Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №213
Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 5-декабрындагы №416/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы № 50 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
-Ош шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
-Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети 2-тиркемеге ылайык.
2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомунун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
| Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XXIV сессиясыны №213 токтомуна 1-тиркеме
|
ОШ ШААРЫНДАГЫ СЫРТКЫ ЖАРНАК ЖАНА МААЛЫМАТ
ОБЬЕКТИЛЕРИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Негизги жоболор
1.1. Ош шаарындагы сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелери (мындан ары - Эреже) шаардын архитектуралык-көркөм жана маалымат чөйрөсүнүн туура калыптануу процессин көзөмөлгө алуу, сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин пайдалануу, Ош шаарынын мүлкүндө сырткы жарнак жана маалыматтарды жайылтуу максатында кабыл алынды.
Ушул эрежелер сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана аларды пайдалануу, шаардын мүлкүн сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуудагы шарттар, Ош шаарынын аймагында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотууга уруксат берүүнүн иретин жана эрежелерин сактоону көзөмөлгө алуу боюнча талаптарды орнотот.

1.2. Ушул эрежелерди сактоо бардык юридикалык жана физикалык жактарга, алардын ведомстволук жана жеке менчиктин формасына карабай жана жеке ишкерлер үчүн сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотууда жана пайдаланууда бирдей талап коюлат.
1.3. Эрежелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жарнама жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана башка укуктук нормативдик документтердин негизинде иштелип чыккан.

1.4. Сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын уруксатынын негизинде ишке ашат.
Сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу Ош шаарынын мүлкүнө, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

2. Сырткы жарнак жана маалымат обьектилери
Сырткы жарнама жана маалымат обьектилерине ар кандай обьектилер, ар түрдү жарнакты жана маалыматты жайылтууну көздөгөн, Ош шаарынын аймагындагы жалпы жер участкаларында орнотулган, имараттарда, курулуштарда визуалдык кабыл алынуучу маалыматтар кирет.
Сырткы жарнак жана маалыматтар төмөнкү бөлүктөргө бөлүнөт:
- сырткы жарнак обьектилери (жарнактык конструкциялар);
- шаардык маалымат обьектилери;
- калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жасалгалоо обөектилери.

2.1. Сырткы жарнак жана маалымат обьектилерине коюлуучу талаптар
2.1.1. Негизги талаптар:
- шаардын аймагында орнотулган сырткы жарнак маалымат обьектилери Кыргыз Республикасынын түштүк борбору – Ош шаарынын архитектуралык-көркөм визуалдык кабыл алуусуна тоскоол болбошу жана шаардын архитектуралык келбетин начарлатпашы керек;
мисалы:
1-сүрөттүн 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, имараттын үстүндө жайгашкан көлөмдүү тамга 3 метрден бийик эмес жана ошондой эле имараттын үстүнөн (чатырынан) бийик болбошу керек себептери; ар-кандай жаратылыш кырсыктарынан (шамал, жаан-чачын, чагылган ж.б.), жана архитектуралык-көркөмүн сактоо менен заманбап жаңы үлгүдөгү жарыктандыруу (светодиодду) менен жана талапка жооп бере турган конструкциясы менен жарандардын коопсуздугун эске алуу менен орнотулушу керек.
Имараттын сыртына фасадка баш-аламан сырткы жарнак жайгаштырууга тыюу салынат.
- сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин жол кыймылдарын иретке келтирип туруучу белгилерге орнотууга жана пайдаланууга болбойт.
- сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу белгиленген тартипте бекитилген концепт-программа болсо, ошол концепт-программанын негизинде орнотулат.
- сырткы жарнама жана маалымат обьектисинин конструкциясы техникалык нормаларга жана талаптарга жооп бериши керек. ГОСТ, ПУЭге, техникалык, регламенттик жана башка нормативдик актыларга ылайыкташтырылып коопсуз, долбоорлошкон, жана белгиненген тартипте макулдашуусу керек.
- сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу санитардык нормаларды жана эрежелерди (электромагниттик нурдануу ж.б.) бузбашы керек.
- сырткы жарнама жана маалымат обьектилери маалымат - кабарларсыз турбашы керек.
- сырткы жарнама жана маалымат обьектилери жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү нормативдик актыларга ылайык болушу керек.
- жалпы пайдалануудагы жерлерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьектилери жөө жүргүнчүлөргө, көчөлөрдү жана тратуарларды тазалоодо тоскоолдук түзбөшү керек. Ызы-чууну, коогаланды, кубаттуу электромагниттик же башка нурданууну жана талааларды пайда кылуу булактары болгон сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин эл жашоочу жайларга орнотуу жана пайдаланууга тыюу салынат.
- сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин тротуардан, гүл отургузуучу жайлардан 2 м алыстыкта орнотуу керек.
- имараттарда жана мекемелерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьектиси ошол имараттын архитектурасын бузбашы керек. Сырткы жарнакты стационардык жана убактылуу архитектуралык ансамблдеги тосмолордо, сейилбактарда, скверлерде, илим, маданият жана билим берүү мекемелеринин аямагында орнотууга уруксат берилбейт.
- сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин маданий мурасты билдирүүчү обьектилерде жана өз алдынча туруучу сырткы жарнакты тарыхий жана маданий мурастарды сактоочу аймактарга орнотууга, ошол турган маданий мурастык обьектти сактап турган шарттар түзүлүшүн камсыз кылуу менен уруксат берилет.
- жаңы орнотулуучу жарнактык конструкциялар, мурда орнотулган жарнактык обьекттердин келбетин бузбашы керек.
- жаңы орнотулган конструкциялар үчүн, кичине форматтагы концтрукциялардан башка, бир багытта жайланышып (жолдордун, көчөлөрдүн, газондордун бир жагында), бир жактан көрүүгө ылайыкташтырылып, өз алдынча турган конструкциялар ортосундагы аралык 100 метрден кем болбошу керек.

2.1.2. Жол кыймылынын коопсуздук талаптары.
2.1.2.1. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттери жол кыймылын уюштуруу мекемелеринин долбоорлорун эске алуу менен орнотулат.

2.1.2.2. Сырткы жарнаманы орнотуу иштери жол кыймылынын коопсуздугун негиздөчү нормативдик актынын талабына ылайык жүргүзүлүшү керек.

2.1.2.3. Сырткы жарнама жана маалыматты орнотуу жана тейлөө боюнча монтаж иштерин аткарууда, иш жүргүзүлгөн жерлерде жол кыймылынын коопсуздук талаптары сакталышы керек.

2.2. Сырткы жарнак обьекттери
2.2.1. Сырткы жарнама обекттерине жарнак калканчалары, стенддер, транспаранттар, электрондук табло жана башка аймактык жайгашылуудагы стабилдик техникалык обьекттер кирет жана алар жерде же сырткы дубалдарда, имарат чатырларында, башка конструктивдик имарат элементтеринде, курулуштарда, шаардык аялдамаларда, таксофондук кабиналарда, көчө ажатканаларында, киоскаларда жана башка шаардык инфраструктура обьекттеринде, Ош шаарынын аймагында сырткы жарнакты жайылтуу максатында орнотулат.

2.2.2. Сырткы жарнама обьекттери бир гана жарнакты же социалдык жарнакты жайылтуу үчүн гана колдонулушу керек.

2.2..3. Сырткы жарнама обьекттерин терезе жана эшиктерде, аркаларда көрсөтүлгөн эреженин негизинде орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет,сүрөттө көрсөтүлгөндөй имараттын сыртын толугу менен сырткы жарнак менен тосуп көркөмүн бузууга тыюу салынат жана имараттын сырты 20%тен көп сырткы жарнама болбошу керек.

Мисалы:
Имараттардын жана чакан дүкөндөрдүн сыртында баш-аламан кылып архитектуралык-көркөмүн бузуп сырткы жарнак жайгаштырууга тыюу салынат, эрежелер сакталбаса атайын рейд учурунда бир ирет эскертүү менен алынып салынат.
Имараттын көрсөтүлгөн жайына заманбап үлгүдөгү (светодиодуу ) бирдей көлөмдүү тамга орнотуу, эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
2.2.4. Курулуш аянттарын тосу милдетин аткарган тосулмаларга жана курулуш торлоруна сырткы жарнама обьекттерин орнотуу жана пайдалануу эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

2.2.5. Коомдук унаалар аялдамасындагы конструктивдик элементтерге сырткы жарнама обьекттерин орнотуу жана пайдалануу эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

2.2.6. Эгерде сырткы жарнама обьектисин жарык кылуу үчүн андан өз алдынча бөлөк турган ток булактарын пайдаланган учурда, жарык кылуучу лампалардын бекилмелери декоративдик элементтер менен жабылып турушу керек.
2.2.7. Сырткы жарнама обьектиси, ээсинин аты жөнү, телефонунун номери жана шаардык реестрдеги саны көрсөтүлгөн маркировкага ээ болушу керек. Маркировканын талаптары Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аныкталат. Жарнама орундарын шаардык реестрге киргизүүнүн иретин Ош шаарынын мэриясы бекитет.

