Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 39-27
2017-жылга карата бюджеттин аткарылышы жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч.Д.Алымбаеванын 2017-жылга карата Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү боюнча аткарылышы жөнүндө отчёт кабыл алынсын:
- бюджет 71574,8 миң сом өлчөмүндө;
- атайын эсеп 4033,6 миң сом өлчөмүндө.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл аймыгынын башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |