Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры №30-1
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер көрсөтүү боюнча Гереит-Шорон жана кеңеш айылдарынын,айылдык ден-соолук комитетинин (АДК) шайлоочуларынын жамааттык чогулушунун протоколу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Гереит-Шорон жана Кеңеш айылдарынын, айылдык ден-соолук комитетинин (АДК) шайлоочуларынын жамааттык чогулушунун 2019-жылдын 10-декабрындагы протоколу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун көчүрмөсү, Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Мыйзамдуулук,мандат,укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдырахманов |
Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу,Гереит-Шорон жана Кеңеш айылдарынын,айылдык ден-соолук комитетинин (АДК) шайлоочуларынын чогулушунун протоколу.
10-декабрь 2019-жыл | Кеңеш айылы
|
Чогулушка,айылдык ден-соолук комитетинин жамаатынан 18 киши катышты.
Чогулушту Жусупов Анарбай алып барды.
Күн тартибинде:
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер көрсөтүү жөнүндө.
Угулду: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына,Кеңеш айылынын тургуну 1957-жылы туулган,орто билимдүү Нурдунова Тургунташ Эсенбаевнанын талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө,Арапова Гүлнара сунуш кылып маалыматтарды берди.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап жамаатык чогулуш чечим кылат:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына,Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу,Гереит-Шорон жана Кеңеш айылдарынын,айылдык ден-соолук комитетинин жамаатынан,Кеңеш айылынын тургуну 1957-жылы туулган Нурдунова Тургунташ Эсенбаевнанын талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Чогулуштун протоколун бекитип берүү жагы Төөлөс айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун башчысы А.Жусупов
Чогулуштун катчысы Н.Таабалдиева