноокат ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ";
- андан ары - ченемдик укуктук актынын формасына жана түзүмүнө көрсөтүлүүчү талаптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти;
- долбоордун текстинин алдына документтин бул долбоору боюнча жооптуу аткаруучунун аты-жөнү, анын кызматтык телефонунун номуру көрсөтүлөт жана өзүнүн кол тамгасы.
175.Токтомдо аны ишке ашыруу тартиби белгиленет, тактап айтканда:
- токтомду ишке киргизүү мөөнөтү конкреттештирилет жана ыкмасы аныкталат;
- мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызматтык жактарга конкреттүү тапшырмалар берилет, аларды аткаруу үчүн мөөнөттөрү аныкталат.
176.Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемеси төмөнкү маалыматтарды камтуусу керек:
- бул токтомду кабыл алуунун натыйжасында болжол менен жетише турган же чечиле турган максаттар жана милдеттер;
- кабыл алынуучу токтомдун иштөөсүнүн натыйжасында мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык божомолдор;
- ал өткөрүлгөн учурда коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат;
- токтомдун долбоорунун мыйзамга ылайык келүүсүнө анализ;
- аны каржылоо булактарынын болуусу.
177.Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тийиштүү токтомдун долбоорлору, ошондой эле ишкердик ишмердикти жөнгө салуучу токтомдун долбоорлору шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого жатат.
Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшүүчү сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпыланат.
Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүү же киргизбөө себептерин негиздемеси менен түшкөн сунуштар жөнүндө жыйынтыктоо маалыматтарды даярдайт.
Жыйынтыктоо маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна тиркелүүчү маалымкатта чагылдырылат.
178.Шаардык кеңештин сайтында токтомдун долбоорунан тышкары кошумча төмөнкү маалыматтар жайгаштырылат:
- аны кабыл алуунун негиздемеси;
- иштеп чыгууда катышкан, ошондой эле токтомдун долбоору менен алдын-ала макулдашылган жактардын жана уюмдардын тизмеги;
- финансылык-экономикалык эсептер, жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундулары;
- статистикалык маалыматтар;
- мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголуучу башка сырды камтыган маалыматтардан тышкары токтомдун долбоорун негиздөө үчүн керектүү башка маалыматтар.
179.Коомдук талкуулоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо Ноокат шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
180.Токтомдордун долбоорлорунун коомдук талкуулоолорунун мөөнөтү бир айдан кем аз болбойт.
181.Шаардык кеңештин сессиясында токтомдун долбоорун кароого чейин ачык же депутаттык угуулар формасында аны алдын-ала талкуулоо өткөрүлүшү мүмкүн.
13-глава
Шаардык кеңештин токтомдорун кабыл алуу
182.Токтомдор шаардык кеңеш тарабынан бул регламент тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат.
Шаардык кеңештин токтомдору бул регламент тарабынан каралган учурлардан тышкары сессияда катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Ноокат шаарынын бюджетинен каржылоону ишке ашырууну талап кылган токтомдорду алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кароого жана кабыл алууга мүмкүн эмес.
183.Шаардык кеңештин сессиясында маселени кароо жол-жобосунун негизги элементтери:
- баяндамачыга чыгып сүйлөө үчүн сөз берүү;
- баяндамачыга суроо берүү жана аларга жооп алуу укугун депутаттарга берүү;
- талкууну өткөрүү (жарыш сөздөрдү);
- жыйынтыктоо сөзү үчүн баяндамачыга жана тең баяндамачыга сөз берүү;
- добуш берүү мотивдери боюнча сөз сүйлөө;
- негизинен токтомдун долбоорун кабыл алуу үчүн добуш берүү;
- негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун же анын тиркемелеринин тексти боюнча сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүү;
- добуш берүү мотивдери боюнча чыгып сүйлөө;
- токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
184.Токтомдун долбоорун кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуу зарылчылыгы жөнүндө маселе талкууланат, токтомдун долбоорунун концепциясынын жалпы баасы берилет.
Талкуулоо токтомдун долбоорунун демилгечисинин баяндамасынан жана шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын тең баяндамасынан башталат.
Эгерде токтомдун долбоорун кароо бири-бирине карама-каршы келген корутундуларды же чечимдерди беришкен бир канча туруктуу комиссияларга тапшырылган болсо, шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын корутундусу менен макул болбогон туруктуу комиссиялардын төрагаларынын баяндамалары дагы угулат.
Токтомдун долбоорун кароодо шаардык кеңештин фракцияларынын, туруктуу комиссияларынын, депутаттарынын, Ноокат шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн, талкууга катышуу үчүн чакырылган башка жактардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат.
Шаардык кеңештин эсебинен жабылуучу чыгымдарды караган токтомдордун долбоорун кароодо Ноокат шаарынын мэриясынын же Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысынын корутундусу милдеттүү түрдө угулат.
185.Сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин белгилейт. Чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин белгилөөдө артыкчылык каралуучу маселелерди даярдоо үчүн фракциялардын жетекчилерине, шаардык кеңеш тарабынан түзүлгөн комиссиялардын өкүлдөрүнө, шаардык кеңештин профилдик комиссияларынын өкүлдөрүнө, шаардык кеңештин сессиясына чакырылган эксперттерге, жазуу жүзүндөгү корутунду берген депутаттарга берилет.
186.Шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, Ноокат шаарынын мэри кезексиз чыгып сүйлөөгө укуктуу.
187.Сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөнүн күн тартибине
ылайык келүүсүнө, чыгып сүйлөөнүн белгиленген убакыты сакталышына көз салат. Зарыл болгон учурда ал жөнүндө эскертип турат.
Эгерде чыгып сүйлөөчү төрагалык кылуучунун көрсөтүүсүн тоотпостон, өз сөзүндө кемсинтүүчү сөздөрдү колдонсо, төрагалык кылуучу тартипке чакырат же аны сөз сүйлөөдөн алып салат.
188.Жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө сунуш добушка коюлат жана ага сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды болуп саналат.
Чыгып сүйлөбөй калган депутаттардын өтүнүчү боюнча, алардын чыгып сүйлөө тексттери сессиянын протоколуна тиркелет. Бул учурда, чыгып сүйлөөнүн тексти шаардык кеңештин аппаратына тапшырылат.
189.Туруктуу комиссиялардын төрагалары талкуунун жыйынтыгы боюнча токтомдун долбоорунун же тиркемелеринин текстине өзгөртүүлөрдү киргизет жана бул жөнүндө токтомдун долбоорун негизинен кабыл алуу үчүн добуш берүүгө чейин билдирет.
Туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу боюнча шаардык кеңештин сессиясы кийинки сессияга чейин токтомдун долбоорун кабыл алууну калтыруу жөнүндө протоколдук чечим кабыл алууга укуктуу.
190.Токтомдун долбоорун негизинен кабыл алганга чейин (анын ичинде жарыш сөздөрдүн жүрүшүндө) депутаттар же аны кабыл алуунун демилгечилери токтомдун долбоорун жазуу же оозеки түрүндөгү арыз менен (добуш берүү жолу менен) расмий түрдө чакырып алууга укуктуу.
Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат.
191.Жарыш сөздөр аяктагандан кийин баяндамачы жана тең баяндамачы жыйынтыктоо сөзү менен чыгып сүйлөөгө укуктуу. Ушундан кийин токтомдун долбоорун негизинен кабыл алуу жөнүндө маселе добушка коюлат.
192.Сессияда төрагалык кылуучу токтомдун жана анын тиркемелеринин тексти боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштайт.
193.Анын жоболорун талкуулоо менен токтомдун долбоорун кароодо талкууланган жана добушка коюлган жазуу жана оозеки түрүндөгү түшкөн бардык сунуштар угулат.
194.Төрагалык кылуучу биринчи кезекте туруктуу комиссиялардын сунуштарын добушка коет. Эгерде шаардык кеңештин сессиясы сунуштардын бирин дагы колдобосо, пункт четке кагылды болуп саналат.
195.Бир эле маселе боюнча бирден көп токтомдун долбоору киргизилсе, шаардык кеңеш мындан ары кароо үчүн кайсынысы кабыл алынгандыгы жөнүндө чечим кабыл алат.
196.Токтомдун долбоорун талкуулоонун жыйынтыктары боюнча сессия добуш берүү болгон, киргизилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү, ошондой эле профилдик комиссиянын жана регламент жана укук маселелери боюнча комиссиянын корутундуларын эске алуу менен токтомду жалпысынан кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алат.
197.Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды болуп саналат. Четке кагылган токтомдун долбоору шаардык кеңеш тарабынан 3 айдан эрте эмес кайта каралуусу мүмкүн.
14-глава
Кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштуруу тартиби
198.Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери документтин долбоорун аткаруучулар менен бирдикте кабыл алынган токтомду сессиядан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде жол-жоболоштурушат.
Шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Токтомдун тиркемелерине шаардык кеңештин аппарат жетекчиси кол коет.
199.Шаардык кеңештин сессиясынын токтому каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттар кол коюшкандан кийин шаардык кеңештин төрагасы кол коет.
200.Документтин аягына "шаардык кеңештин төрагасы колу" деген грифтен ылдыйыраак төмөнкүлөр кол коюшат:
- шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын төрагасы;
- сунуш киргизген шаардык кеңештин депутаттары;
- аты-жөнүн, кызматын, кызматтык телефонунун номурун көрсөтүү менен документтин аткарылышына жооптуу шаардык кеңештин кызматкери.
Зарылчылыкка жараша бул маселени тейлеген Ноокат шаарынын мэриясынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн жетекчилери менен макулдашуу жүргүзүлөт.
Бул регламенттин талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган токтом кол коюуга шаардык кеңештин төрагасына берилет..
Шаардык кеңештин сессиясында бекитилген документке мыйзамсыз киргизген жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
201.Ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдор расмий жарыяланууга тийиш.
202.Токтомдордун расмий жарыялануусу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат.
Токтомдорду толук эмес жарыялоого жол берилбейт.
Токтомдор Ноокат шаарынын маалымат доскасына илинет.
203.Ченемдик-укуктук мүнөздөгү токтомдор расмий жарыялоо алардын күчүнө кирүүсүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
Эгерде токтомдун өзүндө башка шарт каралбаса, токтомдор расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Ишкерлик ишмердикти жөнгө салуучу токтомдор расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
204.Кабыл алынган ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдор укуктук камсыздоо бөлүмүндө каттоодон өтүүгө тийиш, андан кийин алар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлөт.
15-глава
Үстүбүздөгү жылга Ноокат шаарынын бюджетин
кароо жана кабыл алуу жана анын аткарылышы
жөнүндө отчетту угуу өзгөчөлүгү
§1. Ноокат шаарынын бюджетин киргизүү жана бекитүү тартиби
205.Шаардык кеңештин жетекчилиги жана туруктуу комиссиялар мамлекеттик органдардын салык кызматтарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана юридикалык жактардан шаардык бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү бардык маалыматтарды суроого жана алууга, бул органдардын жетекчилерин өз жыйындарына чакырууга жана угууга укуктуу.
206.Шаардык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте берилет.
207.Шаардык бюджеттин долбоорун алдын-ала кароо кийин фракциялардын жана туруктуукомиссиялардын (ишинин багыттары боюнча) жыйында бюджет жана финансы боюнча комиссияда жана регламент жана укук маселелер боюнча комиссияда кароо менен өткөрүлөт.
208.Шаардык бюджеттин долбоорун кароо ачык жана айкын жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоорун кароо боюнча коомдук угуулар өткөрүлүшү зарыл.
Бюджеттин аткарылышы жөнүндө токтом жана тийиштүү жылга шаардын бюджети жөнүндө шаардык кеңештин чечимдери расмий сайтта жайгаштырылууга тийиш.
16-глава
Токтомдордун аткарылышына контроль
209.Токтом аны ишке ашыруу тартибин белгилейт, тактап айтканда:
- конкреттүү мөөнөттөрүн жана пункттарды же токтомду жалпысынан ишке киргизүү ыкмасы;
- органдарга жана кызматтык жактарга токтомду ишке ашыруу, Ноокат шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн (зарыл болгон учурда) кызматтык жактарына таасир этүүчү чараларды көрүү, Ноокат шаарынын мэриясынын актыларын токтомго ылайык келтирүү боюнча конкреттүү тапшырмалардын болуусу;
- аны аткаруу үчүн мөөнөттөр аныкталат.
Шаардык кеңештин ар бир токтомунда анын аткарылышына контроль жүктөлүүчү жак же орган көрсөтүлөт.
210.Контроль кылуунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- токтомду ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин табуу;
- анын аткарылышына кыйынчылык кылуучу себептер;
- анын аткарылышына кыйындатуучу себептерди табуу;
-аткарууга тоскоолдук кылуучу жактарды (органдарды) табуу жана тартуу, зарылчылыкка жараша аларды жоопкерчиликке тартуу, токтомдун аткарылышын сот тартибинде (ушундай зарылчылык болсо) камсыз кылуу.
Шаардык кеңеш жүктөгөн контроль саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жакка (органга) эч кандай атайын ишеним каттар талап кылынбайт.
211.Шаардык кеңештин сессиясы токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты уккандан кийин төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткарылган катары контролдон алып салууга;
- аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;
- бул токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн узартууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
- токтомду жокко чыгарууга;
- токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
- кошумча токтом кабыл алууга.
212.Контроль боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышына контроль жүктөлгөн жакка (органга) тапшырууга, шаардык кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүгө укуктуу.
17-глава
Шаардык кеңештин сессияларынын
жана башка органдарынын жыйналыштарынын протоколу
213.Шаардык кеңештин сессияларында чектеринде катар номур берилүүчү протокол жүргүзүлөт.
Сессиялардын жыйындарынын протоколдорун жол-жоболоштуруу, протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
214.Протоколдун тексти эки бөлүктөн турат: киришүү жана негизги.
Шаардык кеңештин сессиясынын жыйынынын протоколунун киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр чагылдырылат: номуру, өтүү күнү, убактысы жана орду; шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык чакырылган болсо, чакырылгандын тизмеси тиркелет), баяндамачынын аты-жөнүн көрсөтүү менен күн тартиби, шайланган органдардын: катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамы.
Негизги бөлүктө төмөнкүлөр чагылдырылат: сессияны алып баруунун жүрүшү, каралуучу маселелер, баяндамалары менен, жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөөчүлөр, добушка коюуга киргизилген маселелер жана сунуштар, аларды чечүү ыкмалары; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөндөрү алардын фракцияларын, башка жактардын аты-жөнү, кызматын жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
215.Сессиянын протоколу сессия ишин аяктагандан кийин 20 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, шаардык кеңештин төрагасы жана сессиянын катчылыгы тарабынан кол коюлат.
216.Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери төраганын уруксаты менен шаардык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар жактарга протоколдун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн беришет, алардан көчүрмөнү жол-жоболоштурат.
217.Протоколдордун түп нускалары шаардык кеңештин катчылыгында сакталат.
218.Шаардык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын
мыйзамы тарабынан белгиленген эреже боюнча жашырындык деңгээли сессияда талкуулануучу маалыматтардын жашырындык деңгээлине туура келген маалыматтар үчүн жол-жоболоштурулат.
V БӨЛҮК
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ ТАРТИБИ
18-глава
Шаардык кеңештин ишин пландоо
219.Шаардык кеңештин иш-планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш-планы жөнүндө маселе күн тартибине киргизилет.
220.Шаардык кеңештин депутаттары, фракцияларынын лидерлери, туруктуу комиссиялары, Ноокат шаарынын мэри шаардык кеңештин иш-планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
221.Иш-планга шаардык кеңештин сессиясынын, фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарынын кароосуна киргизилүүчү маселелер киргизилет.
222.Ноокат шаарынын мэриясы тарабынан даярдалган маселени иш-планга киргизүүдө, шаардык кеңеш шаардык кеңеште маселени кароо үчүн жооптуу депутатты (эреже катары, фракциянын жетекчисин, шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын) аныктайт.
223.Шаардык кеңештин иш-планын бекитүүдө, иш-планга киргизиле турган маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун берүү талап кылынбайт.
224.Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте пландан тышкары токтомдун долбоорлорун даярдоо жана киргизүү мүмкүнчүлүгү алып салынбайт.
19-глава
Мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
225.Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
226.Мамлекеттик бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
227.Шаардык кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
228.Аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча Ноокат шаарынын мэриясы консультацияларды өткөрөт жана шаардык кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндөгү макулдашууларды жүргүзөт.
229.Шаардык кеңештин сессиясы Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимдерди бекитет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-глава. Шаардын мэрин кызмат ордуна шайлоонун, ага киришүүнүн жана андан бошотуунун тартиби
229-1.Ноокат шаарынын мэри шаардык кеңештин чакырылган мөөнөтүнө шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат.
2.Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын, фракциялардын коалициясынын жана Премьер-министрдин укугу бар.
3. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын эарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, шаардык кеңештин фракциясы, шаардык кеңештин фракцияларынын коалициясы жана Премьер-министр тарабынан талапкерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
4. Мэрди шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу болсо, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай капса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Шаардын мэри төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен, мында, эгерде шаар мэри кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат;;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жок болгон, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда;
21-глава
Ноокат шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тартиби
230.Ноокат шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан добуштун үчтөн экиси менен кабыл алынат.
