Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-декабры № 15/2
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн БУЗУУЛАР жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө ЖОБОну бекитүү тууралуу
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган “Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө ЖОБОну” карап талкуулап, айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо заседаниясынын 20.11.2018-жылдагы чечиминин негизинде Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн БУЗУУЛАР жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу ЖОБО бекитилсин. (ЖОБО тиркелет).
2.ЖОБОнун негизинде Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн БУЗУУЛАР жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн жакындан жардам берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |