Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXIV сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 113
“Баластан” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Сүлүктү шаарынын 2020-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сулукту шаарынын 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин түрткү берүүчү (стимулирующий) грантына сунушталган “Баластан” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна өздук салым 493164 (төрт жүз токсон үч мин бир жүз алтымыш төрт ) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануу үчүн 2020-жылдын бюджетине киргизилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К. Исмаилов |