Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры № 31-2
Ак-Өтөк толук эмес орто мектебин көмүр менен камсыз кылуу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын Ак-Өтөк участкасында жайгашкан “Ак-Өтөк” толук эмес орто мектеби 2019-жылы жаңыдан көмүр менен жылытуу системасына өткөндүгүнө байланыштуу көмүр менен камсыз кылуу максатындагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Өтөк толук эмес орто мектебин БК көмүрү менен камсыз кылуу максатында бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата каралган бюджетине 1-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Ажыратылган акча каражатына карата тендер өткөрүп, мектепти көмүр менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке, ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке жана сатып алуулар боюнча адис Акботоев Зайнидинге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |
Көк-Жар айылдык кеңешинин
2019-жылдын 28-октябрындагы
31-сессиясынын №31-2 токтомуна
1-тиркеме.
Раздел аталышы | Статья | 4-квартал |
70921 | 31112390 | -20,0 |
70921 | 22241100 | +20,0 |
ФЭБнүн башчысы: А. Тургунбай уулу