Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 17
Насиридин Исанов атындагы эс алуу багынын паспортун бекитүү жөнүндө
Насиридин Исанов атындагы эс алуу багынын паспортун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,17-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Насиридин Исанов атындагы эс алуу багынын паспорту бекитилсин.
(Паспорт тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2020-жылдын 16-июнундагы
V чакырылыш № XXXIV сессиясынын
№XXXIV-17 токтомуна №1 тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
НООКАТ РАЙОНУ
НООКАТ ШААР МЭРИЯСЫ
Насиридин Исанов
атындагы эс алуу багынын
ПАСПОРТУ
Мазмууну
1. Н.Исанов эс алуу багы жөнүндө жалпы маалымат 3
2. Тарыхый аныктама 5
3. Укуктук –юридикалык ырастоочу документтер 7
4. Парк зонасы: аймагы жана алардын курамы 11
5. Маданий массалык иш чаралар 15
6. Өзгөчө коргоо алынган жерлер жана чектөөлөр 23
КОЛДОНМОЛОР
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу жоболорду камтыйт. Алар:
КРнын Конститутциясы,
КРынын 1999-жылдын 16-июнундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө №53 Мыйзамы,
1999-жылдын 12-июнундагы «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Мыйзам;
1999-жылдын 16 июнундагы «Курчап турган чөйрөгө келтирилген таасирдин сереби жөнүндө[A1] » Мыйзам;
2011-жылдын 3-майындагы «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Мыйзам;
1999-жылдын 9 июнундагы «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» Мыйзам;
1999-жылдын 17-июнундагы «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Мыйзам;
Курчап турган чөйрөнү жана анын компоненттерин коргоо үчүн укуктук негиздерди орнотуучу башка ченемдик-укуктук актылар;
Атмосфералык абаны, суу обөекттерин, флоранын жана фаунанын түрлөрүн, топурактын жана жаратылыш ландшафттарын коргоо үчүн, ошондой эле 2000-жылдын 8-майындагы «Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыздоочу техникалык ченемдик-укуктук актылардын негиздери жөнүндө» Мыйзамда көрсөтүлгөн өндүрүштүк жана керектөө калдыктарынан тазалоо үчүн курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу боюнча атайы талаптар.
Б Е К И Т И Л Д И
Ноокат шаардык кенешинин 2020-жылдын “___”_________
№_________ токтому менен
Ноокат шаардык кенешинин төрагасы:
_________________А.Гафаров «_____»_____________ 2020-ж
Ош облусун Ноокат районунун Ноокат шаарына караштуу
Насиридин Исанов
атындагы эс алуу багынын
ПАСПОРТУ
________________________________________________________________________
МАКУЛДАШЫЛДЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ
Ноокат шаарынын мэри: Муниципалдык менчик
департаментинин директору:
_____________Ж.А. Нурдинов ______________Ж.А.Тиллаев
«_____»_____________ 2020-ж. «____»____________ 2020-ж
м.п. м.п.
Ноокат шаары
2020-жыл
№ | Н.Исанов атындагы эс алуу багы жөнүндө жалпы маалымат
| ||
1. | Юридикалык аталышы | Н. Исанов атындагы эс алуу багы | |
2. | Дареги | Ноокат шаары, Лутфуллаев көч 5. | |
3. | Уюшулган жылы | 2003-жыл | |
4. | Менчигинин түрү | Муниципалдык | |
5. | Кайсы мекеменин балансында турат | Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчик департаменти” | |
6. | Эски аталышы | “Жаштар эс алуу багы” | |
7. | Райондун борборунан алыстыгы | 200 м | |
8. | Облустун борборунан алыстыгы | 40 км | |
9. | Жакынкы аэропорттон алыстыгы | 50 км | |
10. | Деңиз денгээлинен бийиктиги | 1802 кв.м | |
11. | Темир жол станциясынан алыстыгы | 46 км | |
12 | Жер участогунун идентификациялык коду | 5-05-15-0020-0018 | |
13. | - жалпы жер аянты, | 8500 чарчы метр | |
14. | - спорттук аянтча, анын ичинен | 1 | |
15 | - оюн-зоок аянты, анын ичинен | 2 | |
16. | Жениш эслелиги, маданий масаалык иш чаралар өтүүчү жай | 1 | |
17. | - көп жылдык өсүмдүктөр |
| |
18. | - бак | 12м2 | |
19. | Эстеликтер | 18шт | |
20. | Олтургучтар | 14шт | |
21. | Боз үйлөр | 3 | |
22. | Сөрүлөр | 4 | |
23. | Таштанды таштоочу урналар | 18 | |
24. | Жарнамалык тактайчалар | 8 | |
25. | Электр энергия тармагы |
| |
26. | Жарык берүүчү каражаттардын саны | 32 плафон | 4 прожектор |
27. | Столбалардын саны | 16 | 4 |
28. |
|
|
|
29. |
|
|
|
30. |
|
|
|
Насиридин Исанов
атындагы эс алуу багынын штаттык курамы:
№ | Аты жөнү | кызматы | Телефону | Эскертүү |
1 |
| Кароол |
|
|
2 |
| Тазалоочу |
|
|
|
|
|
|
|
Тарыхый аныктама
Насиридин Исанов атындагы эс алуу багы Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан.
Ноокат шаар башкармалыгынын 2010-жылдын 26-апрелиндеги №69 токтому менен «Жаштар эс алуу паркы» ( эски аталышы ) мөөнөтсүз пайдалануу үчүн муниципалдык менчик башкармасынын балансына алынган. Кийинчээрек, Ноокаттын чыгаан уулу, Кыргыз Республикасынын туңгуч Примьер Министри Насиридин Исановун 70 жылдыгына карата анын ысымы берилип, парк толук реконструкциядан өткөрүлгөн.
Ошондой эле, 2016-жылы Туркия мамлекетинин ТИКА уюма тарабынан парктын күн батыш тарабына балдар үчүн атайын атракциондор жана тренажорлор курулуп, спорттук балдар аянтчасы ачылган.
КРнын Президентинин 2016-жыл “Кыргыз Республикасында тарых жана маданият жылына” карата паркка Манас эпосундагы каармандардын эстелиги жана атайын боз үй орнотулган.
Учурда парк төрт бөлүктөн: Балдар жана спорт аянтчасы, келишимдин негизинде жеке тараптар иштетип жаткан оюн-зоок аянтчасы жана ар кандай маданий иш чаралар өтүүчү “Жениш эстелиги” бөлүгү жана атайын корукка алынган бак-дарактар тигилген аянттан турат.
Укуктук – юридикалык ырастоочу документтер
Ноокат шаардык башкармасына мөөңөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жана муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин жана Ноокат шаар баш кармалыгынын токтому;
Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугун ырастоочу мамлекеттик акт;
Парк зонасы: аймагы жана алардын курамы
Учурда парк төрт бөлүктөн: (1) Балдар жана спорт аянтчасы, (2) келишимдин негизинде жеке тараптар иштетип жаткан оюн-зоок аянтчасы, (3) ар кандай маданий иш чаралар өтүүчү “Жениш эстелиги” бөлүгү жана (4) атайын бак-дарактар тигилген коруктан турат.
Маданий массалык иш чаралар
2013-жылдын 6-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине карата эстелигинин ачылыш аземине катышышты. Эстелик Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Н.Исанов атындагы Н.Исанов эс алуу багында тургузулду.
1- июнь “Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү”.
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги астында райондук денгээлде Ноокат шаарынын Н.Исанов эс алуу багында 1- июнь “Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү” белгиленет.
9-май -Улуу Жеңиш майрамы.
Жыл сайын өтүүчү өлбөс полкко 5000 миңдей адам катышып, шаар аралай жүрүшкө чыгышат. Андан соң Н.Исанов атындагы эс алуу багында өчпөс отко келип, Улуу Атамекендик согушта курман болгондорду эскерип, куран окутулуп, алардын эрдиги данкталат.
21-март -Элдик Нооруз майрамы.
Нооруз жылдын жаңырышынын, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин жана ынтымакты чыңдаган улуу майрам.
Улуу Жазуучу Чынгыз Айматовдун 90 жылдыгы
Чынгыз Айматовдун 90 жылдыгына карата залкар инсандын эстелиги орнотулду.
Ноокат шаарында Насиридин Исанов атындагы эс алуу багында социалисттик эмгектин баатыры Токтобай Атабаевдин эстелиги тургузулду. Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жылкыбаев Узарбек Казыевич, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Маматалиев Давранбек Маматалиевич, Ноокат шаарынын мэри Нурдинов Жоомарт Амадалиевич жана Ноокат районунун ардагерлер кенешинин төрагасы Абдибаит Тажибаев баш болгон, Ноокат районунун казысы, Токтобай Атабаевдин уул-неберелери коштогон жакын тааныштары катышты.
Өзгөчө коргоого алынган жерлер жана чектөөлөр .
Парктын атайын бак-дарактар тигилген коругу өзгөчө коргоого алынат. Парктын ал зонасында антропогендик физикалык зыяндуу таасирден жана башка ар кандай факторлордон коргоону камсыздоо максатында бак-дарактарды кыюуга, казууга жана башка зыян келтирүүгө тыю салынат. Аянтын кичирейтүүгө жол берилбейт.
Балдар ойноочу бөлүк акысыз түрдө иштейт,. Ал эми жеке тараптарга пайдаланууга берилген бөлүк келишимдин негизинде пайдаланууга берилет. Муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу максатында келишимдин мөөнөтү 3 жылдан, ал эми жаны технологияларды алып кирип, парктын шарттарын жакшыртууга инвестиция жасаган учурда 5 жылдан ашпоого тийиш.
Келишимдин долбоору Муниципалдык менчик департаменти тарабынан даярдалып, Ноокат шаар мэриясы тарабынан макулдашылып, Ноокат шаардык кеңешине бекитүүгө жөнөтүлөт.
Келишимдин үлгүсү Конкурс өткөрүү боюнча кулактандрууга жана Жобого тиркелет.
Келишимдин шарттары пайдалануучунун сунушу менен жакшыртылууга жатат.