Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №244/31-4
Токмок шаарындагы аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө
Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын кайрылуусун “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык карап чыгып, ошондой эле 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы 3-отурумунун протоколун аткаруу үчүн, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Новостройка районундагы эки көчөгө чиймеге ылайык “Биримдик” жана “Ынтымак” деген аталыштар ыйгарылсын.
2. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (М.К.Макешев) тарабынан көчөлөрдүн аталыштары менен тактачалар жасалып жана орнотулсун.
3. Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г) жана Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Макешев М.К.) менен биргеликте көчөлөрдүн аталыштары менен тактачаларды жасатып жана орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты изделип табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Чүй-Токмок филиалы (Момункулов М. А.), архитектура жана шаар куруу боюнча Токмок башкармалыгы (Кыдырбаев А. Ю.) эсептик, инвентаризациялык маалыматтарга жана даректик каттоого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |