КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
КР Президентинин
2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2005-жылдын 29-сентябры ПЖ № 404
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агентствосунун Жобосун жана структурасын бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августунлагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агентствосунун Жобосун жана структурасын бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Рсспубликасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агентствосу жөнүндө Жобонун IV бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"9. Агентствого Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган директор башчылык кылат Агентствонун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындап жана бошото турган Агентствонун директорунун эки орунбасары, анын ичинде бир биринчи орунбасары болот".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |