Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры №9
Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун ысымын Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө ыйгаруу боюнча Проектируемая көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 29-октябрындагы кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кенешинин төрагасы А.Нарматовдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин төрагасы А.Нарматовдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө (Бабур көчөсүнөн тартып ылдый жагынан Э.Давлетов көчөсүнө чейин ылдый жагы) Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Проектируемая көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу, турак жайларга номер берүү Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылоо тапшырылсын.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнүн жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |