Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-августу № 3
Нарын шаардык Кеңешинин 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана туруктуу комиссиялардын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин 2021-жылдын экинчи жарым жылдык иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (иш план тиркелет).
2. Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата Нарын шаардык Кеңешинин иш планы
№ | Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы,туруктуу комиссиялардын отурумдары | Өткөрүү мөөнөтү,убагы | Каралуучу маселелер боюнча өткөрүлчү иш пландын мазмууну | Маселеге жооптуу адам,аткаруучу,мекеме-ишканалардын жетекчилери | Маселеге жооптуу шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы | Жыйынтыгы | Жарандардын ЖӨБга катышуусунун формалары(ЖӨБ жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 7-беренеси |
III КВАРТАЛ
1.“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “ Мыйзамдын 44-беренесинин 8-бөлүмчөсүнө ылайык Нарын шаарынын мэринин 6 айлык отчету (Нарын шаарынын мэри С.Болотбеков жооптуу). Кошумча: Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн жыйынтыгы боюнча КРнын финансы министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын башчысынын отчету (башкармалыктын башчысы Ж.Урустемов жооптуу)
1.1 | Нарын шаардык Кенешинин сессиясы | Июль айы | 2021-жылдын январь айынан июнь айына чейинки мезгилдердеги аймактык финансы башкармалыгынын, шаардык салык башкармалыгынын,билим берүү тармагынын, жана жалпы муниципалдык мекеме-ишканалардын аткарган иштери боюнча маалымат. Тиешелүү туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү. | Шаардык мэрия, мекеме-ишканалардын жетекчилери,башкармалыктын башчылары. Шаардык мэрия алдын –ала маалымат беришет,кагаз жүзүндө.
| Бюджет, муниципалдык менчик жер боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары. Кеңештин жооптуу катчысы,башкы адиси.Туруктуу комиссиялардын отурумунун жыйынтыгы м/н токтомдун долбоорун шаардык Кеңештин сессиясына сунуштайт. | Шаардык мэриянын алып барып жаткан иштеринин жыйынтыгын кароо, мурунку жылга салыштырмалуу өзгөрүүлөрдү байкоо,анализдөө.Бөлүмдөрдүн иштеринен жыйынтык чыгаруу. Жергиликтүү бюджеттин абалын аныктоо,салык жыйымдарынын чогулушун анализдөө,мекеме-ишканалардын жетекчилеринин алып барып жаткан иштеринин натыйжасын кароо. | Коомчулуктун, жарандардын, коомдук уюмдардын,демилгелүү топтордун өкүлдөрүнүн жана маселеге кызыкдар тараптардын ачык сессияга, жолугушууларга катышуусу. Сессия өткөрүү,токтомдун долбоорун бекитүү. Расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү.
|
2. Нарын шаардык суу-канал ишканасынын алып барып жаткан иштери жөнүндө. Ишкананын ишмердүүлүгү.Мекеме жетекчинин 2021-жылдын 6 айына карата отчету.
2.1 | Нарын шаардык Кенешинин сессиясы | Август айы | 2021-жылдын январь айынан июнь айына чейинки мезгилдердеги Нарын суу-канал ишканасынын аткарган иштери,сууга карата болгон абоненттерден чогулган акча каражаттары жана калкты таза суу менен камсыз кылуудагы ишкананын жүргүзгөн иштери боюнча маалымат. Тиешелүү туруктуу комиссиялардын отурумун өткөрүү. | Шаардык мэрия, суу-канал ишканаласынын жетекчиси, Шаардык мэрия алдын –ала маалымат беришет,кат жүзүндө.
| Муниципалдык менчик жер,турак жай,коммуналдык тейлөө,архитектура-курулуш,отун энергетикасы,транспорт,экология боюнча туруктуу комиссиясы. Кеңештин жооптуу катчысы,адистери. Туруктуу комиссиялардын отурумунун жыйынтыгы менен токтомдун долбоорун шаардык Кеңештин сессиясына сунуштайт. | Шаар калкынын таза сууга болгон жыйымдарынын чогулушун анализдөө,мурунку жылга салыштырмалуу кароо,ишкананын ишине анализ берүү, жетекчинин алып барып жаткан иштеринин натыйжасы,баа берүү.Шаар калкынын таза суу ,канализация менен камсыз болуусунун жыйынтыгы.
