Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 98
Ак-Жар айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун жобосун бекитүү боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XХVI кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун жобосун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын №2 коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жобосу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн2015-жылдын 27-октябрындагы №747 токтомуна ылайык бекитилсин.
2. Ак-Жар айылдык №2 (КААБ)дын курамы (тиркеме тиркелет) бекитилсин жана КААБдын төрагасы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, катчысы айыл өкмөтүнүн маалымат алмашуу коомдук кырдаалды жөнгө салуу жана алдын алуу боюнча адиске милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо КААБ менен биргеликте иш алып баруу айыл өкмөтүнүн маалымат алмашуу коомдук кырдаалды жөнгө салуу жана алдын алуу боюнча адиси Э.Бактыбекова милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |