Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-марты № 2
Алайку айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл айылдарда ыксыз чыгымдарды азайтуу жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, Алайку айыл өкмөтүнүн заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайку айыл өкмөтүнүн аймагындагы ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча Алайку айыл өкмөтү боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн. ( 1-тиркемеге тиркелет).
2. Алайку айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар арасында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.
( 2-тиркеме тиркелет).
3. Алайку айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар арасында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча:
- маркумду узатууда 1 (бир) бодо же 2 (эки) кой сойулсун.
- Бодонун жиликтери төрткө бөлүнсүн.
– үчүлүк, жетилик, кыркылыгы өткөрулбөсүн, союш союлбасын, ошол жердеги кошуналары менен ыксыз ыгым-чыгымы жок куран окутулсун.
- тажияда жалпы элге чай берүүдө боорсок, конфет коюлбасын.
-көк көйнөк жакындарына аз убакыт кийуу жагы каралсын.
- тизмеге жакын туугандары кана тизмеленүү жагы каралсын.
Аял кишилердин тажиясында жыртыш, челпек жоюлсун
,себет,каробка берилбесин.
Сандык 80 жаштан өткөн аял кишилер тирүүсүндө берилсин.
80 жашка чейинки аял кишилердин сандык берүүсү жоюлсун.
4. Тажия учурунда айылдарда алкоголь ичимдиги сатылбасын.
Алкоголь ичимдигин ичип мас абалда жүргөндөр үчүн бузуулар боюнча жобонун негизинде айыбы каралсын.
Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде комиссияга баш ийбей кабыл алынган чараларды бузса бузуулар боюнча жобого ылайык айыбы каралсын.
5. Кабыл алынган комиссиянын курамын бекитип берүү жагы айылдык кенештин депутаттарына сунушталсын.
6. Алайку айыл өкмөтүнүн ыксыз ыгым-чыгымдарды азайту, кыскартуу боюнча кабыл алынган комиссиянын курамы толук кандуу иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдогу кабыл алынган ыксыз ыгым-чыгымдар боюнча ченемдерди элдин калын катмарына жайылтуу жагы айыл өкмөт кызматчыларына,мекеме уюмдун жетекчилерине, комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Аттокуров |
Алайку айыл окмотунун заседаниясынын
05.03 2019- ж №2 токтомуна 1-тиркеме
Алайку айыл өкмөтүнүн боюнча ыксыз чыгымдарды,ысырапкерчиликтерди азайтуу максатында түзүлгөн комиссиясы .
КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ
А.Аттокуров – комиссиянын төрагасы, Алайку айыл өкмөтүнүн башчысы
Мүчөлөрү.
Эргешбаев Б – Алайку айылдык Кенешинин депутаты
Камилжан уулу С – участковый
Токтошев Ж – айылдык сотунун төрагасы
Субанов Эрлан – мугалим
Айдаров Н. – айылдык Кенештин депутаты
Оморбеков К – Бузуулар боюнча Көк-Арт айылдык комиссиянын төрагасы
Сүйүнбаев Ө – Бузуулар боюнча Кан-Коргон айылдык комиссиянын төрагасы.
Чордонова К – аялдар Кенешинин мүчөсү
Алайку айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы: Ж.Касымакунов
Алайку айыл өкмөтүнүн заседаниясынын
05.03.2019-ж№2- токтомуна 2-тиркеме.
Алайку айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар боюнча ыксыз чыгымдарды,ысырапкерчиликтерди азайтуу максатында түзүлгөн комиссиясы .
Көк-Арт айылы боюнча комиссиянын курамы.
Таалайбек уулу Асанбек– Көк-Арт айылынын айыл башчысы, комиссиянын төрагасы:
Мүчөлөрү:
Аккозуев Ж – Көк-Арт айылынын имамы
Куденова А – аялдар кенешинин төрайымы
Алымканова Г – айылдык кенешинин депутаты .
Жумашова А. – айылдык кенешинин депутаты
Нурлан уулу Садык – жаштар уюмунун төрагасы
Зикиров Т – айылдык сотунун төрагасы
Кожоев А – айылдык кенешинин депутаты
Жигитов Т – ардактуу аксакал
Чыныбаев П – ардактуу аксакал
Эркебаев А – ардактуу аксакал
Кан-Коргон айылы боюнча комиссиянын курамы.
Туйтуев Ш – Кан-Коргон айылынын айыл башчысы комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
Качкынчыев З – Кан-Коргон айылынын имамы
Токтошев Ж – айылдык сот
Абдыкадыров А – айылдык кенешинин депутаты .
Чордонов У – ардактуу аксакал
Бердиев М – жаштар уюмунан
Чакиева М –аялдар кенешинин төрайымы
Айдаров Н – айылдык кенешинин депутаты
Чотуров Ж – ардактуу аксакал
Чордонова К – аялдар кенешинин мүчөсү
Кенкеева А – аялдар кенешинин мүчөсү
Алайку айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы: Ж.Касымакунов
Алайку айыл өкмөтүнүн заседаниясынын
05.03.2019-ж№2- токтомуна 2-тиркеме.
Алайку айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар боюнча ыксыз чыгымдарды,ысырапкерчиликтерди азайтуу максатында түзүлгөн комиссиясы .
Сай-Талаа айылы боюнча комиссиянын курамы.
1.Бечеков Бөрүбай – Сай-Талаа айылынын айыл башчысы, комиссиянын төрагасы:
Мүчөлөрү:
Мүчөлөрү:
Качкынчыев З – Кан-Коргон айылынын имамы
Эргешов М – айылдык сот
Аккозуева Р –.аялдар кенешинин мүчөсү
Бердиев А – ардактуу аксакал
Жапаров Т – жаштар уюмунан
Домпоев Т – ардактуу аксакал
Алайку айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы: Ж.Касымакунов