Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №16
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Ноокат Коммунальщик" АК ишканасынын менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө
"Ноокат Коммунальщик" АК ишканасынын Ноокат шаар мэриясынын муниципалдык менчигинин эсебинде турган 78,855 % акцияларын "Ноокат Коммунальщик" АК ишканасынын жеке долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын мүлктү менчиктештирүү жана мамлекеттин эсебинен чыгаруу мыйзамына жана Ош облустук мамлекеттик мүлк фондунун 1998-жылдын 30-мартындагы №21-буйругуна ылайык 78,855 % акциясы ар бири 50 сомдон 7921 даана жөнөкөй акциянын жалпы суммасы 396 050 сомдук акцияны "Ноокат Коммунальщик" АК ишканасынын эмгек жамаатына менчиктештирүү программасы жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 19-бөлүгүнө жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ноокат Коммунальщик" АК ишканасын менчиктештирүү боюнча, Ноокат шаар мэриясынын менчиктештирүү программасы бекитилсин.
(Менчиктештирүү программасы тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2020-жылдын 16-июнундагы V
чакырылыш №XXXIV сессиясынын №XXXIV-16 токтомуна
“Ноокат коммунальщик” Акционердик Коомунун Ноокат шаар мэриясынын муниципалдык менчигинде турган 7921 акцияны КР нын 2002 жыл 15- мартындагы № 37 мыйзамынын негизинде менчиктештирүү боюнча Ноокат шаар мэриясынын
ПРОГРАММАСЫ
№ | Муниципалдык менчик мүлкүнүн аталы-шы | Баштапкы баланстык баасы | Баланстык саны жана баасы | Суммасы | Кызмат көрсөтүү | Ноокат коммунальшик ишканасынын эмгек жамааты акционерлер-дин жалпы чогулушуна негиз | Келишим боюнча мэриянын талаптары | Негизги каражаттар | Башка процедура-лар |
1 | Ноокат шаар мэриясы тарабынан | Ош областык мүлк фондунун буйругуна негиз 78,855% акция 0 сом акысыз мэриянын балансына өткөрүлүп берилген “Ноокат коммунальщик” АК коомунун эсебинен
| 7921 даана ар бир акция 50 сомдон | 396050 сом | “Ноокат коммунальщик” АК коому, Ноокат шаарына, мектеп- балдар бакчаларына, шаар элине тендер аркылуу келишим менен акча которуп берүү | Чогулуштун токтомуна негиз эмгек жамаатына бөлүп берүү | Сатып алынган акциялар Ноокат шаар мэриясынын эсебине банк аркылуу акча төлөө | “Ноокат коммуналь-щик” АК балансында турган негизги каражаттар, техникалар калтырылсын | “Ноокат коммуналь-щик” АК менен Ноокат шаар мэриясы-нын ортосунда келишим-дин негизинде жүргүзүлөт |
Ноокат шаар кеңешинин жооптуу катчысы: М.Ярматов