Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты №194/39-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы жөнүндө
Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылга карата иш планынын долбоорун талкуулап чыгып, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин. (тиркелет)
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин иш планын аткарууну камсыз кылуу шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |
Кара-Көл шаардык кеңешинин
10.03.2020-жылдагы
XXXIX сессиясынын
194/39-7 токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылга иш планы
№ п/п | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Аткаруучулар |
1 | Кара-Көл шаардык кеңешинин 2020-жылга иш планы жөнүндө | 1 квартал | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин аппараты |
2 | Кара-Көл шаарын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын , стратегиялык пландын 2019-жылда аткарылышы жана 2019-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин отчету | I квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары , шаардык кеңештин аппараты |
3 | Кара-Көл шаардык ММБнын 2019-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча отчету жөнүндө | I квартал | Муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
4 | Кара-Көл шаардык бюджеттин 2019-жылдагы такталган планын жана аткарылышын бекитүү жөнүндө | I квартал | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
5 | Шаардык бюджеттин 2019-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө | I квартал | Шаардык мэрия , шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
6 | Кара-Көл шаарынын 2020-жылга шаардык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө | I квартал | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты
|
7 | Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету | I квартал | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
8 | Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга иш планы жана бюджети жөнүндө | I квартал | Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт комитети, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы , шаардык кеңештин аппараты |
9 | Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2019-2020- окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө маалыматы | II квартал | Шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
10 | Коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө ШИИБнүн маалыматы | II квартал | ШИИБү, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
11
| Кара-Көл шаардык жаштар иштери, дене -тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы | II квартал | Кара-Көл шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмү , шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
12 | Кара-Көл шаардык өспүрүм балдар спорт мектебинин ( ДЮСШ) 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы | II квартал | Шаардык өспүрүм балдар спорт мектеби, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
13 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы | II квартал | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
14 | КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгынын 2018- 2019-жылда Кара-Көл шаарындагы курулуштар боюнча жана шаардын экологиялык абалы жөнүндө маалыматы |
II квартал | КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгы, өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
15 | Кара-Көл шаарынын 2020-2021-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө 1 вице- мэрдин маалыматы жөнүндө | IV квартал | Кара-Көл шаарынын 1- вице мэри, КИКнын башчысы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Кара-Көл РЭТИ ,шаардык кеңештин аппараты |
16 | Кара-Көл шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланышы,шаарды социалдык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 2019-жылдын 9 айында аткарылышы жөнүндө маалыматы | IV квартал | Шаардык мэрия , шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
17 | Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2019-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы | IV квартал | ЖДПБнын башкы врачы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
18 | Шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету | IV квартал | Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
19 | “ Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл филиалынын 2019-жылдын акыркы кварталында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы | IV квартал | Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
20 | Кара-Көл шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын 2019-жылдын акыркы кварталдында жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы | IV квартал | Кара-Көл шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
21 | Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2019-жылда жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө отчету | квартал | Кара-Көл шаардык аксакалдар соту, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы , шаардык кеңештин аппараты |
22 | Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2019-жылда жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө отчету | IV квартал | Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы , шаардык кеңештин аппараты |
23 | Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин 2019-жылда жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө отчету | IV квартал | Кара-Көл шаардык жаштар кеңеши, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы , шаардык кеңештин аппараты |
24 | Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңешинин 2019-жылда жана 2020-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө малыматы | IV квартал | Кара-Көл шаардык аксакалдар кеңеши, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы , шаардык кеңештин аппараты |
25 | Соцалдык өнүгүү башкармалыгынын 2019-жылда аткарган иштери боюнча 1 жылдык маалыматы | IV квартал
| Социалдык өнүгүү башкармалыгы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
Эскертме: Өзүнүн актуалдуулугун жоготкон маселелер сессиянын күн тартибинен алынып салынат жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын чечими менен сунушталган маселелер сессиянын күн тартибине киргизилет. Кара-Көл шаарынын эпидемиологиялык абалына , шартына жараша маселелерди кароону кийинки кварталга жылдыруу укугу шаардык кеңештин төрагасына берилет. Шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин аппараты шаарда болуп жаткан ар кандай иш -чараларга, ишембиликтерге активдүү катышат.
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси К.И.Нурматова