ТоктомКүчүндө

Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 39-27 «2017-жылга карата бюджеттин аткарылышы жөнүндө» токтому

Редакция19.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 19-декабры № 39-27

2017-жылга карата бюджеттин аткарылышы жөнүндө

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч.Д.Алымбаеванын 2017-жылга карата Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү боюнча аткарылышы жөнүндө отчёт кабыл алынсын:

- бюджет 71574,8 миң сом өлчөмүндө;

- атайын эсеп 4033,6 миң сом өлчөмүндө.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл аймыгынын башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко