Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-февралы № 01
“Кара-Балта суу каналы” МИ Кара-Балта шаарынын абоненттери үчүн ичүүчү суунун жана канализациянын тарифи жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36-беренелерине ылайык, ошондой эле “Кара-Балта суу каналы” МИ берген тарифин карап чыгып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын абоненттери үчүн ичүүчү сууга жана канализацияга тариф, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Тиркеме №1
Ысым | Өлчөө бирдиги | Баасы (налогсуз)
|
Ичүүчү суу | ||
-калк | сом/1 м 3 | 8,60 |
-бюджеттик уюмдар | сом/1 м 3 | 22,40 |
-башка уюмдар | сом/1 м 3 | 22,40 |
Канализация | ||
-калк | сом/1 м 3 | 7,00 |
-бюджеттик уюмдар | сом/1 м 3 | 19,00 |
-башка уюмдар | сом/1 м 3 | 19,00 |
2. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча; өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б.Шакирбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Байсариев |