Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №18/7
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия курамын жана бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Жобону бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 313-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия курамын түзүү жана бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Жобону бекитүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун сунушун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча
комиссия тууралуу Жобо бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет);
2. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо
боюнча комиссиянын курамы бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет);
3. Түзүлгѳн бузуулар жѳнүндѳ комиссияга Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын
13-апрелиндеги №56 Мыйзамы менен кабыл алынган Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин
негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын;
4. Бул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирет.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |
Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык
кенешинин 19-декабрь 2018-жылдагы
№ 18/7 токтому менен бекитилген.
Тиркеме №1
Жаны-Арык айыл аймагында укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиянын Жобосу
1. Жалпы жоболор.
1.Ушул Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияны (мындан ары –комиссия) түзүүнүн жана алардын ишин тартибин, ыйгарым укуктарын аныктайт.
2.Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет
3. Комиссия жөнүндө Жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республиксынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодектеткаралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия жергиликтүү кенештин алдында отчет берет. комиссия жыл сайын
15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралу отчет даярдап, жергиликтүү кенешке киргизет.
7. Комиссия ишмердүүлүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда,5-11 адамдан, комиссиянын төрагасынын,төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт
9. Жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кенештин депутаттары
- муниципалдык кызматчылар
-жергиликтүү кенештин депутаттары
- муниципалдык кызматчылар
- айыл аймактагы коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча)
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми комиссиянын катчысы(айыл өкмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат
10.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөсү боло алат
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
- соттулугу бар же мыйзхамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;
- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилиге тартылган
- медициналык корутундуга ылайык, ден соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар комиссия мүчөсү боло албайт
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кенеш комиссиянын түзүү жөнүндө чечим кабыл алаган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат
13.Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Коимссиянын мүчөсү өз ыйгарым укутарын токтотуу тууралу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн адам деп табылганда;
- медициналык кортундуга ылайык, комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
- Комисиянын мүчөсү өлгөндө;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкодо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда
- жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат
14. Комиссиянын жаны мүчөсү комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтоуу жөнүндө чечим кабыл алганда 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет
15.Комиссиянын ыйгарым укуктары комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кенштин чечими менен токтотулушу мүмкүн
16.Комиссиянын жаны курамы комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календерлык күнүндөн кеч эмес түзүлөт
3. Комиссиянын тузуунун тартиби
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган
18.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянын отрумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт.
Комиссиянын отрумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19.Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, комиссиянын отруму укуктуу болот.
Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет
20. Бузуулар жөнүдө ишти комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн башатап, он күндүк мөөнөттө, кодексте аныкталган тартипте карайт.
21.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча, ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22.Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23. комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөдөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүд ө (Кодекстин 29-беренеси);
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө .
б) ишти кароо комиссиянын компитенциясына кирбей тургандыгы аныкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылыт.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
25.Комиссиянын ишмердүүлүгүн комиссиянын төрагасы уюштурат.
26.Бузуу жөнүндө иштерди кароодо комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27.Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдетүү:
- Комиссия тарабынан каралып жаткан Бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча, иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулого жана добуш берүүгө катышууга;
- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
- Комиссянын отрумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
-бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийрүүгө;
- Кодексте каралган башка укуктарга
28. Комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү;
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу,уюштуруу жана жетектөө;
- Комиссиянын отрумдарына төрагалык кылуу;
- Комиссиянын отрумунун күн тартибин бекитүү;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге(аныктамаларга жана токтомдорго) ошондой эле комиссиянын башка документтерине кол коюу ;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы,комиссиянын мүчөсүнүн укуктарына сырткары,төмөнкүдөй укуктарга ээ;
- өз компетенциясынын чегинде комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
- ушул Жобого жана кодекске ылайык башка укуктарга .
29. Комиссиянын төрагасынын орун басары комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары ;
- бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын отрумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда, анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- ушул Жобого жана кодекске ылайык башка функциялларды аткарат .
30.Комиссиянын катчысы, комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
- өз ишмердүүлүгүн комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондоц эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
- бузуулар жөнүндө протоколдорду, комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат,аларды комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- Комиссиянын отрумдарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт аларга кол коет;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге(аныктамалага жана токтомдорго) кол коет;
- Аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгилеген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларда кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун жана аныктамалардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын касыз кылат;
- бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажырыйбасын иликтейт жана жалпылайт, комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченембик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- отчеттулукту жана статистикалык отчеттулукту жүргүзөт;
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комитссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
31. Эгерде комиссиянын мүчөлөрү:
- бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун,өкүлүнүн, адвокатынын,ошондой күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары боушса;
- иштин чечилишен тике же кыйыр түрдө кызыктар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Комиссянын иш кагаздарын жүргүзүү
32. иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат,ал бул иштин абалы үчүн жоокерчилик тартат.
33. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.
34. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына баардык зарыл документтерди жөнөтүү комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
35.Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы, дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек
Жиберилген кабардама адресатка тапшырлбай калганы билинген учурда, комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого бул тууралу комиссиянын төрагасына билдирөөгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милеттүү.
Комиссиянын отрумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айрылма бир бөлүгү ишке тиркелет;
36.Бузуу жазалган жерде айып пул өндүргөн учурда, айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт,ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн(квитанция) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам, салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип,айып пул квитанциясынын биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет .
37. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдө тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт;
- бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу, башка материалдар;
- отрумдун процесинде ишке кошулган, келип түшкөн ирэтинде жайгаштырлган баардык документтер;
- белгиленген тартипе кол коюлган комиссиянын отрумунун протоколу;
- ишти кароонун жыйынтыгында отрумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Баардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт
38.Комиссия тарабына каралаган баардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
39. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралаган иштер тууралу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40. Комиссия ай сайын комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук бөлүмү менен салыштырып, текшерип турат.
41.Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат;
- бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепе алуу журналы.
42. Журналдардын барактарын номурланган,көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы баардык жазуулар окуй алгыдай, даана ,көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
43.Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда, алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
44. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме - уюмдарга жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарга каралган учурлардан сырткары, комиссиянын төрагасынын уруксаатысыз берилбейт.
Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык
кенешинин 19-декабрь 2018-жылдагы
№ 18/7 токтомуна №2 Тиркеме.
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо
боюнча комиссиянын курамы
1. М.Мамыткожоев – Айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын тѳрагасы;
2. К.Кѳктаев – Айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу, коммуналдык чарба жана айыл-
чарбасы боюнча башкы адиси, комиссиянын тѳрагасынын орун басары;
3. А.Абдырахманов – Айыл ѳкмѳтүнүн инвестиция, муниципалдык менчик жана ѳзгѳчѳ
кырдаалдар боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;
4. Т.Султанкадыров – Айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы, башкы бухгалтер, комиссиянын
мүчѳсү;
5. К.Саралаев – Айылдык кенештин тѳрагасы, комиссиянын мүчѳсү;
6. С.Байчукиев – Аксакалдар сотунун тѳрагасы, комиссиянын мүчѳсү;
7. Ш.Жунушалиев – Айыл ѳкмѳтүнүн ветеринардык адиси, комиссиянын мүчѳсү.