230-1.Ноокат шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө сунушту Шаардык кеңештин фракциясы жана туруктуу комиссиясы киргизиши мүмкүн.
230-2.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып №31-беренесинин 3,4-бөлүгүн мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
230-3.Шаардын мэрине шаардык кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда Премьер-министр 3 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен шаардык кеңештин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
230-4.Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэрине кайра ишенбестик билдирилген учурда Премьер-министр аны 3 жумушчу күндүн ичинде кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу бар.
230-5.Шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, мэрдин милдеттери шаардын мэри шайланганга чейин биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Биринчи вице-мэрдин кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери вице-мэрге жүктөлөт.
22-глава
Шаардык кеңеш тарабынан контролдук ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби
231.Ноокат шаарынын мэриясы, анын түзүмдүк бөлүктөрү жана кызматтык жактары өз ишинде Ноокат шаардык кеңештин алдында отчет берет жана контролунда болот.
232.Шаардык кеңештин контролдук иши Кыргыз Республикасынын мыйзамына, бул регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
233.Шаардык кеңештин контролдук ишинин уюштуруу негизин шаардык кеңештин контролдук ишин жүзөгө ашыруучу субөекттер: депутаттар, фракциялар, туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялар, түзөт.
234.Контролдук иш төмөнкү формада жүзөгө ашырылат: шаардык кеңештин сессиясында отчетторду угуу; фракциялык сурамаларды жөнөтүү; маалыматтарды угуу.
242.Текшерүүлөрдү жүргүзүү шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
VI БӨЛ/К ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АППАРАТЫ
23-глава
Шаардык кеңештин регламентин сактоого контролду жүзөгө ашыруу тартиби жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар
243.Шаардык кеңештин жаңы редакциядагы регламенти, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Фракциялар, туруктуу комиссиялар же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан азы тарабынан киргизилген шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө сунуштар шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
244.Шаардык кеңештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына контролду шаардык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясы жүзөгө ашырат.
Шаардык кеңештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессиясында берилет жана зарылчылыкка жараша шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
245.Шаардык кеңештин регламентин бузуу менен кабыл алынган токтомдор, алар кабыл алынган учурдан тартып жараксыз деп табылат.
Мындай жагдай пайда болгон учурда, фракциялар, туруктуу комиссиялар жана депутаттар регламент жана мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссияга кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу талабы менен кайрылууга укуктуу.
246.Шаардык кеңештин сессиясынын жыйынында катышуучулар тарабынан тартип бузуулар болсо, ага карата төмөнкү таасир этүүчү чаралар колдонулушу мүмкүн:
- тартипке чакыруу;
- протоколго бул жөнүндө жазуу менен тартипке чакыруу;
- сөгүш берүү;
- сессиянын аягына чейин сөз сүйлөөдөн ажыратуу менен сөгүш берүү.
247.Сессияда төрагалык кылуучу гана сессиянын катышуучуларын тартипке чакырууга укуктуу.
Төрагалык кылуучу шаардык кеңештин сессиясынын катышуучуларын төмөнкү учурларда тартипке чакырат, эгерде ал:
- сессияда төрагалык кылуучу уруксаатсыз чыгып сүйлөсө;
- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактаса.
248.Төрага кайталап тартипке чакырган сессиянын катышуучусу жөнүндө протоколго жазылат.
249.Сессияда төрагалык кылуучунун сунушу боюнча депутатка шаардык кеңештин регламентин бузгандыгы үчүн сессияда катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен сөгүш берилет.
Бул регламентте каралган тартип бузуулар үчүн депутатка сөгүш берилет.
250.Протоколдук чечим менен шаардык кеңештин депутатына төмөнкү учурларда бул сессия убагында сөз сүйлөөдөн убактылуу ажыратуу менен сөгүш берилет:
- ага берилген жөнөкөй сөгүш берүү менен макул болбогондо;
- эгерде ал эки жолу жөнөкөй сөгүш алган болсо.
251.Шаардык кеңештин регламентинин сакталышына контроль шаардык кеңештин төрагасына жана Мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссияга жүктөлөт. Шаардык кеңештин сессиясынын убагында шаардык кеңештин регламентинин сакталышына контроль сессияда төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | М.Ярматов
|