2.2.8. Сырткы жарнаманы орнотуу (монтаждоо), пайдалануу, бузуп алып салуу (демонтаж, снос) иштери обьекттин ээси тарабынан сырткы жарнак обьектиси орнотулуп жаткан жердин, имараттын жана башка кыймылсыз мүлктүн ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде же болбосо бул мүлктөрдүн ээси тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу адам менен, анын ичинде ижарачы менен (эгерде ага ушундай укук берилсе) жүргүзүлөт.

2.2.9. Туруктуу сырткы жарнама обьекттери:

2.2.9.1. Калкан орнотмолор - жерде өз алдынча туруучу маалымат жайгаштыруу үчүн сырткы беттери бар жана фундамент, каркас, маалымат талаадан турган обьекттер.
Калкан орнотмолору бир беттүү маалымат талаасы боюнча төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- чакан же шаардык формата сити формат,панно ж.б. (4,5 кв.м. чейин);
- орто форматта сити борд ж.б. (4,5 кв.метрден 10кв.м. чейин);
- чоң форматта билборд ж.б.( 10кв.метрден 18кв.мге чейин);
- өтө чоң форматта мега борд ж.б.(18кв.метрден өйдө).
Сити формат эскиздик долбоору тиркелет.
Сити борд эскиздик долбоору тиркелет.
Калкан орнотмолоруна коюулуучу талаптар:
- калкан орнотмолору негизинен эки беттүү вариантта жасалат.
- бир беттүү вариантта аткарылган калкан орнотмолордун арткы тарабы декоративдүү жасалгаланган болушу керек.
- өз алдынча турган орнотмолордун фундаменти жер бетинен чыгып турбашы керек. Фундаментти жер бетинин дэңгели менен бирдей кылып куюга мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда, фундаментти жер бетинен 5 см бийиктикте куюга мүмкүнчүлүк берилет. Бул учурда фундаментин чекелери жамбаш таш же жолдук тосмо менен бекитилиши керек жана ал шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын макулдугу менен декоративдик - көркөм жасалгаланышы керек.
- каттуулук жана бирикмелердин конструктивдик элементтери (болттук бирикмелер, таяныч элементери ж.б.) декоративдик элементтер менен жабылышы керек.
- калкан орнотмолорунун конструкциясынын ар кандай бириктирүүчү бөлүктөрү көрүнбөй турушу керек.
2.2.9.2. Жарнама-маалыматтык белгилери жол чекесиндеги кууш профилдеги обөектилер жөнүндө маалымат берүү үчүн орнотулат (ашкана, дөңгөлөктү, карбюраторлорду, амортизаторлорду оңдоочу ишкана, кошумча тетиктер дүкөнү).
Жарнама-маалымат белгинин маалымат талаасынын аянты анын сырткы көлөмүнүн өлчөмдөрү аркылуу аныкталат.

2.2.9.3. Көлөмдүк-мейкиндик обөектилер - жарнаманын маалыматты жайылтуу үчүн обөектинин көлөмү гана эмес анын бети да колдонулган сырткы жарнама обьектиси.
Бул обөектилер жеке долбоор боюнча жасалат.
Обьекттин үлгүсү жана долбоору ар бир конкреттүү учур үчүн Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан каралат жана бекитилет.
Көлөмдүк-мейкиндик обьекттеринин маалымат талаасынын аянты эсеп жолу менен аныкталат.

2.2.9.4. Желек композициясы жана бастырмалар – негизи бир же бир нече флагштоктон (түркүктөн) жана жумшак кездемеден турган сырткы жарнак обьектиси.
Флагшток.
Желектер жарык кылуучу столбаларда, имараттарда жана курулуштарда орнотулушу мүмкүн.
Желектин маалымат талаасынын аянты анын кездемесинин эки жак аянтынан аныкталат.
Серенин маалымат талаасынын аянты анын бир бетинин көлөмүнөн аныкталат.
2.2.9.5. Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак обөектилери - имараттын карнизинин денгээлинен бийиктикте же имараттын чатырларында толугу менен же айрым жерлеринде орнотулуучу (көлөмдүк же жалпак беттик) обөекттер.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнама обөектиси бышыктоочу элементтерден, конструкциядан жана маалымат орнотулуучу элементерден турат.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнама обьекттери ток булагынан авариялык өчүрүү системасы менен жабдылып, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнама обьекттеринин маалымат талаасынын аянты, төлөнүүчү сумманы аныктоодо анын сырткы көлөмү аркылуу аныкталат.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнама обьекттерин шаардын өзгөчө маанидеги аймактарына орнотуу үчүн милдеттүү түрдө Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен макулдашуусу керек.

2.2.9.6. Дубалдык панно - имараттын дубалынын бетине орнотулуучу сырткы жарнак обьектиси. Алар төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт:
- дубал бетине түздөн түз тартылган сүрөттөр;
- дубалга орнотуучу элементтерден, каркастан жана маалыматтык талаадан турган обьект.
Дубалдык панно типтүү жана жеке долбоорлор менен аткарылат.
Дубалга бекитүү элементтери бар дубалдык паннолор үчүн, обьекттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милдеттүү түрдө обьектти дубалга бекитүү долбоору иштелип чыгышы зарыл.
Дубалдык паннонун маалымат талаасынын аянты, анын каркасынан көлөмү аркылуу аныкталат.
Маданий мурас катарына киргизилген обьекттердин башкы фасадтарына, тарыхый эстеликтердин архитектуралык бүтүндүгүн кабыл алуусун бузуучу имараттын көпчүлүк бөлүгүн, айнек үкөк, терезе, архитектуралык бөлүктөрүн, декоративдик жасалгалоону жаап калуучу чоң көлөмдөгү калкан жана баннердик обьекттерди орнотууга уруксат берилбейт.
2.2.9.7. Кронштейн – эки тараптуу консолдуу жалпак сырткы жарнак обьектиси, алар имараттарга, столбаларга жана өз алдынча түркүктөргө орнотулат.
Мисалы:
Кронштейндер эки тараптуу вариантта, ички жарыктануусу менен жасалышы керек.
Кронштейндин типтик көлөмү (түркүктөргө тургузулгандары тик аткарылышта) 1,2 х 1,8м түзөт.
Имараттардын маңдайында орнотулуучу кронштейндердин көлөмү имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө карай аныкталат.
Кронштейндерди коопсуз пайдалануу максатында 3,5 метрден кем болбогон бийиктикте орнотулат.
Имараттарда кронштейндер негизинен биринчи жана экинчи кабаттардын аралыгында жайгаштырылат.
Кронштейнди түркүккө орнотууда, алар жүргүнчү жүрүүчү бөлүктүн терс багытына карашы зарыл жана ээсинин идентификациялык жана телефонунун номери жазылган маркировкасы болушу керек. Түркүктө бирден ашык сырткы жарнама объектисин орнотуу мүмкүн эмес.
Имараттарга бекитилген кронштейндер бекитилүүчү жайдан 1,5 метрден ашык чыгып турушу мүмкүн эмес.
Жарнаманын маалыматтар алмашуучу кронштейндерди имараттардын фасадтарына жайгаштырууга тыюу салынат.
Кронштейндин маалымат талаасынын аянты анын эки бетинин аянты аркылуу аныкталат.

2.2.9.8. Транспарант – тартмалары - бекитилүүчү бөлүктөн, тартуу бөлүктөн жана маалымат сүрөттөн туруучу сырткы жарнак обөектиси.
Транспарант-тартмалар жарыкталган (анын ичинде гирляндалар) жана жарыкталбаган, жумшак кездемеден жасалуучу болуп бөлүнөт.
Жарыкталган Транспарант-тартмаларынын конструкциясы ток булагынан авариялык өчүрө турган системасы бар болушу керек.
Транспарант-тартмалар жүргүнчү жүрүчү бөлүктөн 5 метрден ылдый эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек.
Транспарант-тартмалардын бири-бири менен болгон аралыгы 100 метрден аз эмес болушу керек.
Транспарант-тартмалардын маалыматтык талаасынын аянты анын эки бетинин аянтынан аныкталат.
Ош шаарынын негизги көчөлөрүнө транспарант-тартылмалаларды жайгаштырууга тыюу салынат.
2.2.9.9. Шөкөт айнектер (витраждар) - имараттардын терезе жана эшик оюктарына орнотулуучу сырткы жарнак обьектиси. Конструкциясы боюнча шөкөт айнектер негизинен, каркастан жана тунук беттен турат.
Жарнак маалымат айнектелген шөкөт айнектин ички тарабына жайгаштырылат.
Шөкөт айнектер түнкү убакытта жарыктануусу керек.
Тейлөө мекемелердин шөкөт айнектеринде өзүнүн тиешелүү ишине дал келбеген жарнактык жасалгалоону орнотуу жана пайдалануу мүмкүн. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн жарнактык жасалгалоо шөкөт айнектин 20%дан ашуун аянтын ээлебеши керек.
Үй-тиричилигин тейлөө мекемелеринин шөкөт айнектеринде акысыз төмөнкү маалыматтарды орнотууга мүмкүн:
- үй-тиричилигин тейлөө жана тейлөө аймагындагы сапат системасынын, эркин тастыктоо системалык аймактык белгилер;
- мекеме иштетүүчү чыгым материалдарын өндүргөн фирмалардын аталыштары (товардык белгилер), жабдыктар, технологиялык процесстер;
Калкты тейлөө боюнча адистештирилген турмуш-тиричилик техникаларын; радиэлектроапаратураларды оңдоо жана тейлөө боюнча ишканалардын шөкөт айнектеринде өздөрү оңдогон турмуш-тиричилик техникаларды чыгарган фирмалардын товардык эн белгилеринин аталыштарын жайгаштырууга уруксат берилет.
Шөкөт айнектеги маалымат аянты, айнек үкөктүн тунук бетине түшүрүлө турган сүрөттөлүштүн көлөмүнөн (габаритинен) жана шөкөт айнектин ички тарабына түшүрүлө турган көлөмдүү конструкциялардын көлөмүнө карап (габаритинен) аныкталат.
2.2.9.10. Проектордук орнотуулар - жердин жана дубалдын бетине көлөмдүү сүрөттөлүштөрдү көрсөтүүгө ылайыкташтырылган сырткы жарнаманын обьекттери.
Проектордук орнотуулардын конструкциясы, көрсөтүлө турган түзүлүштөн жана экрандан же маалыматтуу сүрөттөлүш түзүлгөн көлөмдөн турат.
Жалпак сүрөттөлүш үчүн маалымат талаасынын аянты көрсөтүлүүчү беттин көлөмүнөн аныкталат, ал эми көлөмдүү сүрөттөлүштөр үчүн, эсептөө жолу мене аныкталат.

2.2.9.11. Электрондук экрандар (табло) - экрандын бетиндеги лампалардын, светодиодтордун, же башка жарык булактардын жарык нурданууларынын эсебинен чыгылдырылуучу сырткы жарнак обьекттери.
Маалыматтык талаанын аянты жарык нурдануучу беттин көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.
Өз алдынча турган электрондук экрандардын арткы тарабы декоративдүү жасалгаланышы керек. Анын фундаменти жер бетинен чыгып турбашы керек.
Өзгөчө учурда фундаментти тереңдетүүгө мүмкүн эмес болсо, фундамент жамбаш таш менен же жолдук тосмолор менен жасалгаланып жер бетинен бийик деңгээлде орнотууга уруксат берилет. Ошол эле учурда бул декоративдик жасалгалоо үчүн Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен макулдашуусу керек.
Конструкциялык элементтер жана бекитүү элементтери (болттук бирикмелер, таяныч элементтери ж.б.) декоратив жасалгалоолор менен жабылышы керек.
Мекемелердин жана имараттардын чатырында орнотулган электрондук экрандар ток булактарынан авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы керек жана ал өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык болушу зарыл.
2.2.9.12. Маркиздер - мекемелердин жана имараттардын айнек үкүктөрүнө жана киребериштерине же имараттын оюктарына, козырек же бастырма түрүндө жасалып ага сырткы жарнактык маалыматтар сүрөттөлүп орнотулган обьекттер.
Маркиздер, кармап туруучу элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизден жасалган маалыматтык аянттан турат.
Маркиздин маалыматтык талаа аянты түшүрүлө турган сүрөттүн көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.
2.2.9.13. Жөө жүрүүчү тосмолордогу сырткы жарнак обьекттер бул - жөө жүрүүчү тосмолордун айнектелген же башка беттеринде орнотулуучу жарнак обьекттери.
Жөө жүрүүчү тосмолордогу конструкциянын маалыматтык аянты анын эки тарабынын аянтынан аныкталат.
Бул типтеги конструкцияларга жана аларды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштүү болгон талаптар коюлат.
2.2.9.14. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу унааларынын аялдама павильонундагы сырткы жарнак обеекттери – аялдама павильонунун айнектелген же башка бетине жайгаштырылуучу сырткы жарнак обөектилери.
Конструкциянын маалыматтык талаасынын аянты жарнактык конструкциялардын беттеринин аянты аркылуу аныкталат.

2.2.9.15. Шаардык инфраструктура обөекттеринде жайгаштырылуучу сырткы жарнама обьекттери - таксофондук кабиналардын, жолдогу туалеттердин, киосктордун жана жер астындагы өтмөктөрдүн павильондорунун айнектелген же башка беттерине жайгаштырылуучу сырткы жарнак обьекттери.

Конструкциянын маалыматтык талаа аянты жарнактык конструкциянын беттеринин аянтынан аныкталат.

Жарнактык конструкцияларды шаардык инфраструктура обьекттеринин чатырында орнотууга тыюу салынат (толугу менен фирмалык стилде жасалгаланган павильон жана киоскалардан сырткары).
2.2.10. Сырткы жарнаманын убактылуу обьекттери:

2.2.10.1. Сыртка алынып чыгуучу калканча конструкциялары (штендерлер) – шаардагы мекемелердин иш убактысында коюлуучу убактылуу сырткы жарнактык обьекттер.
Штендерлер эки тараптуу, жеке жарык берүүсү жок, бир тарабынын аянты 1,5 кв.метрден ашпаган болушу керек. Штендерлер жөө жүрүү зоналарда жана тротуарларда мекеменин киреберишинен 5 метрден ашпаган аралыкта коюлушу керек.
Штендерлерди тротуардын эни 3 метрден кем болгон жерлерде жана жөө жүрүүчүлөргө тосколдук кылган жерлерге орнотууга тыюу салынат.
Мекемелердин кире беришине экиден ашык штендерди коюга жана тратуардан жакшы көрүнгөн илинмелердин жана айнек үкөктөрдүн жанына кошумча жарнак обьектиси катары штендерди коюп пайдаланууга тыюу салынат (коомдук тамактануу жайларынан сырткары).
2.2.10.2. Курулуш аянттарындагы, убактылуу тосмолордогу жана жолдогу соода түйүндөрүндөгү (жайкы кафе, көргөзмө, жайма) жана башка убактылуу тосмолордогу сырткы жарнак обьекттери жогорудагы обьекттердин көркөм жасалгалануусун камсыз кылышы керек.
Бул обьекттерди өзүнчө калканчалар менен, жумшак жасалгалоолор же лента менен жасалгалоо сунуш кылынат. Калкандык конструкцияны колдонуу учурунда калканчанын бийиктиги, тосмо элементтеринин өлчөмүнүн ½ бийиктигинен ашпашы керек.
Эгерде курулуш аянтында курулуштар жана тосмо тору бар болсо сырткы жарнактын ушул эрежеде каралган башка обьекттин орнотууга мүмкүн. Курулуш аянтынын тосмосуна бийиктиги 10 метрден ашкан сырткы жарнак обьектти орнотууда, бул көрсөтүлгөн тосмо курулуш уюштуруу долбоорунда (КУД) көрсөтүлүшү керек.
Курулуш аянтынын убактылуу тосмолорунда сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу ушул эрежеде бекитлгендей сырткы жарнак жана маалыматты орнотуу уруксаттынын негизинде курулуш-монтаждык иштери жүргүзүлүчү убакытта орнотулат.
2.2.10.3. Курулуш торлорундагы сырткы жарнак обьекттери – курулуш обөектисин тосуучу торлордогу сүрөт түрүндөгү убактылуу сырткы жарнак обьекттери.
Курулуш торлордогу сырткы жарнакты орнотуу жана пайдалануу, курулуш жана реставрациялоо жумуштары жүргүзүлгөн имараттын сырткы тарабында (фасад) курулуш ордеринин иштөө мөөнөтү ичинде орнотулат.
Убактылуу сырткы жарнама обьектттерин орнотуу жана пайдалануу уруксатынын иш кагаздарын ушул эрежеде көрсөтүлгөндөй жасоо керек.
Курулуш торлордогу сырткы жарнак обьекттин маалыматтык талаа аянты түшүрүлгөн сүрөттүн көлөмүнө карап (габаритинен) аныкталат.

2.3 Шаардык маалымат обекттери
2.3.1. Шаардык маалымат обьекттери болуп, калкка шаар турмушундагы окуялар, Ош шаарынын аткаруу бийлигинин органдарынын иши жөнүндө маалымат берүү, Оштун тургундарына жана меймандарына шаарда жүрүүнүн багытын көрсөтүп берүү жана сурап билүү кызматын өтөө максатында шаардын аймагына орнотулган конструкциялар эсептелет.
2.3.2. Шаардык маалымат обьекттери төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- маалыматтык көрсөткүчтөр;
- электрондук сурап билүү терминалдары;
- мамлекеттик бийлик органдарынын илинмелери;
- калкка маалымат берүү жана коопсуздук максатында курулуш, жол, кырсыктык жана башка жумуштардын жүргүзүлүшү жөнүндө маалыматтык билдирүүсү менен стендтер (маалыматтык конструкциялар);
- Ош шаарынын мэринин буйругу жана токтомуна ылайык, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тапшырмасы менен тематикалык план боюнча жайгаштырылуучу, шаардын майрамдык жасалгалары.
2.3.3. Шаардык обьекттердин жайгашуусунун көчөлүк жана маалыматтык коммуникациялык көрсөткүчтөрү.
- көчө системасы (көчөлөрдүн, проспектилердин, аянттардын, жол кесилиштеринин ж.б.у.с. аттары) шаардык, аймактык жана муниципалдык, маанидеги мекеме жана ишканалардын жайгашкан жерлери, маданий – тарыхый эстеликтер, керектөө рыногунун мекемелери жана ишканалары, шаардык инфраструктуранын башка обьекттери жөнүндө маалыматы бар таянычка (өздүк таянычка, шаардык жарык берүү таянычына, карым-катнаш байланыш тармагы таянычына) орнотулган, ички өндүрүштүк менен эки тараптуу же бир тараптуу жалпак модулдук конструкция. Көчөдөгү маалыматтык коммуникациялык көрсөткүчтүн модулунун ченеми 1550х1550мметрден ашпашы керек.
2.3.4. Шаардык маалымат берүү обьекттерин орнотуу жана иштетүү үчүн уруксат берүүчү документтерди даярдоо талап кылынбайт.
2.4. Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык
жана жарнамалык жасалгалоо обьекттери
2.4.1. Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо обьектти болуп – товар же кызмат көрсөтүү жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо максатында турган жериндеги, аймактагы үйлөрдүн же башка имараттардын сырткы дубалына жайгаштырылган ар түрдүү жарнактар, дубал панолору, кронштейндер жана башка обьекттер эсептелет.
Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жана жарнамалык жасалгалоо обьекттери төмөнкүдөй түрлөргө бөлүштүрүлөт:
- жарнактар
- маалыматтык жасалгалар (маалымат берүү конструкциялары)
- жарнактык жасалгалар
2.4.2. Көрнөктөр даярдоочунун аталышын (аткаруучу, сатуучу), анын турган жери (дареги) жана керектөөчүнүн укугун коргоо максатында иш убактысы жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик жана официалдык тилде керектөөчүлөргө билдирүү үчүн илинет.
Көрнөктөр даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тарабынан алар жайгашкан имараттын көрүнүктүү жерине, оң же сол тарабына же киреберишине жана ошондой эле жарманкеге (ярмарка), күркөгө жана башка соода жүргүзүчү жайларга илинет.
Көрнөктөрдүн ченеми узундугу боюнча 60 сметрден, турасы боюнча 40 сметрден: тамгалардын жана сандардын бийиктиги 10сметрден ашпоосу керек.
Көрөнөктөрдү жайгаштыруу үчүн уруксат алуу талап кылынбайт.
2.4.3. Калкты тейлөөчү мекемелердин жана ишканалардын имараттарынын алдындагы аянттын көрүнүктүү жерине, ашканалардын тиби жана профили, керектөөчүлөргө багыт берүү үчүн чекене соода жүргүзү жана калкты тейлөө орду көрсөтүлгөн маалыматтарды мамлекеттик жана официалдык тилде жайгаштыруу үчүн маалымат конструкциясын орнотот.
Калкты тейлөөчү мекемелердин жана ишканалардын маалыматтык конструкциялары төмөндөгүдөй орнотулушу мүмкүн:
- имараттын ээси же ал тарабынан дайындалган укуктук ээси менен макулдашып, имараттын алдындагы аянтчага же имараттын киреберишине орнотуу;
- бир же эки кабаттуу же стилобаттык курулуштун имаратынын чатырына чатырдык конструкция орнотуу;
- бир же эки кабаттуу же стилобаттык курулушта имараттын бир бөлүгүнө орнотуу.
Имарат башка кишинин ээлигинде болсо, андан конструкцияны жайгаштырууга, жазуу жүзүндө макулдук алуу керек.
Керектүү техникалык, ошону менен бирге эле дизайн долбооруна тыянак болсо, керектөөчүлөр рыногунун жана тейлөөнүн тармактуу ишканасынын типтүү маалымат конструкциясын орнотууга уруксат алуу бекитилген тартипте жүргүзүлөт (ишке ашат).
Керектөөчүлөр рыногунун жана тейлөөнүн тармактык ишканасынын типтүү маалымат конструкциясын милдеттүү текшерүүчү техникалык экспертизасы алгачкы текшерүүдөн 5 жылдан кийин, конструкциянын электирдик бөлүгү 3 жылдан кийин жүргүзүлөт.
Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалымат конструкцияларын орнотууга шаардык укуктук ишканалардын макулдугу уруксааттын мөөнөтү бүткөнгө чейин жарайт.
Бир нече бир типтү конструкциядагы – көркөм элементерден турган маалымат конструкциясына бир гана уруксат даярдалат.
Маалыматтык жасалганын тамгаларынын бийиктиги 15сметрден кем болбоо керек.
Маалымат конструкциясы күндүн түнкү мезгилинде жарыктын ички булагы аркылуу жарык кылынат.(светодиодный тамгадан болушу шарт)
Сүрөттө көрсөтүлгөндөй:
Сыртка чыгуучу дарбазасы негизги жөө жүрүүчү көчөлөргө чыкпаган имараттарда (подвалдар, жарым подвалдар, коргондун ичинде) жайгашкан калкты тиричилик жактан тейлөөчү мекемелерге уруксат берилет:
- алардын турган ордун билдирген типтүү жарык кылынган маалымат берүү аянты 2 кв.метрден ашпаган көрсөткүчтү имаратка акысыз орнотууга;
- керектөөчүлөрдү кызматы менен таныштырууга арналган милдеттүү маалыматы менен жылдырып жүрүүчү калкандык конструкцияларды (штендерлерди) сырткы жарнамалар жана маалыматтардын убактылуу обьекттерин көпчүлүккө көрүнүктүү жайларга акысыз орнотууга;
- бул конструкциялар унаа жолдорунан өтүүчү зоналарга ишканалардын кире беришинен 5м алыстыкта, тротуарларга орнотулат.
Маалыматтар жолдун унаа жүргөн тарабынан кабыл алууга багыталбашы керек, унаа жолдорунан жөө кесип өтүүчүлөргө тоскоолдук кылбаш керек, соода маркасын, башка кызмат өтөөчү юридикалык тараптардын аталыштарын жана белгилерин камтыбаш керек.
Көрсөтүлгөн конструкцияны орнотууга негиз болуп калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалымат конструкциясы жөнүндөгү эрежеде көрсөтүлгөндөй тартипте жасалган, сырткы жарнак жана маалымат обекттисин орнотууга алынган уруксат болуп саналат.
2.4.4. Калкты тейлөө мекемелердин жана ишканалардын маалымат конструкциясына жайгаштыруу жазуунун болжолду тизмеси:
Мисалы: төмөндөгүдөй сүрөттө
2.4.4.1. Азык-түлүк соодасын жүргүзүүчү чакан ишканалар үчүн: универсам, супермаркет, гастроном, азык-түлүк дүкөндөрү, атайын дүкөндөр.
2.4.4.2. Азык-түлүк эмес соода жүргүзүчү чакан ишканалар үчүн: универмаг, соода үйү, соода борбору, атайын дүкөн, арзандатылган дүкөндөр.
Эскертүү: профили адистештирилген соода мекемелерине (бир товардык группасынын соода аянты 50%дан чоң) маалымат конструкциясына жазууда аталыштарын жазууга уруксат берилет: «Балык», «Булочка», «Кондитердик булочка», «Кондитердик товарлар», «Сүт», «Жашылча жемиштер», «Кийимдер», «Бут кийимдер», «Булгары кийимдер» ж.б. Ал эми айрым керектелүүчү белгилери боюнча топтоштурулган товарларды сатууда:
- «Диеталык азыктар», «Балдардын тамак ашы», «Эркектер үчүн товарлар», «Аялдар үчүн товарлар», «Белектер», «Жаңы үйлөнгөндөр үчүн товарлар», «Спорттук товарлар» ж.б.
2.4.4.3. Коомдук тамактануу мекемелери үчүн: ресторан, бар, кафе, бистро, кафетерий, ашкана, кулинардык дүкөн ж.б.
Эскертүү: коомдук тамактануу мекемелеринин адистештирилген профилдик мекемелерди белгилөөдө: «Шашлык», «Пирожки», «Жаштар кафеси», «Балдар кафеси» ж.б. аталыштарды колдонууга уруксат берилет.
2.4.4.4. Калктын тиричилигин тейлөө мекемелери үчүн: турмуш тиричилик кызматы, бут кийим оңдоо, кийим тигүү (баш кийим, парда, жүн, булгары жасалгалары ж.б.), турмуш тиричиликтик техниканы оңдоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: радио-электрондук жабдуулары, турмуш-тиричиликтик машиналардын, муздаткычтардын, тигүүчү машиналардын, сааттардын ж.б.) ачкыч, зергер, буюмдарды жасоо, үй эмеректерин жасоо жана (же) оңдоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: жумшак эмерек, ашкана эмеректери, токулган эмеректер ж.б.), химиялык тазалоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: кийимдерди, килемдерди, тыбыт буюмдарын жууш, чачтарач (толуктоо мүмкүн: косметика, моникюр), фото сүрөткө тартуу (толуктоо мүмкүн: сүрөт даярдоо) мукабалоо (толуктоо мүмкүн: брошюларды чыгаруу), ижарага берүү (адистигин көрсөтүү мүмкүн: спорттук каражаттар, күндөлүк керектелүүчү үй буюмдары, музыкалык аспаптар ж.б.), ритуалдык кызматтар (толуктоо мүмкүн: үрп адат кызматы), эстелик жасоо (мүрзө курулмалары, тосмолор ж.б.), ломбард, жыю жана тазалоо кызматы (имараттарды, батирлерди, кеңселерди ж.б.) ж.б.
Мекеме тиби: ателье, мода үйү, салон-адистигин көрсөтүү менен, техникалык борбор, кабыл алуу пункту (адистигин көрсөтүү менен), химиялык тазалоо, кир жуугуч жай, фото ателье, фотография, бюро (түрдүлөр) мультисервис: тейлөө үйү.
Кызматтардын аталышын кыскартууга уруксат берилет: «Метало-ремонт», «Химтазалоо», «Фото» ж.б.
Мекеме тейлеген кызматтарды бириктирүүгө болот: «Химтазалоо – кир жуугуч жай», «Саат оңдоо жана зергерчилик» ж.б.
2.4.4.5. Автозаправкалык станциялар жана автоунаа жуучу жайлар үчүн: автозаправкалык станция (АЗС), автозаправкалык комплекс (АЗК), «Бензин», «Автожуугуч» ж.б. аталыштарды колдонууга уруксат берилет.
Бөлүнгөн аймакта автозаправкалык станциялардын, жуучу посттордун имараттарында жана курулуштарында күйүүчү майлардын баасы жана унааларды жууш кызматынын баасы жөнүндө маалыматтарды жайлаштыруу үчүн конструкцияны орнотууга жана иштетүүгө уруксат берилет. Автозаправкалык станциянын жана жуугуч посттун өзүнчө турган конструкциясын станцияга же постко бөлүнгөн аймактын чегинен 100метрден ашпаган аралыкка унаанын багытына каратып, жолдун четиндеги сызыкка орнотуп иштетүүгө уруксат берилет.
2.4.4.6. Оюндук бизнес мекемеси - кире беришке мекеменин профилин көрсөтүү менен маалыматтык конструкциясын орнотуп, иштетүүгө укуктуу. Мында, потенциалдык кардарлар (стробоскоптор, жарык-динамикалык түзүлүштөр ж.б.) жана ошондой эле ишканалар тематикасы боюнча декоративдик элементтер үчүн бул мекеменин өзүнө тартуучулугун күчөтүүчү кошумча техникалык түзүлүштөрдү, ыкмаларды жана жабдууларды колдонууга жол бербөө керек.
2.4.5. Калкты тейлөө боюнча мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо обөектилерине жазуу мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.
Товардык жана тейлөө белгилери катары кабыл алынган тартипте каттоодон өткөн декоративдик элементтерди маалыматтык конструкцияларга жайгаштырууга уруксат берилет. Мындай маалыматтык конструкциянын ээси товардык белгини жана тейлөө белгисин колдонууга мыйзамда белгиленген тартипте катталган укукка ээ болушу керек.
Мындай декоративдик элементердин, товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин сүрөттөлүшү керектөөчүлөрдү багыттоо максатында жайгаштырылган маалыматтардан ашып кетпөөсү керек.
2.4.6. Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жана жарнактык жасалгалоо обөектилеринин көрнөктөн башкасын орнотуу ушул эрежеде каралган тартипте даярдалган уруксаттын жана архитектуралык-техникалык тыянактын негизинде ишке ашырылат. Мында маалыматтык жасалгалоо обөектисин орнотууга менчиктин түрүнө карабастан Ош шаарынын мүлкүн пайдалануу боюнча келишимин түзүү талап кылынбайт.
2.4.7. Калкты тейлөө мекемелери маалыматтык конструкцияга кошумча жарнактык маалыматты (жарнактык жасалгалоо) орнотууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамына ылайык катталган товардык белгилерден жана тейлөө белгилеринен башка жарнактык жасалганын тексти мамлекеттик тилде аткарылуусу керек. Мекеменин профилин жана тибин ачык көрсөткөн кыргызча текст болгондо гана катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери англис тилинде оригиналдык түрдө аткарылышы жана жайгаштырылышы мүмкүн.
Бул учурда товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин жазган тамгалардын бийиктиги, мекеменин профилин жана тибин ачып көрсөткөн кыргызча тексттин негизги шрифтинин бийиктигине салыштырмалуу аз дегенде 2 эсе кичине болууга тийиш. Товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин чет тилинде сүрөттөлүшүн ишке ашыруу усулу жана саны мекеменин ишинин профили жөнүндөгү маалыматтын текстинен басымдуулук кылбаш керек.
2.4.8. Мекемеге жакын жайгашкан мүлктүк обьекттерге жеке долбоор боюнча түзүлгөн, өндүрүш мекемелеринин, маданият, спорт, элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканалардын маалымат-жарнак көрсөткүчтөрүн орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет.
2.4.9. Элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканаларынын жарнактык жаслгалоо максатындагы сырткы жарнама жана маалымат обьекттери ушул эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жасалгаланууга тийиш.

3. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотууга
жана пайдаланууга уруксат иш кагаздарын даярдоо

3.1. Иш кагаздарын даярдоонун жалпы талаптары
Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотууга жана пайдаланууга уруксат берүүчү иш кагаздарга, сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотууга уруксат же калкты тейлеген ишкана жана мекемелердин маалыматтык жасалгалоо обьекттерин орнотууга алынган уруксат кирет. Сырткы жарнак обьекттин орнотууга уруксаттын формасы (мындан ары техникалык паспорт, 3-тиркеме) белгиленген тартипте бекитилет.
Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотууга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо боюнча ыйгарым укукту ишкана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы болуп саналат.
Менчик ээсинин же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар башка мыйзамдуу адамдын орнотмого техникалык паспорту болсо Ош шаарынын аймагындагы сырткы жарнак обьекттерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат берилет.

3.2. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотууга уруксат берүү
3.2.1. Менчик ээси же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар мыйзамдуу адам, же болбосо сырткы жарнак жана маалымат обьекттинин ээси Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына көрсөтүлгөн формада (2-тиркеме) кайрылышат. Арызда сырткы жарнама жана маалымат обьекттинин техникалык өлчөмү, аймактык жайгашкан жери жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Арыз берүүчү талап кылган иш кагаздарды берүү үчүн, арызга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоодо макулдашууга керек болгон иш кагаздардын тиркелиши зарыл.
Жогорудагы иш кагаздары көрсөтүлбөгөн учурда арыз кабыл алынбашы мүмкүн.

3.2.2. Уруксат берүү арызын кабыл алып жана карап чыкандан кийин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы техникалык паспортту берүү үчүн керек болгон тиешелүү толук ыйгарымдуу органдар (Ош ш. АжШКБ, Ош ш. МАКБ, Ош ш. ИИБ ЖККБ жана о.с.) менен макулдашууларды өз алдынча жүргүзөт. Аларды алгандан кийин, техникалык паспортту берүүнү же макулдук бербөө чечимин чыгарат. Арыз берүүчү толук ыйгарымдуу органдар менен болгон макулдашууларды өз алдынча алууга жана аларды Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына көрсөтүүгө укукту.
3.2.3. Техникалык паспортту берүү же макулдукту бербөө жөнүндөгү Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын чечими арыз берилген күндөн баштап бир айдан кечиктирбей кабыл алынат жана уруксат берүү жөнүндөгү чечим арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.
3.2.4. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан техникалык паспортту бербөө жөнүндөгү чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүйөлөштүрүлгөн жана кабыл алынган болушу керек.
3.2.5. Техникалык паспорт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош шаарынын жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.
3.2.6. Техникалык паспорт Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын дооматы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими менен жараксыз деп табылышы мүмкүн.
3.2.7. Техникалык паспорт тиешелүү кызматтардын жана обьекттин мыйзамдуу ээсинин катышуусунда депутаттардын Ош шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.
Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү, Курманжан-Датка көчөсү жана Ленин көчөлөрүнө мындан ары «П» же «Арка» жана «Г» үлгүсүндөгү сырткы жарнак жана маалымат обекттьерин орнотууга уруксат берилбейт.
3.3. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат
обьекттерин орнотуу жана пайдалануу үчүн келишим

3.3.1. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу, келишимдин негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу сырткы жарнак жана маалымат обьекттеринин ээсине (мындан ары жарнак жайылтуучу) жер участкаларда жана башка Ош шаарынын мүлкүндө, анын ичинде оперативдик жана ишеним берүүчү башкармалыгынын, чарба жүргүзүүгө берилген жалпы пайдалануучу жерде сырткы жарнакты жайылтуу максатында обьект орнотуу жана пайдаланууга төлөм аркылуу мүмкүнчүлүк түзүп берет.

3.3.2. Келишим боюнча төлөмдүн өлчөмү ушул эреженин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн тартиптеги эсеп кысаптын негизинде аныкталат.
3.3.3. Келишим түзүлгөндөн кийин жарнама жайылтуучу Ош шаарынын кыймылсыз мүлкүндө сырткы жарнак жана маалымат обьекттин макулдашылган долбоордук иш кагаздардын негизинде 30 күндүн ичинде орнотууга милдеттүү. Техникалык татаал сырткы жарнак жана маалымат обьектьин орнотуу мөөнөтү, жарнак жайылтуучунун арызынын негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармачылыгынын макулдугу менен узартылышы мүмкүн.

3.3.4. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат обьекттин жарнак жайылтуу же социалдык жарнак максатында гана пайдаланууга милдеттүү. Социалдык жарнак материалдары Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүп, мыйзам чегинде жарнактык конструкцияга жарнак жайылтуучу тарабынан жайгаштырылат.
3.3.5. Жарнама жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат обьекттин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана пайдалануу келишиминде аныкталган Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьекттин орнотуу жана пайдалануу тартибинин негизинде жүргүзөт.

3.3.6. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьекттин орнотуу жана пайдалануу жарнак жайылтуучу менен түзүлгөн келишим Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бир жылдык мөөнөт менен түзүлөт.

3.3.7. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн, Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьекттин орнотуу жана пайдалануу келишимисиз Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьекттин орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилбейт.

3.3.8. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы шаардын башка мекемелери менен биргеликте сырткы жарнама жана маалымат обьекттинин техникалык абалын жана пайдалануусун көзөмөлгө алат.

3.3.9. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бир тараптуу тартипте төмөнкү учурларда келишим бузулушу мүмкүн:
3.3.9.1. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттинде социалдык жарнамага же жарнага тиешесиз маалыматтар жайгаштырылса же сырткы жарнак жана маалымат обьектти максатсыз багытта пайдаланылса;

3.3.9.2. Келишимде көрсөтүлгөн 20 календардык күн ичинде төлөм жүргүзүлбөсө;
3.3.9.3. Сырткы жарнак жана маалымат обьекттин орнотууга уруксат мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылса же жараксыз деп табылса;
3.3.9.4. Жарнама жайылтуучу социалдык жарнакты жайгаштыруу боюнча милдетин аткарбаса;

3.3.9.5. Уруксат алуу үчүн жазылган арызда көрсөтүлгөн обьект, орнотулган сырткы жарнама жана маалымат обьекттинин техникалык иш кагаздары менен дал келбесе;

3.3.9.6. Берилген типтеги обөектилерге көрсөтүлгөн, сырткы жарнама жана маалымат обьектти техникалык талаптарга туура келбестигин жоюуга коюлган талаптарды жарнама жайылтуучу бир нече ирет аткарбаса;

3.3.9.7. Шаар куруу абалынын өзгөрүшү, сырткы жарнама жана маалымат обьектти орнотулуучу аймакта сырткы жарнама орнотуу концепт-программасын ишке ашырууда;

3.3.9.8. Архитектуралык-техникалык тыянактын убакыт мөөнөтү бүткөн учурда;
3.3.10. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жарнама жайылтуучу 10 күн ичинде сырткы жарнама жана маалымат обьекттин ажыратып алууга (демонтаж) милдеттүү. Чоң жана артыкча чоң сырткы жарнама жана маалымат обьекттери үчүн мөөнөт Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көрсөтүлөт. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттин ажыратып алуу (демонтаж) боюнча милдеттенме өз мөөнөтүндө аткарылбаса сырткы жарнама жана маалымат обьектти мажбурлоо жолу менен ажыратып алууну Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ишке ашырат жана ажыратып алууга кеткен чыгымдарды жарнама жайылтуучудан талап кылууга укуктуу;

3.3.11. Өз убагында төлөм жүргүзбөгөндүгү үчүн келишим боюнча жарнак жайылтуучу мөөнөтү өткөн ар бир күнүнө, мөөнөтү өткөн төлөмдүн 0,05%ыз өлчөмүндө айып төлөмүн төлөйт;
3.3.12. Ош шаарынын мүлкүн сырткы жарнама жана маалымат обьектин орнотуу жана пайдалануу үчүн колдонуу келишимсиз жүргүзүлсө, Ош шаарынын мунципалдык менчик башкармалыгы бул конструкцияларды ажыратып алууга жана накта сырткы жарнама жана маалымат обьекттин орнотууга төлөнгөн төлөмдүн өлчөмүндө чыгым төлөөнү талап кылууга, ажыратып алууга кеткен чыгымдарды талап кылууга, зарыл учурда ажыратылган обьекттердин калдыктарын жок кылууга (утилизация) укуктуу.
4. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу (демонтаж)
4.1. Уруксатсыз, келишимсиз же мөөнөтү бүткөн келишимдин негизинде орнотулган сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу жарнак жайылтуучунун эсебинен жүргүзүлөт.

4.2. Көрсөтүлгөн талап аткарылбаса, сырткы жарнама жана маалымат обьекттери көрсөтүлгөн тартипте мажбурлоо жолу менен ажыратып алууга дуушар болот.

4.3. Ээси аныкталбаган, жок болсо, же ажыратып алууну өз эсебинен жүргүзүүдөн баш тарткан сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу ыйгарым укуктуу органдардын (Ош ш. ММБ, Ош ш. МАКБ, Ош ш. АжШКБ жана о.с.) катышуусундагы комиссиянын актысынын негизинде Ош шаарынын бюджетинин эсебинен тиешелүү чыгымдар беренеси аркылуу Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тапшырмасы менен жүргүзүлөт.

4.4. Эреже бузуулар менен орнотулган сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу, ташып чыгаруу, кампаларда убактылуу сактоо, материалдык баалулуктарды ташып чыгуу актысы жана жоопкерчиликтүү сактоого берүү актысынын негизинде ажыратып алуудан кийин бир айлык мөөнөткө кампаларда сактоого берилет.

4.5. Жарнама жайылтуучу тараптан ажыратып алууга, ташууга, сактоого жумшалган чыгымдар төлөнгөндөн кийин ажыратылган обьект көрсөтүлгөн тартипте ээсине кайтарылат.

4.6. Ажыратып алуу, ташуу, сактоо, калдыктарын жок кылуу боюнча буюртманы аткаруу иштери үчүн аткаруучу уюмдарга акысын төлөө, Ош шаарынын бюджетинен жумшалат. Жарнама жайылтуучу кеткен чыгымдарды бекитилген тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү.
4.7. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын талабы боюнча мажбурлоо жолу менен ажыратып алуу иштерине жумшалган чыгымды көтөрүү, өз эркинче орнотулган сырткы жарнама жана маалымат обьекттисин жайгаштырган жарнак жайылтуучунун эсебинен болот.

5. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдаланууда макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар

5.1. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы Ош шаарынын аймагында сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу менен байланышкан функцияларды ишке ашырууга укуктуу Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы:
- тийиштүү кыймылсыз мүлктүн ээлери же башка мыйзамдуу ээлеринин арыздарын кабыл алуу жана карап чыгуу функцияларын аткаруучу, сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат алуу жөнүндө маалымат берүү, керектөө рыногунун мекемелеринин маалымат конструкцияларын орнотууга уруксат берүү функцияларын аткарат;
- ыйгарым укуктуу органдар менен бирге уруксат берүүдөгү чечимди кабыл алууда зарыл болгон макулдашууну ишке ашырат, уруксатты даярдайт жана берет;
- уруксатты жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат;
- Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу боюнча келишимдерди түзөт;
- төмөндөгү жумуштарды аткарууда кардалчынын функциясын аткарат:
Ош шаарында сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотуу долбоорун жана концепт-программаларын иштеп чыгуу боюнча;
социалдык жарнама материалдарын даярдоо боюнча;
шаардык маалымат обьекттерин куруу боюнча;
Ош шаарынын мүлкүнө өз алдынча орнотулган сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин ажыратып алуу боюнча.

5.2. Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы макулдашат:
- долбоордук-сметалык иш кагаздарын;
- сырткы жарнама обьекттин орнотуу концепт-программасынын долбоорун;
- шааркуруу абалдарын жана имараттардын, курулмалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, визуалдуу анализдөөнүн негизинде орнотууга мүмкүн болгон орунга бекитүү менен сырткы жарнак жана маалымат обьекттердин баардык түрлөрүнүн дизайн-долбоорун жана кайрадан орнотулуучу конструкцияларга мөөнөтүн узартуу шартында архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) берет жана орнотулгандарга жыл сайын АТКнын мөөнөтүн узартат.
5.3. Ош шаарынын ИИБ ЖККБ – сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотууда алардын жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча нормативдик укуктук актыга туура келүүсү боюнча макулдашууну жүргүзөт.

6. Кайрадан орнотулган сырткы жарнама жана маалымат обьекттеринин
долбоордук иш кагаздарга дал келүүсүн текшерүү

6.1. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу боюнча курулуш-монтаждоо, электрдик иштерди жүргүзүү үчүн лицензиясы бар мекемелер тарабынан макулдашылган долбоордук иш кагаздар менен дал келгендей аткарылышы керек.

6.2. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттеринин фундаменттик курулушу жана башка жер иштери Ош шаарынын мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгынын милдеттүү түрдөгү актысынын жер иштетүү өндүрүшүнүн ордеринин негизинде жүргүзүлөт.

6.3. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттин орнотуудан 15 күн мурун Ош шаарынын ИИБ ЖККБгө көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн же тилке четин ээлөө жана кыймылды чектөө же убактылуу жабуу заарылчылыгы боюнча маалымат берилүүсү керек.

6.4. Имараттарда жана курулмаларда сырткы жарнама жана мааалымат обьекттерин куруу (монтаждоо) ээлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда же анын иш жүргүзүүсү жөнүндө маалыматты кабарлоодон кийин гана жүргүзүлөт.

6.5. Курулуш-куруу (монтаждоо) жана электротехникалык иштерди аткарганда төмөндөгүдөй иш кагаздар болушу талап кылынат:
- сырткы жарнама жана маалымат обьекттин орнотууга белгиленген тартипте жасалган уруксаат;
- архитектуралык-техникалык тыянак;
- жер казуу иштерин аткаруу үчүн ордер (ал жүргүзүлгөн болсо).

