Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы №7-3
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин киреше боюнча калдыгы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн 2019-жылга иникативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн калдыгы жөнүндөгү маселени талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгы 530,5 миң сом, анын ичинен атайын каражат счетунун калдыгы 239,0 миң сом, бюджеттик счетун калдыгы 293,1 миң сом жана айыл чарба бөлүгүндө калган калдык 0,2 миң сом акча каражаттарынын пайдалануусу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет)
2. Жогорудагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгын пайдалануусу боюнча каржы министрлигинин Араван башкармалыгына смета түзүп тапшыруу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |
С. Юсупова айылдык Кеңешинин
7-сессиясынын №7-3 сандуу токтомуна №1-тиркеме
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн калдыгын пайдалануусу төмөнкүчө
Берененин аталышы | Берене | Сумма (миң сом) | Түшүндүрмө |
Ар түрдүү чыгымдар | 2215 | 291,3 |
|
Жалпысы |
| 291,3 |
|
Айыл чарбасы (атайын каражат) | |||
Чарбалык буюмдары | 2222 | 0,2 |
|
Бардыгы спец |
| 0,2 |
|
Билим берүү атайын каражат (балдар бакчасы) | |||
Тамак аш | 2215 | 239,0 |
|
Бардыгы | 239,0 |
| |
Бардыгы атайын каражат | 292,2 |
| |
Бардыгы бюджет жана атайын каражат | 530,5 |
| |
С.Юсупова айылдык
Кеңешинин төрагасы: К. Нарматов