Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №209
Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине жана Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 281-беренесине ылайык, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе кийинки сессиянын кароосуна калтырылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматтарды камсыздоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |