Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №13
Ноокат шаар мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ченемдик-укуктук актыларын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 20-статьясын жетекчиликке алып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,17-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ноокат шаар мэриясынын муниципалдык менчик департаменти жөнүндө" жобо бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Маканбаев |
Ноокат шаардык кеңешинин
2020-жылдын 16-июнундагы V чакырылыш
№XXXIV сессиясынын №XXXIV-13 токтомуна №1 тиркеме:
Ноокат шаар мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. "Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти", мындан ары "Департамент" деп аталуучу, Ноокат шаарында муниципалдык менчик обөекттерди жана жерлерди башкаруу жана тескөөгө алуу боюнча Ноокат шаар мэриясынын ыйгарым укугун ишке ашыруу максатында, Ноокат шаарында менчиктештирүү, жер мамилелерди экономикалык- укуктук жактан жөнгө салуу чөйрөсүндө муниципалдык саясат жүргүзүүнү камсыз кыла турган Ноокат шаар мэриясынын түзүмүнө кирүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Департамент «Ноокат шаардык муниципалдык менчик департамент» мекемесинин укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруучу мураскер (укук улантуучу) катары катталган, Ноокат шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин жобосуНоокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 141-б буйругу менен бекитилген.
юридикалык дареги: Ноокат шаары, Лутфуллаев көчөсү, 5.
3. Департамент- "Мекеме" деген уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча балансы, бюджеттик эсептешүү счеттору, адистештирилген эсептешүү счеттору, казыначылык органдарда депозиттик счету (Ноокат шаары боюнча КРБ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн тегерек мөөрү, штамптары жана башка кабыл алынган реквизиттери, официалдуу атрибуттары бар, сотто доогер жана жоопкер катары чыга алган юридикалык жак болуп саналат.
4. Департамент өзүнүн ыйгарым укуктук чектеринде Ноокат шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Ноокат шаарынын мэринин токтомдоруна жана буйруктарына жана бул жобого ылайык иш жүргүзөт.
5. Департамент Ноокат шаар мэриясы тарабынан түзүлөт.
6. Департамент өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
7. Өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен Департамент өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы болбогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.
8. Департамент белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
9. Департаменттин түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана бул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
10. Департамент башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана катыша алат.
11. Департаменттин расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Ноокат шаар мэриясынын Муниципалдык менчик Департаменти".
-Мекеменин мамлекеттик тилде кыскартылган аталышы: «Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ММД» м-е.
- орус тилинде: "Департамент муниципальной собственности при мэрии города Ноокат".
-Мекеменин расмий тилде кыскартылган аталышы: У-е «ДМС мэрии г. Ноокат.
12. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, А. Лутфуллаев көчөсү, 5.
13. Департаменттин жана анын түзүмдүк подразделениелеринин кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.
14. Департаменттин компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Ноокат шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
15. Департамент иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзөт ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде иш алып барат.
16. Департамент өзүнүн иш-аракетинде Ноокат шаар мэриясына отчет берет.
17. Ноокат шаар мэриясы Департаменттин иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
18. Ноокат шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.
2. Негизги милдеттери жана функциялары
19. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдү жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
б) менчиктин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде Ноокат шаарынын кыймылсыз мүлктүн жана башка менчиктин обөекттерин менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу;
г) шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык - укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
д) Ноокат шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде, Ноокат шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча сатууларды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ноокат шаарынын жер реформасы жана архитектуралык - шаар курулушу иш-аракети чөйрөсүндө шаардык социалдык- экономикалык программаларды аткаруу.
20. Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Ноокат шаар мэриясынын укуктук-ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте ал төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды түзүүнү жана коштоону, Ноокат шаарынын менчик обөекттерин эсепке алуу боюнча маалыматтык ресурстарды топтоону жүзөгө ашырат;
в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Ноокат шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;
г) Ноокат шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз обөекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, Ноокат шаарынын мүлкүнө тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Ноокат шаар мэриясын көрсөтөт;
д) Ноокат шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүдө, оперативдүү башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол-жоболоштурат;
е) муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана оперативдүү башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Ноокат шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырат;
е) Ноокат шаарынын муниципалдык мүлкүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун, анын ичинде, ижара шартында жана акысыз пайдалануу укугун алган жер участоктор кошо юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдердин шарттарынын багыты боюнча пайдаланышын жана сакталышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырат;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Ноокат шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Ноокат шаар мэриясынын чечимдерине ылайык Ноокат шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузган тийиштүү чараларды көрөт;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Ноокат шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Ноокат шаармэриясынын чечимдерине ылайык Ноокат шаар мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана учетко алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катыша алат;
и) Ноокат шаарынын мүлкүн, жер участокторун кошо ижарага берүүчү катары чыгат;
й) мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
к) чет өлкөлүк өкүлдүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Ноокат шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;
л) Ноокат шаар мэриясынын кызыкдар түзүмдүк подразделениелери менен бирдикте мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш-чараларда, Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обөекттерин реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, анын ичинде, чет өлкөлүк инвесторлорду да тандоодо катышат;
м) Ноокат шаар мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Ноокат шаар мэриясынын кызыкдар түзүмдүк подразделениелери менен бирдикте Ноокат шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелери болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;
н) Ноокат шаар мэриясынын түзүмдүк подразделениелери болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайра уюштурууда жана жоюуда катышат;
о) Ноокат шаар мэриясынын тапшырмасы боюнча чарбалык коомдордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чектеринде чарба коомдорунун уставдык капиталдарындагы акциялар (үлүштөр) боюнча Ноокат шаарынын муниципалдык менчик боюнча кызыкчылыгын көздөйт;
п) Ноокат шаардык кеңеши тарабынан бекитүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын тапшырмасы боюнча Ноокат шаарынын ишканаларын жана уюмдарын менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;
р) Ноокат шаар мэриясында Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн обөекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүү болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда саналган каражаттардын түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;
с) Ноокат шаарынын турак эмес жайлар фондунун обөекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уюштурат жана киргизет;
т) Ноокат шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
у) Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган обөекттерди менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелер боюнча укуктук ченемдик актылардын жана инвестицияларды тартуу долбоорлорду иштеп чыгат;
ф) Ноокат шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди өзүнүн компетенциясынын чектеринде чыгарат;
х) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Ноокат шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;
ц) Жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде Ноокат шаар мэриясынын ыйгарым укук органы жана өкүлү болуп саналат;
ч) Ноокат шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдердин долбоорлорун даярдайт;
ш) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;
щ) юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
ы) Куруу, реконструкциялоо жана толук ремонтоо подряддык иштери боюнча чарбачылык- расчеттук бөлүмдөрдү түзөт, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу, обьетилерин курат;
э) Жарнактык щиттердин, тышкы жана ички жарнактардын үстүнөн “Жарнак жөнүндө мыйзамдын” негизинде, менчиктик формасына карабастан алардын үстүнөн контролдоону ишке ашырат;
ю) бошогон квартиралардын учет жүргүзөт, бул квартираларды бөлүштүрүү боюнча Ноокат шаарынын мэриясынын токтомдорунун долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт;
3. Департаменттин укуктары
21. Департамент төмөнкү укуктарга ээ:
а) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Ноокат шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Ноокат шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түзүүгө;
б) Ноокат шаар мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Ноокат шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;
в) Департаменттин жоопкерчилигинде турган мүлктү камсыздандыруучу коргоону ишке ашырууга багытталган иш - чараларды ишке ашырууга;
г) Ноокат шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу - укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катарында Ноокат шаар мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;
е) муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер участокторун сатуу жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
е) Ноокат шаар мэриясынын ведомстволук карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле департаменттин реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик - укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;
ж) өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын табылган мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырат, аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сотко доо арызын берет, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтөт;
з) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчиктин формасына карабастан бардык жер пайдалануучулар тарабынан жер мыйзамын, анын ичинде жер пайдалануучунун, жайгашкан ордун, берүү шарттарын, берүү мөөнөттөрүн, функционалдык багытын жана берилген жер участоктун аянты бөлүгү боюнча бузууларды четтетүү боюнча чара көрүүгө;
и) сот органдарында Ноокат шаар мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого.
й) Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаардык кеңешке жерлерди багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу пайдаланбоо, жер участокторун жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Ноокат шаар мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
к) ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, обөекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндө өтүнүүгө.
л) ички иштер органдарына жер мыйзамдарын бузуучулары табылган учурда, административдик жана жазалоо иш - аракети үчүн көмөк көрсөтүү үчүн кайрылууга.
м) жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
н) жер участокторун изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш - чараларды аткарууну текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга.
22. Департамент бул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.
23. Департамент шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен департамент тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
24.Департамент пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык чектелген кирүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.
4. Департаменттин жетекчилиги жана түзүмү
25. Департамент Ноокат шаар мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
26. Ноокат шаарынын мэри Департаменттин директорун кызматка дайындоону жана кызматынан бошотууну, департаментти кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алууну, департаменттин штаттык расписаниесин бекитүүнү жүзөгө ашырат.
27. Директор Департаменттин жетекчиси болуп саналат. Департаменттин кызматчылары конкурстардын натыйжасында дайындалат жана жумуштан департаменттин директору тарабынан КРнын мыйзамдарына ылайык бошотулат.
28. Департаменттин директору иш-аракети үчүн жоопкерчилик алат жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, аны мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда көрсөтөт;
б) Ноокат шаар мэриясынын буйруктарын жана токтомдорун аткаруу үчүн департаменттин компетенциясынын чектеринде буйруктарды, ишканаларга, мекемелерге жана башка уюмдарга аткарууга милдеттүү болгон башка буйруктарды, департаменттин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү түрдө департаменттин иш - аракетин жөнгө салуу маселелери боюнча бөлүштүрүү документтерди чыгарат;
в) өзүнүн орун басарларынын компетенцияларын аныктайт;
г) Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
д) Департаментте муниципалдык кызматты өтөө менен байланышкан маселелерди мыйзамдарга ылайык, анын ичинде: кадрдык резервди түзүүнү, департаменттин кадрларын тандап алууну, туура жайгаштырууну, кайтадан даярдоону жана алардын квалификацияларын жогорулатууну, белгиленген учурларда аттестацияны, квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү, кызмат акысына кошумча акы белгилөөнү чечет;
е) Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
е) Департаменттин кызматтык нускамаларын бекитет жана бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин иш - аракеттерин контролдоону жүзөгө ашырат;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын колдонот, аларды жазалайт;
з) Департаменттин кызматкерлерин жана жумушчуларын укуктук жана социалдык коргоо маселелерин өзүнүн компетенциясынын чектеринде чечет;
и) Департаменттин кызматкерлерин иш сапарга жиберүү маселелерин белгиленген тартипте чечет;
й) Департаментке бекитилген мүлктү жана каражаттарды мыйзамдарга ылайык тескейт;
к) банктарда счетторду ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансы документтерге кол коет, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат;
л) соттордо департаменттин кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде, тынчтык макулдашуусун түзүү жана кайрадан ачылган кырдаалдар боюнча арыздарды берүү укугун колдонот.
29. Департаменттиндиректорунун орун басары функционалдык милдеттеринде жана департаменттин директорунун буйруктарында белгиленген ыйгарым укуктун чектеринде иш жүргүзөт, алар төмөнкү укуктарга ээ:
а) Департаменттин кызыкчылыктарына тийиштүү иш - аракеттерди кылат, келишимдерди түзөт, ижара акыларды эсептөөнү бекитет;
б) соттордо Департаменттин кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашуусун түзүү укугун колдонот;
в) ижара, чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкаруу, мөөнөтүү акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү келишимдерин түзөт.
5. Департаменттин мүлкү жана каржылоо иш аракети
30. Департаменттин мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, каржы ресурстар (интеллектуалдык менчиктин обөекттери кошо) түзөт.
31. Департаменттиниш-аракетин каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жана муниципалдык мүлктү сатууда алынган үстөк баадан, ижарага берүүдөн алынган кирешенин комиссиондук жыйымынан, келишимдин шарттарын бузууда эсептелген акчалай туумдан, үстөк суммадан, кайтарылбаган кепилдик салымдан топтолгон атайын каражаттан жүзөгө ашырылат.
32. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдөн жана мүлктү, жер тилкелерин ижарага берүүдөн түшкөн каражат Ноокат шаарынын бюджетинин менчиги болуп саналып, башкармалыктын атайын эсебинде топтолуп, Ноокат шаарынын бюджетине которулуп берилет.
33. Департамент бухгалтердик жана статистикалык отчет иштерди белгиленген тартипте жана белгиленген мөөнөттөрдө берет. Департаменттин иш - аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле мыйзамдарга ылайык ушул укук берилген уюмдар жүзөгө ашырат.
34. Жыл сайын Ноокат шаардык кеңешке муниципалдык мүлктү жана жерлерди пайдалануу жөнүндө отчет берет.
7. Эмгек мамилелери
35. Департамент кызматчылардын квалификациялуу курамын өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматчылардын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салышат.
36. Департамент иштеринин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандардын мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык - укуктук келишимдеринин негизинде тартуу укугуна ээ.
37. Департаменттин кызматчыларынын (кызматкерлеринин) иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
8. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
38. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Ноокат шаардык кеңеши тарабынан киргизилет.
39. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда каралган тартипте ишке ашырылат.
40. Департаменттин иш - аракетин токтотуу Ноокат шаар мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
41. Департаментти жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген Ноокат шаар мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
42. Жоюучу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
43. Юридикалык жактар мамлекеттик реестрге бул жөнүндө жазууларды киргизгенден кийин жоюу аяктады болуп эсептелинет.
44. Департамент жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
45. Департаменттин иш - аракети процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
М.Ярматов |