Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2019-жылдын 23-декабры №43
Бузуулар боюнча комис-сиянын курамын жана катчысын бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Маматалиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 14-ноябрындагы IV чакырылышынын XXI сессиясынын №106 токтомунун негизинде чыккан Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы буйругу менен түзүлгөн комиссиянын курамы иш алып барбаганына байланыштуу жоюлсун.
2. Бузуулар жөнүндөгү комиссия 11 адамдан турган курамда бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бузуулар боюнча комиссиянын катчысы болуп айыл өкмөттүн стат-экономисти Мирадилов Махмудали Миркамилов көрсөтүлсүн жана бузуулар жөнүндөгү протоколдорду толтуруу жана керектүү жерге жеткизип каттатуу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы К. Маматалиевке тапшырылсын.
Төрага |
Ибраим уулу Т. |
| Бекитемин: Ак-Татыр айылдык кеӊешинин төрагасы ______________ Ибраим уулу Талантбек
|
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын VII кезексиз сессиясынын № 43-токтомуна
Т И Р К Е М Е
Бузуулар жөнүндө комиссиянын курамы:
1.Ысаков Санжар- айылдык кеӊештин депутаты
2.Жусупов Саатбек – айылдык кеӊештин депутаты
3.Үсөнов Абдикарим – айылдык кеӊештин депутаты
4.Ак-Татыр айылынын айыл башчысы
5.Рават айылынын айыл башчысы
6. Орто-Боз айылынын айыл башчысы
7.Мажитов Мурзакмат – айыл өкмөттүн жер адиси
8. Мирадилов Махмудали – айыл өкемөттүн стат – экономисти
9.Жамалов Нарзилла – Аксакалдар сотунун төрагасы
10.Милициянын аймактык тескөөчүсү
11. Мурзакулов Амирбек- ишкер.