Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27/116
Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62 Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын курамы 2018-жылда 2 жылга түзүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 05-ноябрындагы № 121 Мыйзамынын негизинде аймактык шайлоо комиссиялары беш жылга түзүлөт.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 05-ноябрындагы № 121 Мыйзамына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 13-декабрындагы №01-8/2290 катын, Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча материалдар менен таанышып, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамында №12 болуп турган талапкер Ахматова Күмүшай Кадамжай районунун Чавай айылынын жашоочусу болгондугуна байланыштуу, тизмеден чыгарылсын, калган 16 талапкерлер жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына сунушталсын (Сапаттык курам тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |