Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-июлу № № 2/2
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык кенешинин отурумунда Кабылан-Көл айылдык кенештин регламентин талкуулап, анализдеп Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айылдык кенешинин катчысына жана туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага | Ш. Акаев |
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЖАНА ПОСЕЛКАЛЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
Айылдык кеңеши жана поселкалык кеңеш
2- Глава
Айылдык кеңешинин жана поселкалык кеңештин компетенциясы
II БӨЛҮК
3-Глава
Айылдык кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары
4- Глава
Айылдык кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы
5- Глава
Айылдык кенешинин жана поселкалык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары
III БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин жана поселкалык кеңештин иштөөнүн жалпы тартиби
6- Глава
Айылдык кеңешинин жана посёлкалык кеңеш сессияларын өткөрүүнүн тартиби
7- Глава
Айылдык кеңешинин жана поселкалык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби
IV БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин жана поселкалык кеңешинин Регламенти
8- Глава
Айылдык кеңешинин жана поселкалык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
Айылдык Кеңештин регламенти
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
1.1.Кабылан-Көл айылдык Кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кабылан-Көл айылдык Кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Кабылан-Көл айылдык Кеңеши белгиленген курамындагы 11 депутаттан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Кабылан-Көл айылдык Кеңеши компетенциясы
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;
өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
айылдык округ башчысын шайлоо;
тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салык тын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
1.3. Кабылан-Көл айылдык Кеңеши кеңеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.4. Кабылан-Көл айылдык Кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
II Бөлүк
Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана орун басары
3-Глава
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
3.1. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы:
Кеңеш сессиясын чакырат;
Сессияга төрагалык кылат;
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары.
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарына талапкер төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай
себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдетин аткарат.
3.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы
депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4-Глава
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин катчысы
4.1. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округдун жооптуу катчысы аткарат.
4.2 Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин катчысы:
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
Айылдык Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
Айылдык Кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун
эсебин алат;
Айылдык Кеңешинин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
Айылдык Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5-Глава
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1. Кабылан-Көл айылдык Кеңешинде кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана
даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул
чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу
комиссия түзүлөт.
Айылдык кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңешинин депутаттары тарабынан
аныкталат.
5.2. Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III БӨЛҮК
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин ишинин жалпы тартиби
6-глава
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби
Айылдык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы
саналат.
Айылдык кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын
1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Айылдык кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү.
Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша
албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. Айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кеңештин чечими
менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт.
Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын
фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана
каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат.
Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык кеңешинин сессияларында каралган маселелер
жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат
булактарында чагылдырылат.
7-глава
Айылдык кеңешинин жана токтом долбоорлорун кароо тартиби
7.1. Айылдык округдун кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом
кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык округдун кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору
төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
7.3. Айылдык округдун кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин
сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн
өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын
санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана
пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу
менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык округдун кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки
жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Айылдык округдун кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
IV БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин Регламенти
8-глава
Айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
8.1. Айылдык округдун кеңешинин иш Регламентин,, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин
сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңешинин жана
шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун
кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.5. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке
шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
ЭСКЕРТҮҮ: Типтүү регламент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Айылдык кеңештин сессиясы ушул типтүү регламентке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.