Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXIV сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 112
Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуу системасын жана имараттын ички бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Сүлүктү шаарынын 2020-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин түрткү берүүчү (стимулирующий) грантына сунушталган Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуу системасын жана имараттын ички бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна өздук салым 460412 (төрт жүз алтымыш мин төрт жүз он эки ) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануу үчүн 2020-жылдын бюджетине киргизилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К. Исмаилов |