Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-марты № 2-2
Ат-Башы айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 26-июнундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» токтомунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ат-Башы айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат оруну айыл өкмөттүн штаттык структурасына кошумча штат катары бекитилсин;
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордуна конкурстук тандоону мыйзам чегинде өткөрүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын эмгек акысын мыйзам чегинде эсептеп төлөп берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Т. Жусубалиевге жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | Т. Ыдырысов |