| Коомчулуктун, жарандардын, коомдук уюмдардын,демилгелүү топтордун өкүлдөрүнүн жана маселеге кызыкдар тараптардын ачык сессияга, жолугушууларга катышуусу. Сессия өткөрүү,токтомдун долбоорун бекитүү. Расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү. |
3. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча
3.1 | Депутаттык иш,ардагерлер, жаштар саясаты,наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму Шаардык Кеңештин сессиясы | Август айы | Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү”Жобого ылайык тапшырылган сунуштардын негизинде тиешелүү туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, 7 адамдын талапкерлиги шаардык Кеңештин сессиясына сунушталат. | Туруктуу комиссия, башкы адис, шаардык мэрия | Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлиги сунушталган 7 адамдын тизмесин жана алар жөнүндө жалпы малыматты камтыган токтомдун долбоору сессиянын кароосуна коюлуп, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болгондон кийин, токтом кабыл алынат. | Сессиянын токтомунун негизинде Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган жарандарга атайын төш белги,күбөлүк жана сертификаттар даярдалып, тапшырылат. | Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү |
4.Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюна муниципалдык ишканаларынын алып барып жаткан иштери жөнүндө
4.1 | Муниципалдык менчик жер,турак жай,коммуналдык тейлөө,архитектура-курулуш,отун энергетикасы,транспорт,экология боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму
| Сентябрь айы | Тиешелүү туруктуу комиссия жеринде барып карап,мониторинг жүргүзүү менен отурум өткөрүшөт. Отурумдун жыйынтыгы менен сессияга сунушталат. | Туруктуу комиссия,жооптуу катчы, жетектөөчү адис, шаардык мэрия,мекеме-ишкана жетекчилери | Ишканалардын ишмердүүлүгү,таштандыга болгон карыздардын чогулушу,жумушчулардын ден соолугуна кам көрүү, инвентаризациянын жүргүзүлүшү,жарандарга бөлүнүп берилип жаткан жер тилкелеринин мыйзамдуулугу,кезекте тургандардын кезектүүлүктү сактоосу, ижара акыларынын, жыйымдарынын чогулушу,тендерлердин туура өткөрүлүшү, жолбун ит,мышыктарды атуу боюнча иш алып баруунун жыйынтыгы,жергиликтүү бюджеттен берилген акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы боюнча мекеме-ишкананын жетекчилеринин отчету.Жылдын “Мыкты чөлкөмү”конкурсун өткөрүүгө шаардык мэрияга тапшырма берүү. | Сессиянын токтом долбоорун бекитүү.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө | Коомчулуктун, жарандардын, коомдук уюмдардын,демилгелүү топтордун өкүлдөрүнүн жана маселеге кызыкдар тараптардын ачык сессияга, жолугушууларга катышуусу. Сессия өткөрүү,токтомдун долбоорун бекитүү. Расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү |
5. Нарын шаарында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү боюна Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн алып барып жаткан иштери жөнүндө
5.1 | Мыйзамдуулук,укук тартиби, Регламент, мандат, этика,коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму | Октябрь айы | Мыйзамдуулук,укук тартиби, Регламент, мандат, этика,коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясы жеринде барып,танышып,жыйынтыгы менен отурум өткөрүп, сессиянын күн тартибине сунуш кылышат. | Туруктуу комиссия,шаардык мэрия,Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы. | Кылмыштуулукту алдын алуу, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коррупцияны болтурбоо, бөгөт коюу,өткөрүлгөн иш чаралардын жыйынтыгын аныктоо боюна Нарын ШИИБнин начальнигинин отчету | Сессиянын токтом долбоорун бекитүү.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө.
| Коомчулуктун, жарандардын, коомдук уюмдардын,демилгелүү топтордун өкүлдөрүнүн жана маселеге кызыкдар тараптардын ачык сессияга, жолугушууларга катышуусу. Сессия өткөрүү,токтомдун долбоорун бекитүү. Расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү |
6. Нарын шаарындагы китепканалардын ал-акыбалы, жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
6.1 | Социалдык ,билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму | Октябрь айы | Социалдык ,билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы жеринде карап,таанышып комиссиянын жыйынтыгы менен шаардык Кеңештин сессиясына сунуштайт | Туруктуу комиссия,шаардык мэрия,Кенештин башкы адиси | Шаардык китепканалардын ал-акыбалы,ишмердүүлүгү,коомчулуктун китепке тартылуусу, китеп менен камсыз болуусу,газета-журналдардын жеткиликтүүлүгү,тейлөө,шарты боюнча китепкананын директорунун отчету угулат. | Сессиянын токтом долбоорун бекитүү. | Сессия өткөрүү,токтомдун долбоорун бекитүү. Расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү |
7. Нарын шаарынын 2021-2022-жылдарда кышка карата даярдыктарды көрүү,шаардык мэриянын жана тармактык бөлүмдөрүнүн кышка карата жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
7.1 | Муниципалдык менчик жер,турак жай,коммуналдык тейлөө,архитектура-курулуш,отун энергетикасы,транспорт,экология боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму
| Октябрь-ноябрь | Нарын жылуулук берүү ишканасынын ,суу –канал ишканасынын, шаардык электр тармактар ишканасынын, кыш мезгилинде метептердин,бала бакчалардын жылуулук системалары,электр энергиясы менен камсыз болууда толук даярдыктар көрүлгөнбү,үзгүлттүккө учурабайбы,шаар элин көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүр тартып келүү маселесин жеринде кароо | Шаардык мэрия,тиешелүү мекеме жетекчилер | Сессиянын токтомуна жзуу, аткарылбаган иштерге чара корүү боюнча шаардык мэрияга сунуш берүү, кемчиликтерди тактоо ирээтинде иш алып барууга шаардык мэрияга тапшырмаларды берүү.Сессиянын токтомун алымча-кошумчасы менен кабыл алуу.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө. | Токтом долбоорун бекитүү | Коомчулуктун, жарандардын, коомдук уюмдардын,демилгелүү топтордун өкүлдөрүнүн жана маселеге кызыкдар тараптардын ачык сессияга, жолугушууларга катышуусу. Сессия өткөрүү,токтомдун долбоорун бекитүү. Расмий сайтка жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү |
8.КРнын Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамынын 16-беренесине ылайык депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусун уюштуруу
8.1 | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы фракциялар | Декабрь айы | Депутаттардын жыл ичинде алып барган иштери, наказдарынын аткарылышы | Шаардык Кенештин төрагасы,фракция лидерлери,аппараты | Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчету | Жылдын жыйынтыгын чыгаруу, “Жылдын мыкты депутаты” номинациясына сунуштоо | Жарандардан келип түшкөн арыз даттануулар боюнча маселелердин топтому, жыйынтыгы, аткарылган иштердин көлөмү |
Нарын шаардык Кенешинин
жооптуу катчысы А.Абдыкеримов