6.6. Жарнама жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат обекттин орноткондон кийин айлананы төмөндө белгиленген мөөнөттө калыбына келтирүүгө милдеттүү:
- тарыхый мурастар тилкесинде жана шаардык өзгөчө маанидеги аймакта 2 күндөн ашпаган мөөнөттө;
- жалпы шаардык маанидеги көчөлөрдө 4 күндөн ашпаган мөөнөттө;
- жалпы шаардык маанидеги кварталдар ичиндеги аймактарда 7 күндөн ашпаган мөөнөттө.

6.7. Жарнама жайылтуучу ар кандай коопсуздук эрежелеринин бузулушуна жооп берет. Ошондой эле бузулуулар жана кырсыктын болу учурлары үчүн, сырткы жарнама жана маалымат обьекттин куруу жана пайдалануу учурундагы кетирген каталыктар боюнча жооп берет.

6.8. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттисин орнотуу боюнча курулуш куруу иштери аяктагандан кийин 3 жумуш күн ичинде жарнак жайылтуучу сырткы жарнама жана маалымат обьекттисинин пайдаланууга берилгендиги жөнүндөгү актысын түзүп, аны Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына берүүгө милдеттүү.

6.9. Кайра орнотулган сырткы жарнама жана маалымат обьекттисинин долбоордук иш кагаздарга жана техникалык эрежелердин жана шарттардын талаптарына дал келүүсүн текшерүү, СНиП, ПУЭ жана башка нормативдик иш кагаздар көз карандысыз эксперттик уюмдар тарабынан өткөрүлөт. Кайра орнотулган сырткы жарнак жана маалымат обьекттин текшерүүгө болгон өтүнүч кат, пайдаланууга берилгенден кийин 10 күндөн ашпаган мөөнөттө, жарнак жайылтуучу тарабынан берилет. Жарнама жайылтуучунун өтүнүч катын алгандан кийин 14 жумуш күн ичинде көз карандысыз уюм, тиешелүү протокол түзү менен көрсөтүлгөн обөекттин изилдөөсүн жүргүзөт.

6.10. Обьектти пайдаланууга берген текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сырткы жарнама жана маалымат обөектисинин долбоорунун иш кагаздарына дал келгендиги жөнүндө эксперттик тыянак Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы бекиткен форма боюнча түзүлөт. Эгерде сырткы жарнама жана маалымат обьектти долбоорго дал келсе, эксперттик тыянакка биринчи пландык текшерилүүнүн убактысы көрсөтүлөт. Ал эми долбоорго дал келбесе же коопсуздук талаптарга жооп бербесе, кемчиликтерди жоюу тизмеси көрсөтүлгөн эксперттик терс тыянак берилет.
Коопсуздук талаптарына дал келбеген маалыматтар ай сайын (ал эми кырсык учурларында кечиктирилбестен) Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына, Ош ш. ИИБ ЖККБнө билдирилет.
Сырткы жарнама жана маалымат обьекттинин ээси табылган кемчиликтерди четтетүүгө шарты же калоосу болбогон учурда укуктуу эксперттик уюм обьектти ажыратып алуу (демонтаж) сунушун Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына жиберет.

7. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин
пайдалануу жана иликтөө

7.1. Пайдалануудагы сырткы жарнама жана маалымат обьекттин пландуу иликтөө үчүн жарнама жайылтуучу Ош шаарынын мамлекеттик архитектура курулуш башкармалыгына кайрылат, пландуу иликтөөнү өз эсебинен жылына бир жолу жүргүзөт. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттин маалымат аянты 140 чарчы метрден (м2) ашкан учурда кошумча иликтөөдөн өткөрүү үчүн эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнама жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Тыянактын мөөнөтү бүткөндөн кийин кезектеги иликтөө жүргүзүлөт.

7.2. Пландуу иликтөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- конструкциянын механикалык-температуралык, коррозиялык жана башка таасирлердин натыйжасынан бузулуш абалын жана деңгээлин текшерүүнү;
- нормативдик иш кагаздарга дал келүүсүн, сырткы жарнама жана маалымат обьекттин электр жабдууларынын абалын текшерүүнү;
- долбоордук-конструктордук иш кагаздары жок учурунда же бузулган учурда, обөектини алып жүрүү мүмкүнчүлүгүнө контролдук эсеп-кысап жүргүзүлөт. Контролдук эсеп-кысап байкалган бузулууну эске алып, обьект болжол менен минималдуу бышык материалдардан жасалган деп, накта өлчөмү жана көлөмү менен жүргүзүлөт.
- электротехникалык иш кагазы жок (жоголгон) учурда электр жабдыктардын көлөмдөрүнүн көзөмөл эсеп-кысабы электр жабдыктардын орнотулгандыгын эске алуу менен жүргүзүлөт.

7.3. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен обьектти андан ары пайдалануу мүмкүндүгү боюнча жыйынтыктарды жана кийинки иликтөө мөөнөтүн, нормадан четтөөлөрдүн кыскача мазмуунун камтыган Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бекитилген формада эксперттик тыянак түзүлөт.
7.4. Иликтөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн эксперттик тыянакта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жарнак жайылтуучу бир айлык мөөнөттө (кырсык учурунда - токтоосуз) жоюга жана сырткы жарнама жана маалымат обьекттин анын электрожабдыктарын тийиштүү абалда кармоого милдеттүү.

7.5. Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин иликтөө жөнүндөгү чечим Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан төмөндөгү учурларда кабыл алынат: кырсык учурунда, техногендик катастрофаларда, жаратылыш кырысыктары болгондо (чагылган, бороон ж.б.), пайдалануу учурунда конструктивдик кемчиликтер байкалганда, өндүрүштүк жараксыздык жана башка учурда, тийиштүү буйрук менен катталат.
Көзөмөлдүк иликтөө көз карандысыз эксперттик ишканалар аркылуу жүргүзүлөт.
Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин көзөмөлдүк иликтөөдөн өткөрүүгө негиз болуп төмөндөгүлөр саналат:
Авариялык жагдайлар же алардын белгилери, кырсык кырдалдарды жою боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иликтөө жана орнотууга уруксаттын же сырткы жарнама жана маалымат обьекттеринин техникалык регламенттин талаптарына туура келбестиги көз карандысыз эксперттик ишканалар же кызмат адамдары тарабынан аныкталган белгилер.
Сырткы жарнама жана маалымат обьекттерин көзөмөлдүк иликтөө обьект ээлерине сөзсүз түрдө расмий кабар берүү менен жүргүзүлөт жана кабар берүүдө пландалган көзөмөлдүк иликтөөнүн мөөнөтү, иликтөөдөн өтө турган обьекттин дареги, иликтөөнү жүргүзө турган ишкананын аталышы көрсөтүлөт. Көзөмөлдүк иликтөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн эксперттик тыянакта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жарнак жайылтуучу бир айлык мөөнөттө (кырсык учурунда токтоосуз) жоюга милдеттүү.

Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
К.Камчиев
|
| Ош шардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XXIV сессиясынын №213 токтомуна 2-тиркеме
|
ОШ ШААРЫНЫН МҮЛКΥНӨ СЫРТКЫ ЖАРНАК ЖАНА МААЛЫМАТ ОБЬЕКТИСИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ КЕЛИШИМИ БОЮНЧА ТӨЛӨМДҮН ӨЛЧӨМҮН АНЫКТОО ИРЕТИ
Бул ирет Ош шаарынын сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежесинин (мындан ары-Эреже) негизинде сырткы жарнак обектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмүн аныктоо үчүн колдонулат.
1. Ош шаарынын сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү төмөндөгү формула менен аныкталат (бир жылга сом менен):
Т=БСхSхПхК1хК2хК3хК4хК5,
мында:
БС – базалык өлчөм, анын өлчөмү 50 сомго барабар (кошумча баа салыгы кошулбаганда);
S – сырткы жарнак обьектисинин маалымат талаа аянты (кв.м.);
П – сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин орнотуу мезгили (өлчө бирдигин – жыл, мезгилди ай боюнча эсептегенде бир айдын 1/12 базалык өлчөмү колдонулат, мезгилди күн боюнча эсептегенде бир күндүн 1/365 базалык өлчөмү колдонулат)
К1 – ушул тиркеменин 2 пунктунун негизиндеги аймактык жайланышын эсепке алуучу коэффициент:
Зонасы | К1 коэффициентинин мааниси |
1 | 2,6 |
2 | 2,2 |
3 | 1,8 |
4 | 1,4 |
5 | 1,0 |
6 | 0,8 |
7 | 0,5 |
К2 – сырткы жарнак жана маалымат обьектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир тарыбындагы маалымат талаасынын аянтына көз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (ички жарыктаннуусу бар имаратардын чатырындагы сырткы жарнак обьектилеринен башка сырткы жарнак обьектилерине колдонулат):
Маалымат талаа аянты | К2 коэффициентинин мааниси |
Чектөөсүз | 1,0 |
К3 – сырткы жарнак жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын унаа айдоочуларынын көрүү шарттарынан көз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (бир бетинин аянты 10м.кв кем болбогон өз алдынча турган обьекттерге гана колдонулат):
- жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар Арка(П) түрүндөгү сырткы жарнак обьектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн К3=0,7;
- жол кыймылдын багыты боюнча көрүү шарты бар учурда имараттын чатырындагы жана дубалындагы сырткы жарнак обьектиси үчүн
К3=0,9;
- жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар Г, Т түрүндөгү сырткы жарнак объектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн
К3=1;
- жол кыймылынын бир багыттуу учурунда көрүү шарты мүмкүн болбогон жак үчүн К3=0,3 (бир багыттуу көчөлөр үчүн);
- башка учурларда К3=1;
К4 – заманбап татаал технологияларды киргизүүнү стимулдоочу коэффициент (сырткы жарнак объектилер үчүн колдонулат):
- жарыктануусу жок учурда (Эрежеде эске алынган жарыкты чагылдыруучу материалдардан жасалган обьекттерден жана учурлардан сырткары) К4=2;
(зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан кронштейндер жана чакан форматтагы калкан орнотмолору үчүн бир айга 300 сом эсептелинет);
- жалпы шаардык маанидеги зоналарда орнотулган ички жарыктануусу менен автоматаштырылган алмашуу экспозициясы бар объектилер үчүн К4=1,7 колдонулсун
(зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан кронштейндер жана чакан форматтагы калкан орнотмолору үчүн бир айга 225 сом эсептелинет);
- башка учурларда К4=1;
К5 – айрым типтеги сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу өзгөчөлүгүн эске алуучу коэффициент:
Сырткы жарнак жана маалымат обьектилеринин типтери | К5 коэффициентинин мааниси | |
Унаа каражаттарынын жол жүрүү тилкесинин үстүнө жана четинде орнотууга ылайкташтырылган сырткы жарнак жана маалымат обьектилери (кыймылдын багыты боюнча көрүү шарты бар учурда) | 150м.квга чейин | 1,6 |
151м.кв - 300м.квга чейин | 2 | |
300м.квдан жогору | 4 | |
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак жана маалымат обьекттерине | 0,9 | |
Убактылуу курулуш тосмолоруна жана курулуш торлоруна орнотулуучу сырткы жарнак жана маалымат обьекттерине | 0,9 | |
Жөө жүрүү тосмолорунда | 0,5 | |
Бир ээси бар шаардык маалымат обекттери менен конструктивдүү бириктирилген сырткы жарнак жана маалымат объектилерине | 0,5 | |
Жер бетиндеги паннолорго | 0,4 | |
Башка учурларда | 1,0 | |
2. Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куюу жайлардын (АЗС) баа көрсөткөн маалымат стеллаларына зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга 1000 сомдон эсептелинсин.
3. Ош шаарынын аймагындагы электрондук свето-диоддук экрандар үчүн зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга 3000 сомдон эсептелинсин.
4. Муниципалдык аялдамалардагы жарнама лайт-бокстордун ижара акысы базар баасына жакындаштырылып келишим баада ижарага берилет, бирок 1 даана жарнама лайт-бокстун ижара акысы айына 1000 сомдон кем болбош керек.
5. Муниципалдык 6х3 көлөмдөгү жарнама калканчалардын ижара акысы базар баасына жакындаштырылып келишим баада ижарага берилет, бирок 1 тарабынын ижара акысы айына 3000 сомдон кем болбош керек.
6. Муниципалдык Сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин Ош шаарынын мүлкүнө орнотуу жана пайдалануудагы келишимдер боюнча акыны аныктоо максатында төмөндөгүдөй аймак зоналарына бөлүнгөн (депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 10.02.2016-ж. №323 токтому)
7. Ош шаарынын мүлкүндөгү сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрү, транспарант-тартмалардан сырткары келишимдеги көрсөтүлгөн мезгилдер үчүн алынат жана алар жылдар, айлар (1/12 жылга), күндөр (1/365 жылга) боюнча эсептелинет. Транспарант-тартмаларды орнотуу үчүн акы жарнактык сүрөттөрдү орнотудагы убакыт боюнча алынат, жана ал күн боюнча эсептелинет.
8. Ош шаарынын мүлкүндөгү сырткы жарнак жана маалымат обьекттерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
К.Камчиев
|
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №213
Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 25, 2022-жылдын 27-декабрыдагы № 107 токтомдорунун редакциясына ылайык)

(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 107 токтоммунун редакциясына ылайык)
Бул ирет Ош шаарынын сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежесинин (мындан ары-Эреже) негизинде сырткы жарнак обектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмүн аныктоо үчүн колдонулат.
1. Ош шаарынын сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү төмөндөгү формула менен аныкталат (бир жылга сом менен):
Т=БСхSхПхК1хК2хК3хК4хК5,
мында:
БС – базалык өлчөм, анын өлчөмү 50 сомго барабар (кошумча баа салыгы кошулбаганда);
S – сырткы жарнак обьектисинин маалымат талаа аянты (кв.м.);
П – сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин орнотуу мезгили (өлчө бирдигин – жыл, мезгилди ай боюнча эсептегенде бир айдын 1/12 базалык өлчөмү колдонулат, мезгилди күн боюнча эсептегенде бир күндүн 1/365 базалык өлчөмү колдонулат)
К1 – ушул тиркеменин 2 пунктунун негизиндеги аймактык жайланышын эсепке алуучу коэффициент:
Зонасы | К1 коэффициентинин мааниси |
1 | 2,6 |
2 | 2,2 |
3 | 1,8 |
4 | 1,4 |
5 | 1,0 |
6 | 0,8 |
7 | 0,5 |
К2 – сырткы жарнак жана маалымат обьектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир тарыбындагы маалымат талаасынын аянтына көз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (ички жарыктаннуусу бар имаратардын чатырындагы сырткы жарнак обьектилеринен башка сырткы жарнак обьектилерине колдонулат):
Маалымат талаа аянты | К2 коэффициентинин мааниси |
Чектөөсүз | 1,0 |
К3 – сырткы жарнак жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын унаа айдоочуларынын көрүү шарттарынан көз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (бир бетинин аянты 10м.кв кем болбогон өз алдынча турган обьекттерге гана колдонулат):
- жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар Арка(П) түрүндөгү сырткы жарнак обьектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн К3=0,7;
- жол кыймылдын багыты боюнча көрүү шарты бар учурда имараттын чатырындагы жана дубалындагы сырткы жарнак обьектиси үчүн
К3=0,9;
- жол кыймылы учурунда көрүү шарты бар Г, Т түрүндөгү сырткы жарнак объектиси менен унаа каражатынын ортосунда карама-каршы тилке багыты бар жак үчүн
К3=1;
- жол кыймылынын бир багыттуу учурунда көрүү шарты мүмкүн болбогон жак үчүн К3=0,3 (бир багыттуу көчөлөр үчүн);
- башка учурларда К3=1;
К4 – заманбап татаал технологияларды киргизүүнү стимулдоочу коэффициент (сырткы жарнак объектилер үчүн колдонулат):
- жарыктануусу жок учурда (Эрежеде эске алынган жарыкты чагылдыруучу материалдардан жасалган обьекттерден жана учурлардан сырткары) К4=2;
(зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан кронштейндер жана чакан форматтагы калкан орнотмолору үчүн бир айга 300 сом эсептелинет);
- жалпы шаардык маанидеги зоналарда орнотулган ички жарыктануусу менен автоматаштырылган алмашуу экспозициясы бар объектилер үчүн К4=1,7 колдонулсун
(зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан кронштейндер жана чакан форматтагы калкан орнотмолору үчүн бир айга 225 сом эсептелинет);
- башка учурларда К4=1;
К5 – айрым типтеги сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу өзгөчөлүгүн эске алуучу коэффициент:
Сырткы жарнак жана маалымат обьектилеринин типтери | К5 коэффициентинин мааниси | |
Унаа каражаттарынын жол жүрүү тилкесинин үстүнө жана четинде орнотууга ылайкташтырылган сырткы жарнак жана маалымат обьектилери (кыймылдын багыты боюнча көрүү шарты бар учурда) | 150м.квга чейин | 1,6 |
151м.кв - 300м.квга чейин | 2 | |
300м.квдан жогору | 4 | |
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак жана маалымат обьекттерине | 0,9 | |
Убактылуу курулуш тосмолоруна жана курулуш торлоруна орнотулуучу сырткы жарнак жана маалымат обьекттерине | 0,9 | |
Жөө жүрүү тосмолорунда | 0,5 | |
Бир ээси бар шаардык маалымат обекттери менен конструктивдүү бириктирилген сырткы жарнак жана маалымат объектилерине | 0,5 | |
Жер бетиндеги паннолорго | 0,4 | |
Башка учурларда | 1,0 | |
2. Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куюу жайлардын (АЗС) баа көрсөткөн маалымат стеллаларына зоналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга 1000 сомдон эсептелинсин.
3. Ош шаарынын аймагындагы электрондук свето-диоддук экрандар үчүн, алардын экономикалык зоналарга жайгашуусун эске алуу менен, бир айга 2 чарчы метрге чейин 1000 сомдон, 2 чарчы метрден 10 чарчы метрге чейин 3000 сомдон, 10 чарчы метрден 30 чарчы метрге чейин 4000 сомдон жана 30 чарчы метрден ашуун 6000 сомдон кем эмес эсептелинсин. Электрондук жүгүртмө саптар үчүн узундугу 2 метрге чейин 500 сомдон, 2 метрден ашканда 1000 сомдон кем эмес эсептелсин.