Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 111
Сүлүктү шаарындагы автоунаа жүрүүчү негизги жолдун Бакыбек көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Сүлүктү шаарынын 2020-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин түрткү берүүчү (стимулирующий) грантына сунушталган Сүлүктү шаарындагы автоунаа жүрүүчү негизги жолдун Бакыбек көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна өздук салым 518340 (беш жүз он сегиз мин үч жүз кырк ) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануу үчүн 2020-жылдын бюджетине киргизилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К. Исмаилов |