Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №4
Ачык-Суу айылындагы “Куур-Булак Таза Суу” муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы “Куур-Булак Таза Суу” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировдун маалыматын жана АРИСтин Ала-Тоо булагы долбоорунун инстутициялык өнүгүү боюнча адиси Бактыбаев Дыйканбай Мисиратиллевичтин маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы “Куур-Булак Таза Суу” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң, Ош областык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартибин чындоо,кенештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировко жүктөлсүн
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |
«БЕКИТИЛГЕН»
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн
Башчысы ____________ Бакиров С.Ж.
Буйрук №________
«______» ______________ 2020-жыл.
«Куур-Булак Таза-Суу»
муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
Ачык-Суу айылы
2020 - жыл
Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштеп чыгарылган жана «Куур-Булак Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин, негизги максаттарын, функцияларын, укук-милдеттерин, жоопкерчилигин, башка уюмдар менен байланышын, кайрадан түзүү жана жоюлуу тартибин аныктайт.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
«Куур-Булак Таза-Суу» муниципалдык ишканасы (мындан нары - Муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмдөрү тарабынан катталгандан кийин юридикалык жак статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде фирмалык аталыштары көрсөтүлгөн мөөрү, башка мөөрлөрү, бурчтук штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, өздүк эсепке, эсептик жана башка эсептерге ээ болот жана сот бийлигинде доочу жана жоопту болун чыгалат.
Муниципалдык ишкананын уюштуруучусу: Кашка-Суу айыл өкмөтү мекемеси.
Муниципалдык ишкананын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Куур-Булак Таза-Суу» муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Куур-Булак Таза-Суу».
Муниципалдык ишкананын фирмалык кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Куур-Булак Таза-Суу» МИ.
Расмий тилде аталышы: МП «Куур-Булак Таза-Суу».
Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Чоң-Алай району, Кашка-Суу айылдык аймагы, Ачык-Суу айылы.
Муниципалдык ишкананын ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн указдарына жана буйруктарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу-органдарынын жана айылдык кеңештин токтомдоруна, буйруктарына жана Ушул жобого таянып алып барат.
Муниципалдык ишкана өзүнүн уюштуруучусу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн милдеттемелерине жоопкерчилик тартпайт жана Кашка-Суу айыл өкмөтү Муниципалдык ишкананын милдеттемелерине жоопкерчилик тартпайт.
МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ
Муниципалдык ишкананын негизги максаттарынын бири болуп: Өзүнө тийиштүү, аныкталган аймакта сапаттуу турак-жай кызматтарын көрсөтүү жолу менен, айыл жашоочуларынын жашоосуна жакшы, ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Өзүнө тийиштүү, аныкталган аймакта Кыргыз Республикасынын турак-жай кодексининин нормаларын иш жүзүнө ашыруу.
Муниципалдык ишкананын негизги максаттарын иш жүзүнө ашырууда, төмөндөгүдөй иш-аракетерди жүргүзөт:
Аймакта жашаган жарандарды таза суу менен камсыз кылуу;
Айыл аймактагы ички жолдорду көзөмөлдөө;
Айылды жарыктандыруу
катуу турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу;
суу жүргүзүү (канализация);
Айыл-чарба багытындагы жерлерди сугат суулар менен камсыз кылуу;
Аймактын айыл чарба жана башка тармактагы маселелерди чечүүдө, техника шаймандары менен камсыз кылуу;
Жайыт, жайлоо маселелери чечүү;
Жаратылыш кендерин үнөмдүү пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, жана жашылдандыруу иштерин алып баруу;
Турак-жай кызматын көрсөтүүчүлөр жана керектөөчүлөр менен келишим түзүү, алардын көлөмүнүн эсебин аныктоо, көрсөтүгөн кызматтардын сапаттуулугун көзөмөлдөө, келишимдин шарттарын бузган учурда кызмат көрсөтүүчүлүргө жана анын керектөөчүлөрүнө тийиштүү чаралады көрүү;
үй ичиндеге инженердик коммуникацияларын тейлөө кызматын көрсөтүү үчун, менчиктүүлүк укугун тастыктаган документердин негизинде, менчик-үй ээлери менен келим түзүү.
Кызмат көрсөтүү үчун ижарага алуучулар жана киши жашабаган жай ээлери менен келишим түзүү.
Турак-жай кызматынын керектөөчүлөрүнөн төлөм жыйноо.
Турак-жай кызматынын керектөөчүлөрүнүн карыздарын соттоук тартипте өндүрүү.
Өзүнө тийиштүү, аныкталган аймактагы үй-ээлерин каттоого алуу жана алардын эсебин жүргүзүү.
Көрсөтүлгөн казматтардын туура колдонулушун жана аларга колдонулган тарифтерин көзөмөлдөө.
Антимонополиялык комитет аркылуу жогорку ыйгарым укуктуу органга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын бааларын жана тарифтерин орнотуу.
МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН УКУГУ
Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн аткарууда төмөндөкүлөргү укуктуу:
Юридикалык жана физикалык жактар менен келишимдерди, кантракттарды түзүү, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тосколдук кылбаган юридикалык иш-аракеттерди жүргүзүү;
Каржы операцияларын жүргүзүү, өз алдынча өз карамагындагы мүлктөрдү жана акча каражаттары колдонуу;
Ижарага мүлктөрдү жана имараттарды алуу:
Өзүнүн жүгүртмө каражаттары;
Юридикалык жана физикалык жактар акысыз жана акылуу кызматтарды көрсөтүү;
Өндүрүштү өнүктүрүү жана материалдык сый (дем берип кызыктыруу) фондун уюштуруу;
Өз алдынча ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана келечектеги өнүгүүсүн аныктоо;
Муниципалдык ишкананын ишине тиешелуу маселелер боюнча сот органдарына кайрылууга жана катышууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамына туура келген жана башка иш-аракеттерди жүргүзүү.
Муниципалдык ишкана бактардан эсептик, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу. Өз алдынча чарба маселелери боюнча чечим алууга, мекеме жана уюмдар ортосундагы түзүлгөн келишимдеги бааларды аныктоого жана түшкүн пайдаларды бөлүштүрүү укуктуу.
Кыргызс Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттенмелерине, өзүнүн менчик мүлктөрү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат.
IV. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ.
4.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдүүлүк эсептерди жүргүзөт, белгиленген формада статистикалык эсеп жүргүзөт жана анын тактыгына жоопкерчилик алат.
4.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери Кашка-Суу айыл өкмөтү жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлгө алынат.
4.3.Муниципалдык ишкананын балансындагы мулктөрдү эсептен чыгаруу жана жараксыз деп табу уюштуруучунун чечими менен белгиленген тартипте гана жүргүзүлөт.
V. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ БАШКАРУУ.
5.1.Муниципалдык ишкананын жогорку органы болуп, анын уюштуруучусу – Кашка-Суу айыл өкмөтү саналат.
Уюштуруучунун компетенциясын төмөнкү маселелер кирет:
Муниципалдык ишкананын жобосун бекитүү;
Муниципалдык ишкананын жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
Муниципалдык ишкананын жетекчисин жана анын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу;
Жетекчинин сунушу боюнча, Муниципалдык ишкананын штаттык түзүлмөсүн бекитүү;
Муниципалдык ишкананын филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим;
Муниципалдык ишкананын башка юридикалык жактарга катышуусу жана мүчө болуп кирүүсү;
Муниципалдык ишкананын кайра түзүү жана жоюу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн башка ыйгарымдуу укуктары;
5.2.Муниципалдык ишкананын аткаруучу органы болуп анын жетекчиси саналат. Муниципалдык ишкананын жеткекчиси, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалып жана бошотулат.
5.3.Муниципалдык ишкананын жетекчисинин орун басарларын, жетекчинин сунушу боюнча, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалып жана бошотулат.
5.4.Жетекчи, өзүнө берилген укуктардын, жүктөлгөн милдеттеридин жана функциялардын чегинде Муниципалдык ишкананын иш-аракетин уюштурат, жана ага берилген укуктардын жана тапшырылган милдеттердин, өз убагында, сапаттуу жана тийиштүү формада аткарылышына, аньн ичинде отчеттук маалыматтардын тууралыгы, анчылык-чарбалык иштин нормаларынын сакталышы жагында тийиштуу аткарылышы учун жеке жоопкерчиликте болот;
5.5.Муниципалдык ишкананын жетекчиси төмөндөкүлөргө укуктуу:
Өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
Муниципалдык ишкананын жылдык иш чараларынын, планын бекитуу
Ишеним каты жок Муниципалдык ишкананы башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде, коомдук уюмдарда өкүлчүлүк кылуу;
Муниципалдык ишкананын атынан келишимдерди, контракттарды түзүү;
Муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн, анын структурасын бекитүү үчүн жогорку органга сунуштоо;
Муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, ошол эле учурда контрактык негиздегилерди да;
Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин айлык акысын жана анын төлөө формасын аныктоо;
Муниципалдык ишканадан чыккан документтерге биринчи кол коюу укугу;
КРнын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Муниципалдык ишкананын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
VI. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ МҮЛКҮ
6.1. Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уюштуруучу тарабынан өткөзүп берилген жана балансында турган менчик жана жүгүртмө каражаттары ишкананын мулку болуп саналат.
6.2. Муниципалдык ишканага уюштуруучу тарабынан өткөзүп берилген мүлктөрдү иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 230-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
6.3.Муниципалдык ишкананын мүлктөрүнүн жана ишмердүүлүгүнүн каржыланган булактар төмөнкүлөр түзөт:
Уюштуруучу өткөзүп берген мүлктөр жана башка каражаттар;
Көрсөтүлгөн кызматтырынан жана башка иш-аракеттеринен түшкөн пайдалар.
Мамлекеттик, чет-өлкөлүк мекемелер, демөөрчү, коомдук, коммерциялык, юридикалык жатар тарабынан материадык жардам катары түшкөн мүлктүк төлөм, кайыр-садага кылып берилген акча каражаттар;
Түрдүү иш чараларды уюштуруудан түшкөн каражаттар (маданий, спорттук ж.б. массалык иш-чараларды уюштуруудан, кайрымдуулук акцияларын өткөрүүдөн, лекция, көргөзмө, аукцион ж.б. иш – чараларды өткөрүүдөн);
Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше;
Муниципалдык ишкананын менчигинен алынуучу киреше;
Мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелер.
6.4.Муниципалдык ишкана, көрсөтүлгөн кызматтырынан жана башка иш-аракеттеринен түшкөн кирешелерди, жободо көрсөтүгөн маселелерди аткаруу үчүн жана тийиштүү фонддорду түзүү менен өз алдынча бөлүштүрө алат..
VII. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН МАМИЛЕСИ.
7.1.Муниципалдык ишкананын кызмат адамдарынын, жана ишкананын кызматкерлеринин укук жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Жобо, ички ченемдик укуктук актылар, жана эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.
7.2.Муниципалдык ишкананын мүлкүнө кызмат адамдар жана ишкананын кызматкерлери тарабынан зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишимдин (контрактын) негизинде материалдык жоопкерчиликти тартат.
7.3.Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин иш-милдеттери ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет.
VIII. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ИШ-АРАКЕТИН ТОКТОТУУ
8.1.Муниципалдык ишкананын иш-аракетинин токтотулушу Кырыгз Республикасынын мыйзамдарында көрсүтүлгөн тартиптердин негизинде жоюлуу жана кайрадан түзүлүү жолу менен жүргүзүлөт.
8.2.Муниципалдык ишкананын иш-аракетин токтотуу жөнүндөгү чечим уюштуруучусу тарабынан кабыл алынат.
7.3. Муниципалдык ишкананын кредиторлорунун талаптары канаттандырылгандан кийинки калган мүлктөр Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлөт.
8.4.Муниципалдык ишкананын иш-аракетинин токтотулушу юридикалык жактардын мамлекеттик Бирдиктүү реестрине жоюлган тууралуу тийиштүү маалымат киргенден соң иш-аракети токтотулган болуп саналт.
8.5.Муниципалдык ишкананын иш алып баруу процессинде пайда болгон документтер, Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонд» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аткарылып жана тийиштүү мекемелерде сакталат.
Жетекчиси Убайдилла уулу Валижан