Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №13-3
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2020-жылга иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш аракеттеринин планы менен таанышып, айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш-аракеттеринин планы бекитилсин. (тиркелет)
2. Айылдык Кеңешинин планын толук аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасы К. Нарматовго тапшырылсын.
Төрага | К. Нарматов |
С. Юсупова айылдык Кеңешинин
6-чакырык 13-сессиясынын
№13-3 токтому менен бекитилген.
С.Юсупова айылдык Кеңешинин 2020-жылга карата иш-планы.
2019-жылда социалдык –экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштер жана 2020-2023-жылдарга айыл Өкмөтүнүн өнүгүүсүн стратегиялык планы жөнүндө.
2020-жыл Файзуллаев Ш.
январь айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
2020-жыл Базарбаев Р.
январь айы туруктуу комиссия
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган типтүү ченемдин негизинде айыл Өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча айыл Өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү.
2020-жыл Ш. Файзуллаев
январь айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө.
2020-жыл Г. Мамытова
январь айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы патент менен иш жүргүзүүчү субьектилердин патентин жана андан түшүүчү каражатты толук жергиликтүү бюджеттин эсебине түшүшүн камсыз кылуу жөнүндө.
2020-жыл Базарбаев Р
апрель айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында 2020-жылды жазгы талаачылык иштердин жүрүшү жөнүндө.
2020-жыл Довидов И
апрель айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштеринин жана мектеп окуучулардын арасында зордук зоомбулуктарды алдын алуу боюнча алып барып жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
2020-жыл Давидов И, С. Юлдашова.
апрель айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында калктын ден-соолугун чыңдоо багытында үй-бүлөөлүк дарыгерлер тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштери жана мамлекеттик “Туберкулез”, энелик жана балалыкты коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө.
2020-жыл УБДТнун башчысы
апрель айы туруктуу комиссия
С. Юлдашова
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында мөнөөттү аскерге чакырууга даярдык көрүү жөнүндө.
2020-жыл С. Таштемирова
апрель айы туруктуу комиссия С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана айыл Өкмөтү тарабынан 2020-жылга белгиленген айылдарды стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы боюнча отчет.
2020-жыл
июль айы Файзуллаев.Ш.
туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жаштар саясаты боюнча, спорт жана миграция иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө.
2020-жыл Хакимова М,
июль айы. туруктуу комиссия.
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө отчету.
2020-жыл Милициянын аймактык тескөөчүлөрү
июль айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылууда “Зилол суу”, “Бирлик” жана “Торт Таш” ИСКАКБ леры тарабынан аткарылган иштер жөнүндө отчет.
2020-жыл ИСКАКБлеринин башчылары
июль айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы куздук буудайларды коромжусуз өз мөөнөнтүндө оруп, жыйноо жана бошогон жерлерге экинчи эгинди эгүүнү уюштуруу, айыл чарба эгиндеринин сугат суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө.
2020-жыл Довидов И, айыл башчылары,
июль айы туруктуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы социалдык-маданий обөектилердин, элге билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана калкты кышка даярдоонун абалы жөнүндө.
2020-жыл Давидов И
сентябрь айы туркутуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө.
2020-жыл Базарбаев Р
сентябрь айы туркутуу комиссия
А. Арапов
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы “Бирлик” үрөнчүлүк чарбасы тарабынан дыйкандарыбызга сапаттуу жогору түшүм берүүчү үрөндөр менен камсыз кылууда алып барып жаткан иштери жөнүндө
2020-жыл Тажибаев Х
сентябрь айы туруктуу комиссия.
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө болгон (электр энергиясынан, соц.фондко, жергиликтуу салыкка, ичимдик сууга) карыздарын өз убагында төлөп берүү боюнча аткарылган иштери жөнүндө.
2020-жыл Базарбаев Р
сентябрь айы. туруктуу комиссия.
С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2020-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында жана айыл Өкмөтү тараббынан 2018-жылга белгиленген айылдарды стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы боюнча отчет.
2020-жыл Файзуллаев.Ш.
декабрь айы. туруктуу комиссия.
С. Юсупова айыл Өкмөтүнө жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынын арыздарын аткарылышы жөнүндө маалымат.
2020-жыл Ташполотов И
декабрь айы. туруктуу комиссия.
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы айыл өкмөтү, аксакалдар сотунун жана аялдар Кенеши тарабынан аткарылган иштери жана диний экстримизимге каршы күрөшүүдө алып барып жаткан иштери жөнүндө.
2020-жыл Давидов И, Гуламидинов З, Х. Байназарова
декабрь айы туркутуу комиссия
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан алынуучу жергиликтүү салыктардын, төлөмдөрдүн тарифтик стафкасын жана аларга коэффициент белгилөө жөнүндө.
2020-жыл Базарбаев Р
декабрь айы туркутуу комиссия
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы “Араван-Тазалык”ишканасы тарабынан райондун борборунун көчөлөрүнүн айлана чөйрөсүн тазалыгы жана жашылдандыруу боюнча алып барган иштери жүнүндө.
2020-жыл ишкананын жетекчиси
декабрь айы туркутуу комиссия
С. Юсупова айылдык
Кеңешинин жооптуу катчысы: Г. Мамытова