Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы № 41/1
Гүлчө айыл кеңешинин 2020-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадырованын билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Э.Кадыровага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д. |
Гүлчө айылдык кеңешинин
6-чакырылышынын 2020-жылдын 27-январь
41-заседаниесинин № 41/1 токтомуна тиркеме №1
Гүлчө айылдык кеңешинин 2020-жылга карата
И Ш П Л А Н Ы
Гүлчө айылдык кеңешинин отурумунда каралуучу маселелер:
БИРИНЧИ КВАРТАЛДА
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин планынын долбоорун бекитүү.
(Баяндаманы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу А жасайт)
Алдын ала Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карайт тактайт.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын социалдык – экономикалык планынын аткарылышы жана 2020-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү (Баяндаманы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу А жасайт)
Айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча
туруктуу комиссиясы алдын ала тактайт
Гүлчө айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү (Баяндаманы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадырова жасайт)
Гульша-Таза Суу ИСКАКБнын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету(Баяндаманы Гульша-Таза Суу ИСКАКБнын жетекчиси А.Иманахунов жасайт)
Гүлчө Тазалык ишканасынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету(Баяндаманы Гүлчө Тазалык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиков жасайт)
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитуу (Баяндаманы Гүлчө айылдык жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаков жасайт)
Экинчи кварталда
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык балдар бакчаларында балдарга ысык тамак-аштын жана жалпы билим берүүчү мектептерде чашке тамагынын берилишинин абалы жөнүдө.
Маселени саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий,
аялдар, жаштар, үй булөө жана социалдык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт.
Үчүнчү кварталда
Жарандардын эс алуусун жакшыртууда Гүлчө айылындагы парктардын, спорттук курулмалардын, дам алуучу жайлардын иштеши жана эс алууга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө
Маселени саламаттыктысактоо, агартуу, маданий,
аялдар, жаштар, үй-булөө жана социалдык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт
Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын отчету.
Айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча
туруктуу комиссиясы даярдайт
IV ТӨРТҮНЧҮ КВАРТАЛДА
Гүлчө айылдык кенешинин депутаттарынын өздөрүнүн шайлоочуларынын суроо талаптарын аткаргандыгы жөнүндө маалыматтарын талкулоо.
Маселени мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана
кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык
этика боюнча туруктуу комиссия даярдайт.
Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышындагы депутаттарынын кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө.
Маселени мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана
кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык
этика боюнча туруктуу комиссия даярдайт.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБдун жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету
Маселени мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана
кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык
этика боюнча туруктуу комиссия даярдайт.
Уюштуруучулук жана практикалык иштер
Айылдык кенештин депутаттарынын өздөрүнүн шайлоочуларынын алдында отчет берүүсүн уюштуруу
Жыл ичинде айылдык кенештин, айыл өкмөтүнүн аппараты
Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын 2020-жылга карата иш пландарын түзүүгө, заседаниелерин өткөрүүсүнө практикалык көмөк көрсөтүү
Айылдык кенештин депутаттары
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жашоочуларын өздөрү жашаган айылдардын жашоочуларын өздөрү жашаган айылдарды, аймактарды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга санитардык тазалыгын камсыз кылууга тартуу
2020-жыл жаз, күз айлары айылдык кенештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аппараты
Айылдык кенештин сессияларынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө
2020-жыл ичинде айылдык кенештин туруктуу комиссиялары