Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №18/6
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик муниципалдык штаттык бирдигинин түзүмүн жана муниципалдык кызматкерлерге кошумча кызматтарды бекитүү жѳнүндѳ
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жѳнүндѳ» токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 08.07.2013-жылдагы №403 токтомун жетекчиликке алып жана Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын 19.12.2018-жылдагы Чыгыш №01-20/123 сунушун карап, Жаны-Арык айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик муниципалдык
штаттык бирдигинин түзүмү жана муниципалдык кызматкерлерге кошумча жүктѳлгѳн
кызматтар тиркеме ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2. Бул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирет.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |
Жаны-Арык айылдык Кенешинин 19-декабрь
2018-жылдагы №18/6 токтомуна тиркеме
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик муниципалдык
штаттык бирдигинин түзүмү жана муниципалдык кызматкерлерге кошумча жүктѳлгѳн кызматтар боюнча
№ |
Кызматтын аталышы | Калктын саны боюнча штаттык сан (миң адам) |
| |
5 ден 7 ге чейин | Кошумча бекитилип берилген кызматы |
| ||
1 | Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы | 1 |
|
|
2 | Жооптуу катчы | 1 | Айылдык Кенештин иш кагаздарын жүргүзүү, коррупцияны алдын алуу жана кадрлар боюнча иш алып баруу жагы жүктѳлѳт |
|
3 | Финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы | 1 | КР «Мамлекеттик сатып алуулар жɵнʏндɵ» мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы жүктѳлѳт |
|
4 | Социалдык жактан коргоо, туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча башкы адис | 1 | Зордук-зомбулуктун баардык тʏрлɵрʏн алдын алуу боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ, бангизат жана ар кандай психотроптук заттарды алдын алуу боюнча иштерди алып баруу жагы жүктѳлѳт |
|
5 | Жерге жайгаштыруу, коммуналдык чарба жана айыл-чарбасы боюнча башкы адис | 1 | ИСКАКБнын, СПАнын, жайыт комитетинин ишине кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ жагы жүктѳлѳт |
|
6 | Инвестиция, муниципалдык менчик жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 | Айыл аймагынын ички жолдорундагы жол коопсуздугун алдын алуу боюнча иштерди алып баруу жана ар кандай проектилер менен иш жүргүзүү жагы жʏктɵлɵт |
|
7 | Кирешелер боюнча жетектѳѳчү адис | 1 | Айыл аймагы боюнча бардык салыктык тѳлѳмдѳрдү чогултуу жагы жүктѳлѳт |
|
8 | Экономист-статист жетектѳѳчү адис | 1 | Жашылдандыруу-кѳрктѳндүрүү жана айыл аймагынын санитардык абалын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жүктѳлѳт |
|
9 | Ветеринардык адис | 1 | Ветеринардык сервистердин ишинин жүрүшүн кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жүктѳлѳт. |
|
10 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү жана архивариус адиси | 1 | Архив документтери боюнча иш жүргүзүү жагы жүктѳлѳт. |
|
11
|
Айыл башчысы |
3 | Ѳз айылдары боюнча ИСКАКБнын, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, СПАнын ишине кѳмѳк кѳрсѳтүү жагы жүктѳлѳт. | |
12
| Аскерге каттоо столунун инспектору |
2 | Терроризм жана диний экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жана даават иштерин кѳзѳмѳлдѳѳ жана айыл аймагы боюнча коомдук саясий абалга кѳзѳмѳлдүк кылуу жагы жүктѳлѳт. | |