Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25 ноябыры №119/27
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү демилгелерди каржылоо жана тандоо тартиби Жобосун бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү маселелерди чечүүдө, демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, юридикалык жана физикалык тараптарды активтештирүү максатында, Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-тиркемеге ылайык Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү демилгелерди каржылоо жана тандоо тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Бул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом официалдуу жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет (же башка учурда токтомдо көрсөтүлгөн «официалдуу жарыялангандан тартып»)
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин вебсайтына www.gamsumo.gov.kg жана Ленин айыл өкмөтүнүн официалдуу веб- сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Бековага жүктөлсүн.
Төрага | А. Шевченко |
| Аламудун районунун Ленин айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын XXIV сессиясынын «25» ноябыры 2019-ж № 119/27 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан
жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана
каржылоонун тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеп чыгылган жана Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоосунун жана каржылоосунун тартибин белгилейт.
2. Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун тарабынан жергиликтүү демилгелерди колдоого алуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө жигердүү катышууларын кызыктыруу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Ушул жободо жергиликтүү демилгелер дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт.
4. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар жергиликтүү демилгелерди каржылоонун булактары болуп саналат.
5. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануусу мүмкүн болгон жергиликтүү демилгелердин түрлөрү:
1) белгилүү каржылык ресурстарга жана (же) эмгектик жана каржылык эмес ресурстарга ээ жана кошумча каржылоону талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени кошо-каржылоо);
2) белгилүү натыйжаларга жетишилген, бирок аны улантуу же бүркөрүү үчүн каржылоонун талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени бекемдөө-бүткөрүү).
6. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.
8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү аркылуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү демилгелерди тандоо конкурстук негизде ушул Типтүү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Тандоого бир календардык жылдын ичинде ишке ашырууга эсептелген жергиликтүү демилгелер катыша алышат. Өзгөчө учурларда жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгени кезек-кезеги менен ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
10. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого зарыл болуучу каражаттардын көлөмү Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун тарабынан жергиликтүү бюджеттин долбоорунда каралат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
11. Эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар, жергиликтүү демилгелерди каржылоонун алкактарында, төмөнкүдөй тартипте пайдаланылышы мүмкүн:
1) көрсөтүлгөн каражаттар жергиликтүү демилгелни каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилген учурда – ушул Жободо белгиленген тартипте;
2) жергиликтүү демилгенин каражаттарынын ээлеринин түздөн-түз, толук же жарым-жартылай каржылоосу – каражат ээси тарабынан белгиленген тартипте.
12. Жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгени каржылоого каралган каражаттардын эсебинен чыгымдардын төмөнкү түрлөрүн каржылоого жол берилбейт: жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө, алардын бирикмелерине, жергиликтүү демилгени ишке ашырууга катышкан башка жеке жана юридикалык жактарга эмгек акыларды же башка сыйакыларды төлөп берүүгө, камсыздандыруу акыларын, салыктарды, жыйымдарды, насыялар жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди жоюуга жана тейлөөгө, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу менен байланышпаган башка чыгымдарды төлөөгө.
13. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун көзөмөлү, мониторинги жана баалоо Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылбоосу тийиш.
2. Жергиликтүү демилгени тандоо тууралуу кулактандыруу
14. Жергиликтүү демилгени тандоону өткөрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча конкурс жөнүндө (мындан ары – конкурс) маалыматтар (мөөнөтү, өткөрүү тартиби, жергиликтүү маанидеги маселелер, конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер, катышуучулар, жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери жана конкурска тиешелүү башка маалыматтар) жеке жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү болушу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жарыяланышы, ал эми ал жок богон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалыматт текчесине (тактасына) жайгаштырылышы керек.
Арыз берүүчү – жергиликтүү жамааттын мүчөсү (-лөрү), алардын бирикмелери, жергиликтүү демилгени каржылоону алууга конкурстук билдирме берген (-ишкен) башка жеке жана юридикалык жактар (мындан ары – конкурстун катышуучусу).
15. Конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
1) ушул Типтүү жобонун 26-п. саналган конкурска катышуу үчүн документтердин тизмегин;
2) жергиликтүү маанидеги маселелер, катышуучулар ошол боюнча конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер;
3) конкурсту өткөрүүнүн убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде тандоонун критерийлери жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоонун мөөнөттөрү;
4) бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоонун максималдуу суммасы (эгерде ушундай сумма белгиленсе);
5) конкурска катышуу үчүн формаларды алууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги жана (же) көрсөтүлгөн формаларды электрондук түрдө көчүрмөлөп алуу мүмкүн болгон анын расмий сайтынын дареги;
6) маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты, телефон номери жана элетрондук почтасынын дареги);
7) суроо-талаптарды жөнөтүү жана конкурстун шарттары жаатында түшүндүрүүлөрдү алуу үчүн мөөнөт;
8) конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги, электродук почтасы жана\же расмий сайтынын дареги;
9) конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү.
16. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун болжолдуу формасы ушул Типтүү жобого карата 1-тиркемеде келтирилген.
3. Комиссияны түзүүнүн тартиби жана иши
17. Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча комиссия түзөт (мындан ары – комиссия.
Комиссия 5тен кем эмес кишиден турат:
- айыл өкмөт башчысынын орун басары – комиссиянын төрагасы;
- Ленин айылдык кеңештин депутаттары;
- салым тартуу боюнча башкы адис – комиссиянын катчысы;
- жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү.
Комиссиянын өздүк курамы Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун жетекчисинин чечими менен бекитилет жана Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун расмий сайтына, маалымат текчесине (тактасына) жайгаштырылат.
18. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып 2 жылды түзөт.
19. Комиссиянын отуруму комиссиянын төрагасы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча же Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун жетекчисинин демилгеси боюнча чакырылат. Отурумду комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгондо – отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен төрагалык кылуучулукка шайланган комиссия мүчөсү алып барат.
Комиссиянын катчысы комиссиянын ишин уюштурат, комиссия мүчөлөрүн пландалган отурумдар жөнүндө кабарландырат, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзүлүшү жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана комиссия мүчөлөрүнүн комиссиянын ишине катышууларына көмөктөшөт.
20. Комиссиянын отуруму, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн 2/3 катышып олтурса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн башка адамдар менен алмаштырылышына жол берилбейт.
21. Комиссиянын кароосуна конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналында катталган баардык конкурстук билдирмелер киргизилет.
Комиссиянын чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Комиссиянын чечими, эгерде ал үчүн отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынган болуп эсептелет. «Макул» жана «каршы» добуштар тең болуп калганда, комиссиянын отурумунда төрагалык кылуучунун дошубу чечүүчү болуп эсептелет.
22. Комиссиянын чечими протокол менен жол-жоболонот. Комиссиянын отурумунун протоколунда күн тартибинин маселелери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Комиссиянын отурумунун протоколуна отурумда катышып олтурган комиссиянын баардык мүчөлөрү кол коюшат.
23. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикирин билдирүүгө укугу бар, ал комиссиянын отурумунун протоколуна киргизилет.
24. Комиссиянын чечими Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун расмий сайтына жарыяланат, маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат.
25. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын иштерине акысыз негизде катышышат.
4. Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон конкурстук документтер
жана аларды берүүнүн тартиби
26. Конкурска катышуу үчүн анын катышуучулары конкурстук билдирме берүүлөрү керек:
1) Ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык форма боюнча арыз;
2) паспорттун көчүрмөсү (жеке адамдар үчүн) юридикалык жак катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
3) сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) жана бюджет.
27. Конкурстук билдирмелер комиссияга конкурстун катышуучусунун тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде, төмөнкү ыкмалардын бири менен берилиши мүмкүн:
1) кагаз жүзүндө, чапталган конвертте – жеке өзү, же болбосо почта менен, Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотуно;
2) PDF форматында көчүрмөлөнгөн түрдө – электрондук почта менен жиберилет же болбосо, эгерде конкурстун шарттарында берүүнүн ушундай мүмкүнчүлүгү каралса, Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун расмий сайты аркылуу жиберилет.
28. Конкурска берилүүчү сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) ушул Типтүү жобого карата 3-Тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) аталышы, максаттары жана кыскача сунуштар (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы, сунуштардын натыйжалуу жана\же жаңычыл идеялары, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу ыкмалары);
2) аларды аткаруунун мөөнөттөрүн кошуп алганда, жергиликтүү демилге боюнча иш-чаралардын планы;
3) жергиликтүү демилгени ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар.
29. Сунушка (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасына) кат-милдеттенме, жүргүзүлгөн чыгымдарды, конкурстун катышуучусунун ресурстары (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша) бар экенин бышыктоочу каржылык жана башка документтер, ал эми зарыл болгондо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн өнүмдөрдү, натыйжаларды жана объекттерди эксплуатациялоонун жана мындан ары башкаруунун планы тиркелет.
30. Жергиликтүү демилгенин бюджети ушул Типтүү жобого карата 4-Тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) чыгымдардын сметасын жана чыгымдардын ар бир статьясы боюнча каржылык эсептерди;
2) суралган каржылоонун өлчөмүн;
3) өздүк салымдын жана тартылган каражаттардын өлчөмүн (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланыла турган каржылык каражаттар, транспорт, орун жай жана башка мүлктөр, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында аткарылуучу жумуштар ж. б.).
31. Конкурстук билдирмелер үчүн формалар (арыз, сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы), жергиликтүү демилгенин бюджети Чуй облусунун Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун, расмий сайтына жайгаштырылат, маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат жана кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча берилет.
32. Конкурстук билдирмелер конкурстун катышуучуларына тизмек боюнча берилет, конкурстун катышуучуларынын колдору коюлат жана мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт (юридикалык жактар үчүн).
33. Конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн конкурстук билдирмелерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин, почта менен жиберилген конкурстук билдирмелер, мөөнөтүндө берилген болуп эсептелет.
34. Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту берилген конкурстук билдирмелерди конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналына каттайт. Конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналы кагаз жүзүндө жүргүзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) конкурстук билдирмелер берилген дата жана убакыт;
2) конкурстук билдирмелердин катталган номерин;
3) конкурстун катышуучусунун фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн) жана конкурстун катышуучусунун аталышын (эридикалык жактар үчүн);
4) конкурстун катышуучусунун почта дарегин, электрондук почта дарегин жана телефон номерин;
5) жергиликтүү демилгенин аталышын;
6) конкурстук билдирмеге кошулган документтердин тизмегин.
5. Конкурсту болбой калды деп таануу жана кайрадан конкурс өткөрүү
35. Конкурс төмөнкү учурларда болбой калды деп таанылат:
1) конкурстук билдирмелер болюогондо же болбосо конкурска катышууга бир конкурстук билдирме келип түшкөндө;
2) баардык конкурстук билдирмелер конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуу менен берилгенде.
36. Конкурс болбой калды деп таанылган учурда, Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту , конкурс болбой калды деп таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайрадан конкурс жарыялоого милдеттүү. Кайрадан өткөрүлгөн конкурс болбой калды деп таанылган учурда, Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту жаңы конкурс жарыялоого же болбосо жергиликтүү демилгени каржылоого арналган каражаттарды, жергиликтүү бюджетте каралган башка максаттарга пайдаланууга укуктуу.
6. Долбоордук сунуштарды баалоо
37. Конкурстук билдирмелерди баалоонун критерийлери, ушул Типтүү жобого карата 5-Тиркемеге ылайык форма боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлгөн баалоо баракчасында камтылган.
38. Конкурстук билдирмелер комиссия мүчөлөрүнө кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада берилет.
39. Конкурстук билдирмелерди баалоо эки этапта жүргүзүлөт.
Баалоонун биринчи этабында, комиссия ар бир конкурстук билдирмени төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
1) жергиликтүү демилге жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселесин чечүүгө багытталган;
2) жергиликтүү демилге жүзөгө ашырыларлык;
3) арыз конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилген;
4) жергиликтүү демилгени каржылоого суралган акчанын суммасы, конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын максималдуу суммасынан ашпайт (эгерде ушундай сумма белгиленсе).
Мында бул этапта конкурстук билдирмелерди баалоо комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан эмес, а бүтүндөй комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Эгерде комиссия конкурстук билдирмеге критерийлерди бири эле боюнча терс баа койгон учурда, комиссия бул конкурстук билдирмени четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.
Баардык критерийлер боюнча биринчи этапта оң баа алган конкурстук билдирмелерди баары конкурстун кийинки этабына коё берилет.
40. Конкурстун экинчи этабында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан конкурстук билдирмелерди баалоо төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
1) комиссия мүчөсү ар бир конкустук билдирмени окуп-үйрөнөт;
2) конкурстук билдирмелерди окуп-үйрөнүүнүн натыйжалары боюнча комиссия тарабынан ар бир конкурстук билдирмени талкуулоо өткөрүлөт, андан кийин комиссиянын мүчөлөрү, баалоо баракчасына баалоонун ар бир критерийи боюнча баллдарды коюшат;
3) комиссия мүчөсү тарабынан баардык критерийлер боюнча баалоо баракчасына коюлган баллдар кошулат жана алынган сумма комиссия мүчөсүнүн конкурстук билдирмеге берген баасы деп эсептелет (баалоо баракчасына комиссия мүчөсүнүн колу коюлат жана комиссияда сакталат);
4) ар бир конкурстук билдирме боюнча комиссия мүчөлөрүнүн баалары кошулат жана баалоо баракчаларынын санына барабар санга бөлүнөт, ошондон алынган орточо маани конкурстук билдирме боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;
5) конкурстук билдирмелер боюнча жыйынтык баллдар кемүү тартибинде жалпы рейтингдик тизмеге киргизилет;
6) эгерде бир нече конкурстук билдирмелер тең сандагы баллдарды алышса, анда алар рейтингдик тизмеге конкурска катышуу үчүн баардык документтердин пакетин берген убактысына жараша (хронологиялык ыраатттуулукта) киргизилет; баардык документтер бир убакта берилген учурда, ушул конкурстук билдирмелердин рейтингдик тизмесиндеги орунду аныктоо үчүн, комиссия тарабынан аныкталган тартипте чүчү кулак өткөрүлөт;
7) комиссиянын чечими менен, рейтингдик тизмеде конкурстук билдирмелери эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары жеңүүчүлөр деп табылат.
41. Конкурстук билдирмелерди баалоо конкурстук билдирмелерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып, 15 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
7. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана коомчулукту анын натыйжалары жөнүндө кабарландыруу
42. Жеңүүчү катары таанылган жергиликтүү демилгелердин саны, жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган каражаттардын көлөмүнө жараша комиссия тарабынан аныкталат.
43. Конкурстун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечими, комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
44. Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту тескемеси жана конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси, тескеме чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, конкурстун жеңүүчүлөрүнүн атын жана аталышын, алар алган баллдарды көрсөтүү менен, Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмотунун расмий сайтына, маалымат текчесине (тактасына) жарыяланат.
8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу
45. Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту конкурстун жеңүүчүсү менен (мындан ары – жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси конкурстун натыйжаларын бекиткен күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) түзөт.
46. Конкурстук билдирменин негизинде Макулдашууга карата жергиликтүү демилгени ишке ашырууга техникалык тапшырма түзүлөт. Техникалык тапшырмага жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун макулдугусуз, конкурстук билдирмеде каралбаган кошумча иш-чаралар киргизилиши мүмкүн эмес.
47 Макулдашуу ушул жобого карата 6-Тиркемеде формасы берилген жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Типтии макулдашуунун негизинде түзүлөт.
48. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоо этап-этап менен жүзөгө ашырылат. Эгерде макулдашууда жергиликтүү демилгени этаптар боюнча каржылоо каралса, анда жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун ар бир этабы аяктагандан кийин, жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу тарабынан Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмотуно отчет берилет, ал жактырылгандан кийин жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун кийинки этабын каржылоо жүзөгө ашыралат.
9. Долбоорду көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоо
49. Жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөө Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмотуно жүктөлөт.
50. Жергиликтүү демилге ишке ашырылгандан кийин жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту төмөнкүлөдү берет:
- өздүк салымынын жана тартылган каражаттардын көлөмү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө отчет (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланылган каржылык каражат, транспорт, орун жай жана башка мүлк жана аткарылган жумуштар ж. б.);
- отчетко тиркелет: жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун өздүк кошо-каржылоо каражаттарын жана башка тартылган каражаттардын киргизилгенин бышыктоочу документтер, Макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык башка документтер.
Отчеттор ушул жобого карата 7-Тиркемеде каралган форма боюнча берилет.
51. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берген учурда, бул объекттерди кабыл алуу Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
52. Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту -төмөнкү предметке жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышынын мониторингин жүзөгө ашырат:
- жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун Макулдашуунун шарттарын аткаруусунун;
- сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдө жетишилген аралыктык жетишкендиктерди жана жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун аяккы натыйжаларын.
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун учурдагы натыйжаларынын мониторинги жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнү талкуулоо жана жергиликтүү демилгенин Аткаруучусуна көмөк көрсөтүүнү уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
53. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу Макулдашуунун шарттарын аткарбаган учурда, Чуй облусундагы Аламудун районунун Ленин айыл окмоту Макулдашууну бир тараптуу тартипте бузууга жана каржылоону токтото турууга укугу бар.
Ленин айылдык кенешенини
Торагасы А.Шевченко