Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 1
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында «Казыбек - Жаңыкүч -Тазалык» муниципалдык ишкана ачуу жана Уставын бекитүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагында коммуналдык чарба «Казыбек-Жаңыкүч-Тазалык» муниципалдык ишканасын уюштуруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдун билдирүүсүн угуп ,ишкананын Уставынын долбоору менен таанышып жана талкуулап, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл өкмөтүнүн алдында коммуналдык чарба “Казыбек- Жаңыкүч - Тазалык” муниципалдык ишканасы уюштурулсун.
2. Казыбек айыл аймагында коммуналдык чарба “Казыбек - Жаңыкүч- Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. “Казыбек- Жаңыкүч- Тазалык” муниципалдык ишканасы өзүн-өзү каржылоосу менен Казыбек айыл аймагында толук кандуу иш жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4. “Казыбек – Жаңыкүч - Тазалык ” муниципалдык ишканасынын Уставын Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп, мөөр, штамптарын даярдатуу,банктан эсеп ачуу иш кагаздарын мыйзамдаштыруу ишкананын жетекчиси К.Ү.Океевге жүктөлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Казыбек айыл аймагынын расмий Kazybek.org.kg веб- сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомду көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго жүктөлсүн.
Төрага | Д. Кайыпов |