Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры №10
Масы айылындагы МТФ көчөсүнө Исраил Арзиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Мурдагы «Москва» колхозунун мал товар фермасынын түптөлүшүнө кошкон салымын жана көп жыл талыкпай эмгектенип, элине зор салымын кошкондугу жана эмгекчилдиги, «Кыргыз СССРнин мал чарбасынын эмгек сиңирген устаты» маркум Исраил Арзиевдин ысымын Масы айылындагы МТФ көчөсүнө ыйгаруу боюнча МТФ көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 7-августундагы кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү З.Матиевдин сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү З.Матиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы МТФ көчөсүнө Исраил Арзиевдин ысымы ыйгарылсын.
3.Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. МТФ көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Исраил Арзиевдин жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнүн жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинен камсыздоо маркум Исраил Арзиевдин үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий
жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |