Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №155
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Таш-Көмүр, Сузак, Токмок, Ысык-Ата, Кемин, Өзгөн жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Таш-Көмүр, Сузак, Токмок, Ысык-Ата, Кемин, Өзгөн жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр, Сузак, Токмок, Ысык-Ата, Кемин, Өзгөн жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Токмок, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерди катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери бекитилсин.
3. Таш-Көмүр, Сузак, Токмок, Ысык-Ата, Кемин, Өзгөн жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки 3-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 24-октябрындагы № 155 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Эрназаров Эсенбай Токторбаевич (№ 1) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 6, 15.10.2019-ж. |
2 | Абдураимов Ниязбек Абдураимович (№ 5) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 7, 15.10.2019-ж. | |
Сузак району | ||||
3 | Кыз-Көл айылдык | Абдыкалыков Абдыбек Жумамаматович | Өз арызы | № 43, 07.10.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
4 | Орловка шаардык | Байсеркеев Мирлан Джумамединович (№ 8) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 16, 27.09.2019-ж. |
5 | Поломаренко Галина Николаевна (№ 6) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 17, 27.09.2019-ж. | |
6 | Кемин шаардык | Абдырахманов Марс Рысбекович (№ 1) ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 19, 15.10.2019-ж. |
Токмок шаары | ||||
7 | Токмок шаардык | Идрисов Садырбек Можинович (№ 1) ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 5, 10.10.2019-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
8 | Кең-Булун айылдык | Мадинцев Рашид Лугмарович | Өз арызы | № 8, 14.10.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
9 | Өзгөн шаардык | Ахмедов Хосилжон Садыкович (№ 16) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 37, 02.10.2019-ж. |
10 | Мамадалиев Ильхамжан Умаржанович (№ 11) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 37, 02.10.2019-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
11 | Балыкчы шаардык | Сыдыков Аманат Калыбекович (№ 5) ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 7, 07.10.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 24-октябрындагы № 155 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
1 | Орловка шаардык | Якупова Айана Базарбековна (№ 9) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | № 17, 27.09.2019-ж. |
2 | Чекиров Урмат Бекенович (№ 11) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
3 | Дуйшебаева Анара Дуйшебековна (№ 12) ("КСДП" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
4 | Райдугин Федор Федорович (№ 13) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
5 | Острожнова Татьяна Николаевна (№ 15) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
6 | Сарыкеев Улан Телебекович (№ 16) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
7 | Русина Наталья Васильевна (№ 18) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
8 | Иващенко Евгений Александрович (№ 19) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
9 | Руденко Ольга Михайловна (№ 21) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
10 | Саматбекова Бурул (№ 23) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
11 | Асанбаева Асель Кудайбергеновна (№ 25) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
12 | Сокубашева Роза Жамашевна (№ 26) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
13 | Захарова Галина Александровна (№ 28) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
14 | Куватова Анна Рамильевна (№ 29) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
15 | Мисилимова Дамира Сагыналиевна (№ 31) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
16 | Ешимбекова Айжан Чынгызовна (№ 32) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
17 | Токтакунова Рахат Дуйшобаевна (№ 34) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
18 | Кулмамбетова Жыргал Темирбековна (№ 35) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
19 | Осмоналиева Назира Айтыбековна (№ 38) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
Токмок шаары | ||||
20 | Токмок шаардык | Айталиев Улан Русланович (№ 10) ("Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | № 5, 10.10.2019-ж. |
21 | Джунушова Нургуль Ташкеевна (№ 12) ("Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | ||
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
22 | Өзгөн шаардык | Полотбеков Эрмекбай Айткулович (№ 16) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | № 39, 15.10.2019-ж. |
23 | Узгенбаев Ибайдилло Турсунбаевич (№ 17) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
24 | Пратов Ботир Махаматпазылович (№ 20) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 24-октябрындагы № 155 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Тостоков Кубатбек Осконбаевич (№ 13) ("КСДП" с/п) | Таш-Көмүр ГЭС, Аскерлештирилген күзөт бөлүмүнүн кароол башчысы | № 6, 5.10.2019-ж. |
2 | Дуйшенов Канат Райымбекович (№ 14) ("КСДП" с/п) | Колледждин директору | № 7, 15.10.2019-ж. | |
Сузак району | ||||
3 | Кыз-Көл айылдык | Мамбетаипов Кеңешбек Абдыллажанович | "Жалал-Абад Электро" ААК, айдоочу | № 44, 07.10.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
4 | Орловка шаардык | Колкобаев Керез Мелисович (№ 10) ("КСДП" с/п) | Соц. фонд, башкы адис | № 17, 27.09.2019-ж. |
5 | Тентиев Талгарбек Алманбетович (№ 20) ("КСДП" с/п) | Соц. фонд, жетектөөчү адис | № 18, 27.09.2019-ж. | |
6 | Кемин шаардык | Чуштуков Ильичбек Бахтиярович (№ 4) ("Кыргызстан" с/п) | Дыйкан | № 19, 15.10.2019-ж. |
Токмок шаары | ||||
7 | Токмок шаардык | Сокубашев Кубан Зарлыкович (№ 13) ("Кыргызстан" с/п) | Жеке ишкер | № 5, 10.10.2019-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
8 | Кең-Булун айылдык | Ибрагимов Рамазан Нухарович | "Нухар" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 8, 14.10.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
9 | Өзгөн шаардык | Исмаилов Турсунбай Жоробаевич (№ 20) ("КСДП" с/п) | Жеке ишкер | № 39, 15.10.2019-ж. |
10 | Курбанов Негмат Баширахунович (№ 26) ("КСДП" с/п) | Жеке ишкер | № 39, 15.10.2019-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
11 | Балыкчы шаардык | Алиев Мурат Шаршембиевич (№ 9) ("Өнүгүү-Прогресс" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 7, 07.10.2019-ж. |