КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы
2019-жылдын 23-декабры №49/3
КРнын Өкмөтүнүн 3.12.2019жылдагы №458-р буйругунун негизинде Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке кирешенин өсүшүн100%ден 110% чейин камсыз кылгандыгы үчүн стимул(дем берүүчү) катары Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 416,7(төрт жүз он алты миң жети жүз) сомдук акча каражатын бөлүнүшүн кароо жөнүндө
КРнын Өкмөтүнүн 3.12.2019жылдагы №458-р буйругунун негизинде Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке кирешенин өсүшүн100%ден 110% чейин камсыз кылгандыгы үчүн стимул(дем берүүчү) катары Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 416,7(төрт жүз он алты миң жети жүз) сомдукакча каражатын карап депутаттардын Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине бюджеттин киреше жагынын өсүшүнө салым кошкондугу үчүн стимул(дем берүүчү) максаттуу трансферттен, айлык катары эмгек акы жана соц фондго чегерүүсү менен 416,7(төрт жүз он алты миң жети жүз) сомдук акча каражатын жумшалсын.
Бөлүнгөн акча каражатын жогорудагыдай бөлүнүштө бюджеттин планына киргизип берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кочкор районундагы башкармалыгынан суралсын.
Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго жана ФЭБнүн башчысы Г.Калыковага милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |