Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 231/31-4
Туруктуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 32-беренесине жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 24-октябрындагы №155 токтомуна ылайык, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: - Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү - Идрисов Садырбек Можинович чыгарылсын;
- Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан Таманбаев Рауль Джусупович киргизилсин;
- Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан Таманбаев Раул Джусупович бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
Төрага | Т.А. Солтобаев |