Загрузка документа…
| Казыбек айылдык кеңешинин 8- шайланышынын 6-кезектүү сессиясынын 12-декабрь 2019-жылдагы № 1 токтому менен бекитилди |
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Казыбек- Жаңыкүч - Тазалык” муниципалдык ишканасынын УСТАВЫ
1.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1 Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана “Казыбек-Жаңыкүч- Тазалык” муниципалдык ишканасынын (мындан ары -ишкана) иш-аракеттерин регламентейт.
1.2 Казыбек айыл өкмөтү ишкананын уюмдаштыруучусу болуп саналат.Ишкана Казыбек айыл өкмөтүнө түздөн-түз баш ийет.
1.3 Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Казыбек-Жаңыкүч-Тазалык” муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде: Мниципальное предприятие: “Казыбек-Джаныкуч-Тазалык”.
1.4.Ишкананын юридикалык дареги:Кыргыз Республикасы,Нарын облусу,Ат-Башы району,Казыбек айылы, Абдалы у.К.көчөсү №22
1.5 Ишкана өз аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын,Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин,жергиликтүү кеңештин,айыл өкмөттүн актыларын,ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
1.6 Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, ишкананын уюштуруу укуктук формасында иш жүргүзгөн (коммерциялык уюм), юридикалык жак болуп саналат.
1.7 Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
1.8 Ишкана мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган өз аталышы бар мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга жана башка атрибуттарга ээ.
2.ИШКАНАНЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ФУНКЦИЯЛАРЫ
2.1 Ишкананын негизги милдети айылдардын санитардык тазалоо боюнча коммуналдык тейлөө жүргүзүү, тышкы көрктөндүрүү обьектилерин ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу болуп саналат.
2.2 Ишканага жүктөлгөн милдетти ишке ашыруу үчүн төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:
2.2.1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, жергиликтүү бюджеттен каржыланган төмөнкүдөй иштердин түрлөрүн аткарат:
- Айылдын көчөлөрүн,жолдун жээк бөлүктөрүн,тротуарлардын, парк скверлердин, аянттарды санитардык тазалоо,көчө шыпырындыларын чыгаруу жана көмүү;
- Айыл аймагынын көк майсандарды,бадал тосмолорду жана ирригациялык тармактарды тийиштүү күтүү, кароо жана коруу;
- Отургучтарды жана урналарды күтүү жана оңдоо (коомдук аялдамаларда жайгашкан отургучтардан жана урналарды);
- Тарыхый жана маданий эсетиликтерди күтүү жана кармоо;
- Аянттарды жана көчөлөрдү майрамдык иш чараларга даярдоо;
- Кыш мезгилинде көчө-жол тармактарын күтүү(жол тайгакка каршы чаралар);
- Көчөлөрдү жана аянттарды жууп тазалоо; өтмөктөрдү, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерди,көпүрөлөрдү,коомдук транспорт токтоочу аялдамаларды санитардык тазалоо;
- Таштанды чогултчу жайларды аныктоо жана аларды чыгарып турууну дайыма жүзөгө ашыруу;
- Жолбун иттерди жана мышыктарды атуу учурунда көмөктөшүү,жаныбарлардын өлүктөрүн чогултуп,мал көмгөн жерлерге көмүү үчүн өткөрүп берүү;
- Урналарды,отургучтарды жана катуу тиричилик калдыктары үчүн контейнерлерди даярдоо;
- Капиталдык курулуш обьектилерин,жеңилдетилген типтеги жана конструкциялардагы обьектилерди демонтаждоо, бузуу;
- Казыбек айыл аймагына тиешелүү парк аянттарын жана аянтчаларында жайгашкан бак-дарактарды,гүлзарларды,клумбаларды,сугат суу түтүктөрүн, бадалдарды,бактарды санитардык тазалоо, күтүү жана кармоо;
- Казыбек айыл өкмөтүнүн протоколдук тапшырмаларынан тышкары башка жумуштар;
2.2.2 Жеке жана юридикалык жактарга келишимдин негизинде акы төлөнүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү,катуу тирчилик калдыктарын чогултуу,ташып чыгаруу жана көмүү кызматтарын көрсөтүү,анын ичинде ишкананын адистештирилген транспортунда же субподрядчылар тарабынан өзүнүн техникасын пайдалануусу менен транспорттук кызматтарды көрсөтүү келишими боюнча субподрядчы катары юридикалык жана жеке ишкерлерди ишке тартуу;
2.2.3 Жолбун жаныбарлардын өлүктөрүн жана экологиялык калдыктарды мал көмгөн жерге көмү.
2.2.4 Айыл аймагынын санкцияланган таштандылар участогун күтүү жана калыбына келтирүү.
2.2.5 Ишкананын өнүктүрүү боюнча жылдык жана келечектеги өндүрүштүк программаларды түзүү.
2.2.6 Кампа чарбасын уюштуруу, авто чарба күтүү.
2.3 Ишкана мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жана жергиликтүү кеңештин депутаттары белгиленген баалар жана тарифтер боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
3.ИШКАНАНЫН УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ
3.1 Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте коюлган милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү укуктарга ээ:
- чарба жүргүзүү укугунда өз мүлкүнө ээ болууга,аларга өз ишинин максаттарына жана мүлктүн арналышына ылайык ээлик кылууга жана пайдаланууга;
-өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга,милдеттерди алууга,сотто доогер жана жоопкер болууга, мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү түзүүгө;
-улуттук жана чет өлкөлүк валютада алып-бериш жана башка эсептерди ачууга;
-өзүнчө баланста эсептелген киреше алып келүүчү иш аракеттерди жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав тарабынан белгиленген тартипте кирешелерин өз алдынча тескөөгө жана мүлктөрдү сатып алууга;
-конкурстарга катышууга табыштамаларды берүүгө;
- катуу тиричилик калдыктарын чогултуу,ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө карата жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө,ошондой эле алардын аткарылышына сапатына эсептөө жана контролдоо жүргүзүүгө;
-ишкананын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууларды жана материалдарды мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте сатып алууга, анын ичинде чет өлкөдөн сатып алууга;
-ишкананын социалдык-тиричилик базасын кеңейтүүгө;
-болгон каражаттардын чегинде өз иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон жумуштарды жана кызматтарды жеке жана юридикалык жактардан кабыл алууга;
-келишимдер боюнча,ошондой эле жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн жана чарбалык иш-аракеттерден алынгн каражаттардын чегинде башка келишимдер боюнча юридикалык жана жеке жактарды субподрядчы катары катуу тиричилик калдыктарын жана көчө шыпырындыларын ташуу,шаардыык аймакты санитардык тазалоо,жолбун иттерди,мышыктарды атуу жана кармоо жумуштарына тартууга;
-мыйзамда белгиленген тартипте зайым жана насыя каражаттарын тартууга;
-штаттык расписаниени жана аны күтүүгө кеткен чыгымдарды бекитүүгө, ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жана сыйлык берүүнүн формасын жана системасын,чарбалык иш-аракеттер боюнча жумуштарды аткаруу үчүн техникалык жана социалдык өнүгүүгө багытталган каражаттардын өлчөмүн белгилөөгө;
-мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө,жаңы иш-аракеттердин түрлөрүн киргизүүгө;
-өзүнүн компетенциясынын чегинде юридикалык актыларды жана аракеттерди(бүтүмдөрдү) жасоого, келишимдерди түзүүгө.
3.2 Коммуналдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө илимий-практикалык программаларды жана иштемелерди жүзөгө ашыруучу эл аралык уюмдар ишкананын ишине инвестор аркылуу катыша алышат.
3.3 Уюмдаштыруучу тарабынан ишканада өндүрүштүн өз алдынча түрлөрү уюштурса, бул жумуштун түрүн координациялоо ишканага жүктөлөт.
3.4 Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн убактылуу эмгек келишиминин, мөөнөттүү эмгек келишиминин,башка жарандык укуктук келишимдердин негизинде жеке жактарды тартууга ишкананын укугу бар.
3.5 Ишкананын кызматкерлерин иштөө жана эс алуу шарттамасы,аларды социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын ченемдери жана ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
3.6 Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана мыйзамда белгиленген тартипте алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга;
- ишкананын милдеттүү камсыздандыруунун социалдык, медициналык жана башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
-өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
-тийиштүү органдарга отчетторду өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
3.7 Казыбек айыл өкмөтү ишкананын карыздары үчүн жооп бербейт. Ишкана Казыбек айыл өкмөтүнүн карыздары үчүн жооп бербейт.
3.8 Ишкана чарба жүргүзүү укугунда берилген өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү жеке менчик ээсинин уруксатысыз сатууга, ижарага берүүгө,күрөөгө коюуга,чарба жүргүзүүчү коомдордун жана шериктештердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же башка ыкма менен бул мүлктү тескөөгө укугу жок.
3.9 Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ишкананын Уставына каршы келбесе, менчик ээси менен макулдашуу боюнча ушул уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ боло алат.
4.ИШКАНАНЫ БАШКАРУУ
4.1 Ишкананын иш аракеттерин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Казыбек айыл өкмөтү жүргүзөт.
4.2 Казыбек айыл өкмөтү ишкананын иш-аракеттерине тийиштүү ар кандай маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
4.3 Жергиликтүү бюджеттен каржыланган жумуштарды аткаруу үчүн ишкананын кирешелеринин жана чыгашаларын сметасы,түзүмү жана штаттык саны Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
4.4 Ишкананы башкаруу Казыбек айыл өкмөтү тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор тарабынан жүзөгө ашырылат.
4.5 Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү боюнча Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы толук жоопкерчиликтүү болуп эсептелинет.
4.6 Ишкананын директору:
-Казыбек айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына отчет берет жана ишканын алдына коюлган милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
-Ишеним катсыз ишкананын атынан иш алып барат,бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда анын кызыкчылыгын көрсөтөт,келишимдерди түзөт,ишеним каттарды берет,алыш-бериш эсептерин ачат,банктык,финансылык документтерге жана келишимдерге кол коёт;
-Өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат,көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
-Ишкананын иш аракеттерин жетектөөнү жүзөгө ашырат;
-Ишкананын орун басарларынын, башкы бухгалтеринин, кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
-Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет.Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
-Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын кабыл алат;
-Мыйзамдар,рынок коньюнктурасы,эмгек шарттары ж.б. өзгөргөн учурларда Казыбек айыл өкмөтү бул Уставга оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
-Ишкананын жалпы иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик тартат;
-Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүргүзөт.
4.7 Ишкананын директору жана башкы бухгалтери ишкананын финансылык каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуу тууралыгы,максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик тартышат.
5.ИШКАНАНЫН МҮЛКҮ, ФИНАНСЫСЫ ЖАНА КИРЕШЕСИН БӨЛҮШТҮРҮҮ
5.1 Ишкананын мүлкү ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн ага бекитилет.
5.2 Ишкана тарабынан финансы-чарбалык ишмердиктин жана башка булактардын эсебинен курулган же сатып алынган мүлк муниципалдык менчикке түшөт жана чарба жүргүзүү укугунда ага бекитилет.
5.3 Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше жана пайда тиешелүү төлөмдөрдү төлөп бүткөндөн кийин толук ишкананын эсебинде калат жана Казыбек айылдык кеңештин чечиминин негизинде Ишкананын келээрки жылдагы оперативдик жана бюджеттик пландарына жана айылдык кеңештин чечимине ылайык Казыбек айыл аймагынын жергиликтүү маселелерине жумшалат.
5.4 Муниципалдык ишкананын мүлкү жана каражаттары төмөнкү иш чараларды аткарууга пайдаланып жана жумшалат:
- Ишкананын Уставдык максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысына;
-Ишкананын ишмердүүлүгүнө керектүү мүлктөрдү,каражаттарды ремонттоо
( күйүүчү май жана техникалык тетик), офистик жабдыктарды алууга.
ИШКАНАНЫН ЭСЕБИ, ПЛАНДАШТЫРУУСУ ЖАНА ОТЧЕТТУУЛУГУ
6.1 Ишкана иш-аракеттеринин өз алдынча иштеп чыккан пландарынын негизинде жүзөгө ашырат.
6.2 Ишкана жыл сайын келээрки жылга бюджетти иштеп чыгып, айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашат жана айыл өкмөткө бюджеттин планын берет.
6.3 Ишкана квартал сайын бюджеттин аткарлышы жөнүндө жана финансы чарбалык иштери жөнүндө айыл өкмөткө отчет берет.
6.4 Муницпалдык ишкана жыл сайын Казыбек айылдык кеңешке оперативдик жана бюджеттик планын аткаруу графигин жана мөөнөтүн бекиттирип турууга милдеттүү.
6.5 Бухгалтердик эсептердин финансылык документтердин,отчеттуулуктун башка формаларынын жүрүшү,берилиши үчүн муниципалдык ишкананын директору жооп берет.
7. ТАРИФТЕРДИН СТРУКТУРАСЫ
7.1 Жалпы айыл тургундарына жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү тарифтери муниципалдык ишкананын директору тарабынан түзүлүп,Казыбек айылдык кеңеши тарабынан монополия каршы саясат жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган соң бекитилет.
7.2 Кызмат көрсөтүү тарифтеринин өзүн толук актоо принципи менен аныкталып,актоо көлөмүнөн жогору аныкталышы керек.
8. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН УСТАВЫНА ӨЗГӨРТҮҮ ЖАНА ТОЛУКТОО КИРГИЗҮҮ,КАЙРА УЮШТУРУУ ЖАНА ЖОЮУ
8.1 Уставга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү Казыбек айылдык кеңешинин компетенциясына кирет.Уставга киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап күчүнө кирет.
8.2 Муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу (биригүү,кошулуу,бөлүнүү) Казыбек айылдык кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8.3 Муниципалдык ишкананын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин кайра уюштурууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде анын укук мураскорлоруна бүтөт.
8.4 Муниципалдык ишкана жоюлган учурда (соттун чечими жоюлудан тышкары) уюштуруучу атайын жоюу комиссиясы түзөт.Жоюу комиссия муниципалдык ишкананын жоюлуш шарттарын, мөөнөтүн аныктайт.
9. КОРУТУНДУ
9.1 Ушул Устав мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап күчүнө кирет.
9.2 Уставга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү Казыбек айылдык Кеңештин токтому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилет.
9.3 Ушул Уставдын жобосунун бөлүмчөлөрүнүн бир жараксыз болуп калса, анда ал башка жоболорго залал келтирилбейт.